Бир Дүйнө Кыргызстан укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунун 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолорду даярдоо
Окт 05.20205-октябрь, 2020
Бир Дүйнө Кыргызстан укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунун 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүгө шайлоолор убагында 0990 180300, 0990 180900, 0220 573847 ыкчам линиялары аркылуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо алкагындагы
АЛДЫН АЛА КОРУТУНДУСУ
Мониторингдин методикасы: жарандардын шайлоо укуктары боюнча шайлоого чейин, шайлоо убагында жана андан кийин укуктук кеңештерди берүү.
Бузуулар
Электоралдык коррупция: айрым саясий партиялар шайлоочулардын начар абалдарынан пайдаланып, шайлоочуларды ачык жана масштабдуу сатып алуу менен алектеништи. Постпандемия жакырчылыктын канчалык чоң экенин жана айласыздыкты көрсөттү, Бишкектин айланасындагы негизинен ички мигранттар жашаган жаңы конуштардагы көптөгөн үй-бүлөлөр, ошондой эле, аймактардагы тобокелдик зоналарында жашаган адамдар эптеп жан сактап келишет. Жыйынтыгында адамдар саясий партиялар сунуштаган нерселердин баарын алууга аргасыз болушту. Тилекке каршы, шайлоочулар менен 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого байланыштуу жаңы чакырыктарды жана пандемиянын тобокелдиктерин эсепке алуу менен жарандык билим берүүнүн масштабдуу программаларын эч ким дээрлик жүргүзгөн жок. Добуш сатууга каршы күрөшүүгө чакырган негизги институттар начар реакция кылышты, ал тургай реакция кылбай дагы коюшту.
Шайлоо процесси маалындагы негизи бузуулардын бири административдик ресурсту колдонуу жөнүндө купуя кабарлоолордун түшкөндүгү болду. Бул жөнүндө маалымат сурамжылоолордун жүрүшүндө айтылган, ошондой эле, маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы тараган. Анткени менен, кайрылгандар аталган учурлар жөнүндө ачык айтууга макулдук беришкен жок.
Парламенттик шайлоого катышкан саясий партияларга шайлоочулардын ишенбөөчүлүгү. Шайлоочулар шайлоого скептикалык мүнөзүндө мамиле кылышты, алардын негизги бөлүгү депутаттыкка талапкерлерге ишенишкен жок, андыктан, БААРЫНА КАРШЫ добуш берүүнү каалашты.
Кеңири таралган №2 форманы колдонуу узак кезек күтүүлөргө, добуштарды сатып алууларга, санитардык нормалардын сакталбашына, жеткирүүлөргө, шайлоочулардын нааразычылыгына ж. б. алып келди. Ошондой эле, КРнын Акыйкатчысы КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жарандарды шайлоо комиссияларынын участкаларында жарандарды №2 форма боюнча массалык каттоо учурларына ыкчам жана тыкыр текшерүү жүргүзүү сунушу менен кайрылды. Мындай кайрылууга КРнын БШКна шайлоого катышкан 13 партиянын кайрылуулары негиз болду.
Шайлоочулардын өздөрү тарабынан дагы добуш берүүнүн купуялыгынын бузулушу, бюллетендерди массалык сүрөткө тартуу бул парламенттик шайлоолордогу шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдирет.
Укук коргоо органдарынын аракетсиздиги, байкоочулардын, журналисттердин коопсуздугун шайлоо учурунда камсыз кылуу боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн жок.
Ошентип, 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоолор өттү. Добуштарды сатып алуулар, ташып жеткирүүлөр, административдик ресурстарды колдонуу, укук коргоо органдарынын аракетсиздиги, журналисттердин ишин чектөө жана аларды коркутуп-үркүтүүлөр, кылмыш чөйрөлөрдүн тартылышы шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө кабар берет жана ушундан улам көптөгөн партиялар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушту.
Шайлоого 16 саясий партия катышты. Катышкан партиялар шайлоо мыйзамынын бардык талаптарын аткарышты. Антсе дагы, адамзаттык өлчөм (1990-ж) боюнча Копенгаген жыйын-конфренциясынын документиндеги эл аралык милдеттенмелерге ылайык, мамлекеттер "мезгилдик жана анык шайлоолордун жүрүшүндө эркин жана таза билдирилген элдин эрки кандай мамлекеттин болбосун бийликтин жана мыйзамдуулуктун негизи болуп саналат", ал эми Кыргызстандын милдеттенмелерди аткаруу аракети кагаз жүзүндө гана калды.
ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ТОБОКЕЛДИКТЕР
COVID-19 пандемиясынан кийин карапайым жарандардын социалдык-экономикалык абалы өтө төмөн түшүп кеткендигине байланыштуу саясий партиялар аталган жагдайды шайлоочуларды масштабдуу түрдө сатып алуу үчүн пайдаланышты.
1. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып, бул шайлоо жөнөкөй жарандардын добуштарын сатып алуу, мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге кысым көрсөтүү, кылмыш топторун, шайлоо процесстери менен байланышкан башка жактарды пайдалануу, шайлоону чагылдыруу боюнча журналисттерге тоскоолдук кылуу (айрым учурлар), атаандаштардын кадыр-баркын жана намысын каралаган ыпылас пиар-технологияларды колдонуу менен айырмаланды.
2. Укук коргоо органдары шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жаатында бузууларды болтурбоо боюнча аракеттерди көргөн жок. Шайлоочулар же журналисттер өз укуктарын коргоону талап кыла башташканда гана алар жооп кылууга киришти.
3. Айрым шайлоо комиссияларынын участкаларында шайлоо учурунда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталбагандыгы COVID оорусунун өсүшүнүн тездешине алып келиши мүмкүн.
4. Эгерде шайлоо комиссияларынын участкаларында добуш берүү процедуралары сакталуу менен ишке ашса дагы, анын чегинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу реалдуу баа берүүгө жатпайт деген жыйынтыкка такалат. Бузуулардын аныкталган масштабын жана анын шайлоонун соңку жыйынтыгына таасирин баары түшүнүп тургандыгына карабастан, мыйзам сакталган жок.
Кыргыз Республикасы БУУнун, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү катары шайлоолор жалпы, тең укуктуу, акыйкат, купуялуу, эркин, ачык жана отчёттуулук сакталуу менен өтүшүн тааныйт. Аталган принциптердин мазмуну жана маанисине ылайык демократиялык өлкө тарабынан шайлоолорду таануу үчүн бардык саясий күчтөр (саясий партиялар) үчүн өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга бирдей шарттар түзүлүп берилиши жана камсыз кылынышы керек.
Тилекке каршы, өткөн шайлоодо көрсөтүлгөн шарттар сакталбагандыгын жана шайлоо атаандашсыздык жана бирдей эмес негизде өткөндүгүн тастыктайбыз. Алсак, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» Конституциялык мыйзамына ылайык, шайлоо өнөктүгүнө саясий партиялардын чыгымдары шайлоо фондусунан жумшалышы керек.
КРнын БШКнын расмий маалыматына караганда, парламентке баруу үчүн зарыл 7%дык босогодон өткөн төрт партиянын үчөө бул босогону багындыра албаган партияларга караганда аябагандай көп (2-10 эсе) каражат чыгымдашкан (https://shailoo.gov.kg/ru/news/3697/). Бул расмий маалымат боюнча.
Антсе да, коомчулук байкоо жүргүзгөндөй, "жеңген" партиялар ошондой эле, шайлоо фондунан тышкары финансылык жана башка каражаттарды пайдаланышкан. Мисалга, шайлоочулардын жол жүрүүсүнө чыгымдалган каражаттар (жана башка коштолгон каражаттар) жаңы шайлоо дареги боюнча (№2 форма менен) шаардан өлкөнүн борбору Бишкекке, аймактан Бишкекке ж.б. жактарга барып добуш берүү үчүн каражаттар эсепке алынган эмес. Ал эми мындай шайлоочулар жарым миллион адамга чейин жетти. Ошондой эле, болжонгондой, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга партиялар жумшаган каражаттарды эсептөө мүмкүн эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн бардыгы шайлоо мыйзамын түздөн түз бузуу болуп эсептелет. Жана эң кеминде, каттоодон баш тартууга жана тиешелүү саясий партияны шайлоо алдындагы жарыштан алып салууга, ошону менен бирге кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп саналат.
Ошентсе дагы, мамлекет, биринчи кезекте, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу учурларын ачыкка чыгаруу жана болтурбоо (төлөп берүү же акча каражатын таратуу, материалдык баалуулуктарды берүү, кайрымдуулук көрсөтүү) жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибинин бузулушун (тиешелүү шайлоо фондунан тышкары шайлоонун аныкталган жыйынтыгына жетишүү максатында чыгымдарды сарптоо) аныктоо компетенциясына жана милдеттенмесине кирген укук коргоо органдары чыныгы саясий атаандаштыкты жана шайлоо алдындагы өнөктүктүн катышуучуларынын тең укуктуулугун камсыз кылууга чакырган тиешелүү таасир этүүчү мыйзамдык чараларды ишке ашырган жок.
«Керектүү» адамдарды шайлоо шайлоо участкаларындагы жарандар тарабынан эмес, бийлик кабинеттеринде жүзөгө ашырылды. Бийлик органдарын түзүү үчүн жер-жерлерде жооптууларды бөлүштүрүү боюнча аныкталган пландар болду, тактап айтканда, аткаминерлер Шайлоо күнүнө чейин эле бийликте шайлоонун жүрүшүн жөнгө салган электоралдык коррупциянын фактылары учурады.
Жогорудагы жагдайды эске алып, биз өткөн шайлоону КРнын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык келбейт деп тааныйбыз жана демократиялык эмес, мыйзамсыз жана легитимсиз деп эсептейбиз. Ошондой эле, Кыргызстанда короновирустун жаңы толкунунун өсүшү мүмкүн экендигине жана локалдык деңгээлдеги стихиялуу чатактардын болушуна байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам чараларды көрүүгө чакырабыз.
Бардык суроолор боюнча ыкчам линиянын: 0990 180300, 0990 180900, 0220 573847 номерлерине жана birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар болот.