"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылынын, "Кылым шамы" адам укуктарын коргоо борборунун ПРЕСС –РЕЛИЗИ
Май 07.2020Азыркы учурда сот өндүрүшүндө Азимжан Аскаровдун арызы боюнча эки иш – Бишкек шаарынын район аралык сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин жараксыз деп табуу жөнүндө, КРнын Жогорку Сотунда БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 31-мартындагы Азимжан Аскаровдун укуктарынын мамлекет тарабынан бузулушу таанылган Түшүндүрмөлөрүн (Соображения) аткаруу жаатында жана 2017-жылдын 24-январындагы Чүй облустук сотунун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүн айрым өзгөртүүлөр менен күчүндө калтырган өкүмүнө кассациялык даттануусу турат. Иштерди кароо Бишкек шаарынын район аралык сотунда 11-май күнү саат 10.00гө, Жогорку Сотто 13-май күнү саат 14.00гө белгиленген.
Эске салсак, БУУнун адам укуктары боюнча Комитети Кыргызстандын бийлигин Азимжан Аскаровду токтоосуз түрдө бошотууга, анын соттуулугун жок кылууга жана компенсация төлөп берүүгө чакырган. Комитет ага катаал, адамгерчиликсиз кыйноолор жана кадыр-баркын басмырлаган мамиле колдонулгандыгын аныктаган.
Кыргызстан "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пактты", "Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы" Конвенцияны ратификациялоо менен Пактта көрсөтүлгөн укуктардын кайсы биринин аталган катышуучу-мамлекет тарабынан укук бузуулардын курмандыктары болушканын ырастаган адамдардын билдирүүлөрүн кароого милдеттенме алган".
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат", жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат деп көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тарабынан БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин Түшүндүрмөлөрү аткарылган жок, кыйноолордун курмандыгы болуп саналган А. Аскаровдун бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча чаралар кабыл алынган жок.
Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлундагы N 49 (КР үчүн 10-июнь, 1999-жылы күчүнө кирген) мыйзам менен кошулган, эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясынын (Рaсtа sunt servanda) (Вена шаары, 23-май, 1969-жылдагы) 26-беренесине ылайык, аракеттеги келишим анын катышуучулары үчүн милдеттендирилген жана алар тарабынан акыйкат аткарылышы кажет.
Ушул эле Конвенциянын 27 жана 46-беренелерине ылайык, катышуучу ал тараптан келишимдин аткарылбашы үчүн актануу катары өзүнүн ички укук жоболоруна шилтеме келтире албайт. Тактап айтканда, Кыргызстан ал үчүн келишим кылынган милдеттенмеге анын макулдугу анын ички укугунун тигил же бул абалынын бузулушуна алып келет деген жагдайга шилтеме кылганга акылуу эмес.
Азимжан Аскаров дээрлик 70 жашта — 10 жыл ал өзгөчө режимдин шартында, камалгандарга мамиле кылууга карата БУУнун минималдык стандарттык эрежелерине же аларды атап жүрүшкөндөй, Нельсон Манделанын эрежелерине ылайык келбеген эркиндигинен ажыратылган жайларда мөөнөтүн өтөдү. Эл аралык стандарттарда мындай режимде адамдарды кармоону кыйноолорго жана адамдын кадыр-баркын басмырлоого теңдештиришет.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоочулары соңку жолу Азимжан Аскаровдон кабар алышканда, анын ден соолугу күндөн күнгө начарлап баратканы көрүндү, бул дагы БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин чечиминде белгиленген, 2010-жылдагы алдын ала иликтөөнүн жана кармоонун жүрүшүндөгү кыйноолордун, катаал, адамгерчиликсиз мамиленин жыйынтыгы болуп эсептелет.
Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө адамдын укугу жана эркиндиги ажыратылбас жана ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык экендиги белгиленген. Адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз аракетте болот, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана алардын кызматтык жактарынын ишмердүүлүгүнүн маанисин жана мазмунун аныктайт.
Улууларга урмат кылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 2-бөлүгү менен бекемделген. Карылык камак жайларында болбошу керек.
Дүйнө жүзү боюнча пенитенциардык мекемелерде короновирус илдетине байланыштуу абактагылар бошотулууда. Идеяны БУУ дагы колдоп жатат: адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссары Мишель Бачелет тобокелдик группасына кирген адамдарды бошотууга чакырды. Анын айтымында, «көптөгөн өлкөлөрдөгү абак жайлары толуп калган, мындай шарттарда физикалык аралыкты сактоо жана өзүн өзү обочолоо дээрлик мүмкүн эмес». Ал: «Бийликтегилер абактагылардын жана персоналдын арасында каза табууну алдын алуу үчүн кадамдарды кабыл алуулары зарыл», — деп чакырык таштады.
"Азыркы тапта “COVID-19 өнөктүгү жүрүүдө: укук коргоочулар эркиндигинен ажыратылган жайлардан токтоосуз түрдө бошотулушу керек", мунун максаты - жетиштүү укуктук негиздери жок кармалган адамдарды, оппозициялык же сын көз караштагы пикирлери үчүн саясий камактагыларды абактардан бошотууга жетишүү.
Анын сайтында жарыяланган Россия Федерациясынан, Сауд Аравиясынан, Бахрейнадан, Египеттен, Ирандан, Филиппинден, Индиден, Бурундиден, Түркиядан, Мексикадан чыккан белгилүү укук коргоочулардын жана журналисттердин тизмесиндеги катарда журналист Азимжан Аскаровдун дагы ысымы бар.
Бул өнөктүктүн алкагында «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы, «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо борбору Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду эркиндигинен ажыратылган жайдан бошотуу өтүнүчү менен кайрылат, бул мамлекеттин Конституцияга шайкеш Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган адам укуктары жаатында эл аралык келишимдер боюнча алган өз милдеттенмелерин аткарууну жолдой турганын көрсөтөт.
Позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтөбүз!
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы
«Кылым шамы» адам укуктарын коргоо борбору