Аймактардан келген 30дан ашуун катышуучу, аялдардын лидерлиги жана саясатка катышуусу боюнча Тренерлер үчүн өткөрүлгөн тренингде билимдерин жогорулатышты.
Сен 27.2021Ош шаарында, 22-синен 24 -сентябрга чейин үч күн бою түштүктүн үч областынан келген 30дан ашуун катышуучу тобокелдиктер жана тоскоолдуктар учурунда, анын ичинде пандемиянын шарттарында горизонталдык лидерликтин принциптерин талкуулашты, жергиликтүү кеңештердин бир нече депутаты жергиликтүү шайлоолорго катышуудагы жеке тажрыйбалары менен бөлүшүштү. "Лидер болуп төрөлбөйт, лидер болуп такшалат", Өзгөн районунун Куршаб айылынан келген дарыгер Асел Узакова «медицинаны таштап, мугалим бол» – деген кайненесинин пикирине карабай, жогорку билим алуу укугун кантип коргоп калганы жөнүндө айтып берди, ал азыр ал ийгиликтүү стоматолог, быйыл жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланды.
Жергиликтүү көйгөйлөрдү талкуулоонун натыйжасында, адамдарды мамлекеттик органдардагы коррупция көйгөйлөрү, бала бакчаларда орундардын жоктугу, жумушсуздуктун жогорку деңгээли, жаштардын миграциясы, үй -бүлөлүк көйгөйлөр, ажырашуу, калктын билим деңгээлинин төмөндөп кетиши, фундаментализмдин ар кандай түрлөрүнүн аялдардын жана кыздардын укуктарына тийгизген таасири сыяктуу көйгөйлөр тынчсыздандыраары аныкталды.
Тренингге катышуу, шайлоо мыйзамдары боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жагынан маанилүү болгонун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын "15 жаш" айылынын 34 жаштагы тургуну, беш баланын энеси Гүлмира Айылчиева тастыктады. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечкенде, элдер анын депутат боло алаарынан күмөн санашкан: «Алар мени бул оюмдан баш тарттырууга аракет кылышты, менин сабатсыз экенимди, жогорку билимим жок экенин айтышты. Бирок биз оор шарттарда жашайбыз, жыл сайын жайында Кара-Шоро жайлоосуна чыгабыз, ал жердин өзүнүн кыйынчылыктары бар. Мен жакшы шарттарда жашоону, балдарыбыздын жакшы шарттарда жашоосун каалайм, ошондуктан мен депутат болдум. Жолдошум да мени колдоду. Мен бул жерге билим үчүн келдим, бул жерде катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, бул мага абдан керек ».
Катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн -сессия уюштурулду. Ал аялдардын жана жаштардын шайлоого катышуусу боюнча сапаттык жана сандык анализди катышуучуларга сунуштады. Ошондой эле жаңы мыйзамдарды эске алуу менен шайлоо процессинин маанилүү аспектилерин: пропорционалдык жана мажоритардык системалар боюнча добуш берүүнүн айырмачылыктары, гендердик квоталар, бир округ боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби жана көрсөтүү мөөнөтү, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасы, tizme.gov .kg сайтындагы "Tизме" порталынын колдонулушу жана башкалар тууралуу кеңири түшүндүрүп, айтып берди. Ошондой эле ал шайлоо процесстеринде аялдардын лидерлигин жогорулатуунун маанилүү ролго ээ экендигин белгиледи, аялдарды жаңы мыйзамдарды колдонуу менен шайлоо процесстерине активдүү катышууга чакырды. «Биздин өлкөдө билимдүү, компетенттүү аялдар көп. Мен аялдардын шайлоо процесстерине активдүү катышуусун кубаттайм» - деди Кыргыз Республикасынын БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова.
Катышуучулар үчүн медиа боюнча алдыңкы эксперт, Кыргыз Республикасынын БШКнын Жумушчу тобунун мүчөсү Авланбек Жумабаевден шайлоо процесстеринде социалдык тармактарды колдонуунун ролу жана мааниси, технологиялардын ар кандай түрлөрү жана алардын бир-биринен эмнеси менен айырмаланары жөнүндө жаңы билимдерди жана инструменттерди үйрөнүү маанилүү болду.
Tренерлер үчүн тренингдин (ТүТ) аягында катышуучулар, БДК өнөктөштөрүн тартуу менен жамааттарда үйрөтүүчү иш -чараларды өткөрүү аркылуу алган билимдерин практика жүзүндө колдонуу тууралуу өз пландары менен бөлүшүштү.
ТүТдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан Кайрылуу даярдалды, бул Кайрылууда жаңы тобокелчиликтердин жана чакырыктардын шарттарында гендердик теңчиликти жана адилеттүүлүктү илгерилетүүгө активист аялдарды мобилизациялоо жана алардын тилектештиги боюнча Улуттук платформа түзүү керектиги айтылды. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын БШКсына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, КМУдарга бир катар сунуштарды беришти. Сунуштарда жергиликтүү коомчулуктардын лидерлерин шайлоо укуктары боюнча жарандык билимдерди жакшыртууга тартуу, Кыргыз Республикасынын ЖКде аялдар үчүн квотаны 30% дан ашык көбөйтүү жана аял депутат кызматтан кеткенде, анын мандатынын андан кийинки аял талапкерге өтүшү керектиги көрсөтүлдү.
Аялдарды коргоону күчтөндүрүү максатында, гендердик зомбулук маселесинин үй-бүлөлүк абалына карабастан баардык аялдарга карата колдонууну мыйзамга камтуу аркылуу Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө" Мыйзамынын жайылуу сферасын кеңейтүү зарылдыгы айтылды. Шотландиянын Глазго шаарында өтүүчү Глобалдык Саммиттин алдында, коомчулуктардын туруктуу өнүгүүсүн, аялдардын лидерлигин жана алардын жергиликтүү деңгээлден глобалдык деңгээлге чейинки чечимдерди кабыл алууга тең укуктуу катышуусун камсыздоо максатында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чү Резолюциясын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2021-2030-жж. тобокелдиктерге жана кырсыктарга каршы туруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын синхрондоштуруу зарылдыгы айтылды.
“Биз куралсыздануунун тараптарыбыз жана аймактагы, дүйнө жүзүндөгү аскердик агрессияга каршыбыз, биз аялдардын аймактык диалогдорго жана форумдарга тең укуктуу катышуусун, тынчтыктын, гендердик теңчиликтин жана адилеттүүлүктүн болушунун тараптарыбыз” –делет документте.
«Women's Leadership and Political Participation» аталышындагы аялдардын укуктары боюнча Тренерлер үчүн Улуттук тренинг, жергиликтүү деңгээлден глобалдык деңгээлге чейинки тобокелдиктердин жана кырсыктардын учурунда жергиликтүү коомчулуктардын лидерлерин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жаштарды жана массалык маалымат каражаттарын аялдардын лидерлигин жана саясатка катышуусун жогорулатууга тартуу максатында өткөрүлдү. Тренинг жер-жерлерде жергиликтүү лидерлердин тармагын түзүүгө жана чыңдоого, ошондой эле аларга 2021-жылдын 28 –ноябрында Кыргыз Республикасында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу, анын ичинде аялдар жана жаштарга бериле турган квоталар тууралуу маалымат берүүгө өбөлгө түзөт.
###
Иш - чара “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонду (IFES) менен өнөктөштүктө, Women's Learning Partnership (WLP) программасынын алкагында, аялдардын лидерлигин жана саясатка катышуусун илгерилетүү максатында уюштурулду.
Ар кандай суроолор боюнча: birduinokyrgyzstan@gmail.com, www.birduino.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.