Чүй облусунда балдар үйлөрү, жабык жана психиатриялык мекемелерди алдын алуу иштери катарында кыдыруудан кийинки брифингдин жыйынтыгы боюнча ПРЕСС-РЕЛИЗ
Ноя 06.2020КРнын Акыйкатчы институту, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борбору, ошондой эле, “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймыл ортосунда түзүлгөн Кызматташуу боюнча келишимдин алкагында Чүй облусунда алдын алуу иштери катары балдар үйлөрү, жабык жана психиатриялык мекемелер байкоодон өткөн. Аларды кыдыруудан сон жыйынтык чыгарылып, тиешелүү отчет 2020-жылдын 28-октябрында саат 10:30да өткөн брифингде коомчулукка тартууланды.
Коронавирустун пандемиясы маалында балдар үйлөрү, жабык жана психиатриялык мекемелерде адам укуктарын коргоо өзгөчө мааниге ээ болот. Себеби, аларда кармалган жарандар көпчүлүк учурда көнүл жаздымда калып, өз укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү солгундайт. Андыктан эксперттер тобу менен алдын алуу иштери катары мекемелерди кыдыруу – жабык мекемелерде адам укугу үстөмдүгүн орнотууга көмөктөшүүдө новатордук ыкма болуп эсептелет.
Нельсон Манделанын Жобосуна ылайык түрмөлөрдө адамдарга кам көрүүнүн эквиваленттүүлүгү
- Туткундарга мамиле жасоонун Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун минималдык стандарттарына ылайык (Нельсон Манделанын Жобосу): “Туткундарды медициналык-санитардык жактан тейлөө – мамлекеттин милдети. Туткундар медициналык-санитардык тейлөө менен коомдо жашаган стандарттарынан кем болбогон денгээлде камсыздалышы керек жана медициналык-санитардык кызматтар алардын укуктук макамына карабай, эч кемсинтүүсүз, акысыз берилиши керек”.
- Буга байланыштуу, жабык мекемелерде адамдарда COVID-19га шектенүү пайда болгондо же алардын жуктуруусу ырасталса, атайын чукул медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. Мекемелердин администрациялары Нельсон Манделанын Жобосуна ылайык коомдук саламаттыкты сактоо кызматтары жана медициналык кызматтарды көрсөтүүчү башка уюмдар менен тыгыз байланыш түзүүсү шарт. COVID-19дун өзгөчө коркунучтарын эске алып, мөөнөттөн эрте бошотуу программасында түрмөдөгү карылар же оорулуулар артыкчылык алуучулардын катарында болушу керек.
Ошол эле учурда, кыдыруунун жүрүшүндө камера тибиндеги мекемелерде соттолгондор ковид симптомдор көп болгонун билдиришкен. Бардык оорулуулар №47 колониянын ооруканасына жаткырылып, ал жерде жалпы жолунан ооруканадан сырткары пневмониянын женил жана орто-оор формасынын 1000ден ашык учурлары болгон. ЖАМКнын расмий статистикасынын жана алдын алуу тобунун чогулткан маалыматынын ортосундагы айырмачылык ПЦР-тестти тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоктугуна же ал өткөрүлбөгөнүнө байланыштуу. Июлда №47 түзөтүү колониясында укук коргоочу Азимжан Аскаров көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби жөнүндө тергөө дале ачык-айкын жооп бере элек.
Меджардам жана медкызматтар. Ковиддун симптомдору пайда болгон учурда туткундарга ПЦР тестти тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Бардык мекемелерде ооруп чыкан персонал жана соттолгондор боюнча маалыматты каттап, ырасталбаган Ковид үчүн U-07.2 код-шифрди колдонуу шарт.
Медициналык жардам алууга жол ачуу үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасы же ММК Кошумча пакет аркылуу негизги медициналык кызматтарды алуунун ордун толтуруу боюнча механизмди колдонуу керек, өзгөчө, стоматологиялык жардам алууда.
Ооруканалар үчүн дары-дармек сатып алуулардын ревизиясын жүргүзүп, тастыталбаган препараттарды мамлекеттик сатып алуулардан жана колдонуудан чыгарып салуу керек.
Вакцинация. Психиатриялык ооруканаларда адамдардын массалык эмдөөсү алардын ден-соолугуна кокрунучтуу жана Конституцияга каршы келет. Белгилеп кетсек, КРнын Конституциясынын 3-бөл. 22-беренесине ылайык, адамдардын ыктыярдуу уруксаты жок алардын үстүндө медициналык жана биологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
Медперсонал. Медиктер КРнын ССМнин протоколдору боюнча жана клиникалык жоболор/клиникалык протоколдор (КЖ/КП) боюнча иштешпейт (билишпейт, кароого мүмкүнчүлүгү жок, жайылтылган эмес, окутуулар болгон эмес). Анын ортосунда, мекемелерде тармактык медиктер жетишсиз. Даарылоо КЖ/КП боюнча өтпөйт. Психоневрологиялык стационарларда дарыгерлердин дегеле психиатрия боюнча жаны КЖ/КП жөнүндө кабары жок.
Компенсациялык акылар. Коронавирус пандемиясы маалында иштеген медиктерге жөлөк пулдарды жана сыйлыктарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл (КРӨА, ММКФ, ССМ, ЖАМК, ЭСӨМ ж.б.).
Мамлекеттер соттолгондорду чукул арада бошотууга жол ачуучу План иштеп чыгышы керек
- Мамлекеттер соттолгондорду чукул арада бошотууга мүмкүнчүлүк берүчү План иштеп чыгышы керек. Эн жогорку тобокелге кабылуучу адамдар, анын ичинде психикалык жана физикалык оорулар менен жабыркагандар эркиндикке чыгуу үчүн кезекте биринчилерден турушу керек. Мындай нерсе түрмөлөрдө COVID-19дун жайылуу кесепетин алдын алып, негизги медициналык кызматтарды көрсөтүүдө жүк келүүнү азайтат.
- Буга байланыштуу, БУУнун минималдык стандарттык жоболоруна ылайык түрмөдө кармоого карата Альтернатива камсыздоо зарыл (Токио эрежелери). Токио эрежелерине ылайык: “Мыйзам бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша, мыйзам бузуучунун өздүгүнө жана өмүр баянына, ошондой эле, коомду коргоо кызыкчылыгына жараша көбүрөөк ийкемдүүлүктү камсыздоо үчүн жана түрмөдө негизсиз кармоону алдын алуу үчүн, кылмыш сот акыйкаты сотко чейинки жана соттон кийинки чараларды камтуучу чаралардын башка кенири түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек”.
Түрмөлөрдө жашоого укук коркунучта болууда. БУУнун принциптерине жана PRI сунуштарына ылайык Ковид менен күрөшүүнү камтыган Чукул кырдаал шартындагы Улуттук планды иштеп чыгуу. Эски ыкмаларды жана коррупцияны жоюу менен алтернативаларды сунуштоо. Түрмөлөргө жүк келүүнү азайтуу.
Бул чараларды Токио эрежелерине шайкеш келүүчү, анын ичинде кары жана өзгөчө муктаждыктар менен соттолгондорго карата колдонуу зарыл. Маселен, №2ТКда онкологиялык дартка чалдыккан үч аял (Ш.Н. Х.М. С.А.) жана онкологияга шек менен бир аял (Ж.О.) жана өмүрүнө коркунуч жаратуучу курч жүрөк-кан тамыр жана нерв ооруларына чалдыгып, инсульт болгон М.Р. аныкталган.
Тышкы дүйнө менен байланыш
- Тышкы дүйнө менен бардык чектелөөлөр, анын ичинде убакыт боюнча чектөөлөр пропорцияналдуу болуп, дискриминациялык болбошу шарт. Изоляциялык жана карантиндык чаралар ченем жактан шайкеш келип, мыйзам тараптан жактырылып, иш жүзүндө жалгыз бөлүп кармоого алып келбеши керек.
Карантин маалында жолугушууларга тыюу салынган, ал эми августтан тарта соттолгондордун туугандары ПЦР-тесттен өткөндүгүн тастыктоочу маалымкатты көрсөтүү менен гана жолугушууларга уруксат алышкан.. Соттолгондор ооруп калган учурда алардын жакындары бул тууралуу кабардар болгон эмес, ал эми телефон чалууларга уруксат, тиешелүү укукка ылайык гана берилип турган. Сот жактоочулар менен дагы жолугушуулар ПЦР-тесттен өткөндөн кийин гана мүмкүн болгон. Ошол эле кезде тергөчүлөр жана прокуратура кызматкерлери үчүн бул эреже тараган эмес.
Мекемелердин баары карантин маалына жана андан кийинки мезгилге соттолгондордун туугандары менен байланыштын альтернативалык түрүн жөнгө салышы керек (уюлдук байланыш, вотцап, скайп ж.б.)
Мамлекет мониторинг органдарына түрмөлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүнө кепилдик бериши керек (тышкы инспекцияларга)
Акыйкатчы институту жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрүнөн турган алдын алуу жумушчу тобунан түрмөлөргө кирүү үчүн ПЦР тест таалп кылынган. Андан улам эксперттердин мандаты чектелип, адам укуктарынын бузулуу коркунучу өскөн.
Жабык мекемелерде кыйноолор жана ырайымсыз мамиле көрсөтүү фактылары боюнча иликтөө жүргүзүү, кармоо стандарттарына жооп бербеген айып изолтяорун (ЩИЗО) жаап салуу.
Психиатриялык мекемелерде бейтаптардын жана балдар үйлөрүндө тарбиялануучулардын укуктарын коргоо боюнча сунуштар
- Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү министрлиги дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялык каражаттар менен тынымсыз камыздалышына көз салышы шарт
- Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка тиешелүү органдар социалдык мекемелерде, өзгөчө балдар үйлөрүндө тамактануунун нормасын, сапатын, көлөмүн жана түрлөрүн кайра карап чыгышы шарт;
- Жаны Клиникалык сунуштар/Клиникалык протоколдорго ылайык ден-соолугунун абалына жараша майыптуулукту аныктоо, пенсияларды, жөлөк пулдарды, пробацияларды жана амнистияларды берүү үчүн диагноздордун коюлушун текшерип чыгуу. Бул иш-чараны туруктуу түрдө жүргүзүп туруу шарт.
- “Оберег” КУ жайгашкан жайды тартып алуунун мыйзамдуулугун текшерүү шарт.
Булактарга шилтемелер:
https://cdn.penalreform.org/wp-content/uploads/2020/03/Briefing-Coronavirus-_Russian.pdf
https://peacekeeping.un.org/ru/corrections
file:///C:/Users/User/Downloads/20-02217_Position_paper_RU.pdf
Алдын алуу иштери катары мекемелерди кыдыруу боюнча иш-аракет АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Документте чагылдырылган ой-пикирлер, корутундулар, жыйынтыктар жана сунуштар авторлордун пикирин билдирип, АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасынын позициясына дал келбеши мүмкүн.
|