"Бир Дүйнө-2023" фестивалы тапшырыктарды кабыл алууну баштайт!

Фестиваль-2023 - «Ар-намыс, эркиндик жана акыйкаттык бардыгы үчүн»
“Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы” КБ "Бир Дүйнө – Кыргызстан-2023" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык фестивалына 2023-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин тапшырыктарды кабыл алууну жарыялайт.
Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (АУЖД-75) кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгын колдоо менен, анын алкагында фестиваль адам укуктарынын универсалдуулугу жана бүтүндүгү жөнүндөгү билимдерди тереңдетүүгө, ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, гендердик теңчиликти, инклюзивдүүлүктү жана басмырлабоону колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган өнөктүккө биригет.
Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланган БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын колдоонун алкагында фестиваль тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн механизмдерди талкуулоо, климаттын өзгөрүшүнүн негативдүү кесепеттерине каршы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу региондордо стихиялуу кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрөт.
Буга байланыштуу фестивалдын Уюштуруу комитетинин чечими менен “Фестиваль-2023” БУУнун Декларациясынын 75 жылдыгына жана тоолуу өлкөлөрдөгү адам укуктарынын басмырланбоосуна арналат.
Фестивалдын темасы: «Ар-намыс, эркиндик жана акыйкаттык бардыгы үчүн»
Фестиваль укук коргоочулардын өнөктөштүк тармагы, ар кыл өлкөлөрдөгү аял өнөктөштөр жана экологиялык өнөктөштөр менен чогуу жаштарды жана балдарды тартуу менен биргеликте өтөт.
Катышуу жөнүндө ташырыктар birduino.festival@gmail.com и birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук даректер аркылуу кабыл алынат.
Тапшырыктын формасы кийинки шилтемеде: https://docs.google.com/document/d/1phToIDXbgD9yzDcMWM6nrO6lPpOg5Y0D/edit?usp=sharing&ouid=114720251913301271756&rtpof=true&sd=true
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720000, Сыдыков коч, 258, тел./факс: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
Кыргызская Республика, 720000, г. Бишкек, Сыдыкова 258, тел./факс: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
258 Sydykov str., Bishkek, 720000, Kyrgyz Republic, tel./fax: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com www.birduino.kg