Обсерваториянын отчету: Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан кароонун натыйжасы Европа Биримдигинин өнөктөшү болуп эсептелген Кыргызстандын сот адилеттигин шылдындаган көрүнүш

Эл аралык сот мониторинги боюнча докладдын басылмасы

Париж - Женева, 2017-жылдын 5-февралы – Кыргызстанда сот чечими менен Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылган. Укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча Обсерватория баса көрсөткөндөй, бул сот адилеттигине окшоштуруп чыгарылган чечим калыс сотунун негизги стандарттарына шайкеш келбейт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Аскаровду бошотуу талабына каршы келет (FIDH-OMCT биргелешкен программасы).

2016-жылдын 4-октябрынан тартып 2017-жылдын 24-январына чейин Азимжан Аскаровдун ишине апелляциялык угуулар өтүп, Чүй облустук соту өзүнүн 2010-жылдын өкүмүн күчүндө калтырды. Жаңы сот процессинин баардык этаптары төмөнкү нерселер менен мүнөздөлдү: ишенимсиз тергөө, күн мурунтан алынган пикир, маанилүү далилдердин жоктугу, кыйноолор жөнүндө арыздардын берилиши жана бул арыздардын териштирилбегендиги. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын апрелинде өз чечимин жарыялаган, бул чечим аркылуу Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду бошотуу жана анын өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен кайрылган. Бул сунуштардын бирөөсү да аткарылган жок.

Мындан тышкары, Чүй облустук соту коргоо тарабынын күбөлөрүн укпай, сот жүрүп жаткан залга кирүүгө чектөө коюп, кыйноолор колдонулгандыгы туурасында анык арыздар боюнча териштирүү жүргүзбөй, коргоо тарабынын күбөлөрүнө жана жактоочуларына басым көрсөтүү жана коркутуу учурларына көңүл бурбай, адам укуктары тармагындагы эл аралык стандарттарга ылайык сотту калыс жүргүзүү боюнча Аскаровдун укугуна кепилдик бере алган жок.

«Кыргызстан адам укуктары тармагында өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин тоотпогон мамилесин толук көрсөттү, - деди ОМСТин Башкы катчысы Джеральд Стейброк. Эгерде бул өлкө Европанын соода өнөктөшү болгусу келсе, мындай жүрүм-турумун өзгөртүү керек экендигин түшүнүүгө милдеттүү».

Өнөктөштүк жана кооперация жөнүндө жаңы Макулдашуу жөнүндө сөз кылуу үчүн жана Кыргызстандагы сот адилеттиги тутумун реформалоону колдоого багытталган 13 миллион евро баадагы долбоорду түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду талкуулоо максатында эртең Президент Атамбаев Брюссель шаарында Европа Биримдигинин лидерлери менен жолугушат, алардын ичинде төмөнкүлөр бар: Европа Биримдигинин тышкы иштер жана саясат боюнча Башкы өкүлү Федерика Могерини, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер . 2017-жылдын 24-январында соттун чечими чыгаар замат, БУУнун жана Европа Биримдигинин органдары Кыргызстандын сот системасындагы «маанилүү кемчиликтерге» нааразы болуп, «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин ой-пикирлерин кошкондо, адам укуктары тармагындагы эл аралык милдеттенмелердин толук сакталышы – бул Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын колдоо үчүн олуттуу мааниге ээ» болгондугун эске салды.

«Азимжан Аскаров негизсиз кармалгандыгы шексиз. Европа Биримдигинин лидерлери президент Атамбаевдин 16-февралындагы Брюсселге иш сапары менен пайдаланып, Кыргызстандын адам укутары тармагындагы милдетермелерин эске салып, Аскаровду бошотууга чакырышы керек», - деди FIDHардактуу президенти Суер Белхассен.

Контекст

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2002-жылдан тартып 2010-жылга чейин Кыргызстандын түштүгүндө милиция өкүлдөрү тарабынан адам укуктарын бузууга мониторинг жүргүзүп жүргөн. Кыргыз жана өзбек коомчулуктардын ортосунда этностор аралык кагылышууларда зомбулук кылынган, андан кийин ал 2010-жылдын 15-июнунда камакка алынган. Аскаров кеңири башаламандыкка катышты, улуттар аралык чыр-чатактарды күчөттү, куралды мыйзамсыз сактап жүрдү, милициянын кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышты, милициянын башка кызматкерлерин өлтүрүүгө кол салды жана райондун акимин барымтага алууга түрттү деп айыптанган. Азимжан Аскаров кайра: «Сулаймановго кол салынган жерде болгон жокмун», деди. Анын сөздөрү бир нече күбөлөр жана далилдер менен тастыкталган.

2010-жылы соттук териштирүү башталгандан бери Азимжан Аскаровдун иши кыйноолор аркылуу алынган сөздөргө гана негизделген. Ошондой эле, кылмыш иши кыргыз милициясынын кызматкерлеринин арыздарына таянуу менен козголгон болчу, ал эми Аскаров ошол кызматкерлердин иш-аракеттерин документтерге каттап жүргөн. Демек, кылмыш иши саясий жүйөлөр боюнча козголгон деген тыянак чыгарса болот. Обсерваториянын «Кыргызстан жолдордун кайчылышында: укук коргоо ишмердик үчүн мейкинди сактай алабы?» докладында жазылгандай, Аскаров айыпталып жаткан маалда башкы прокурордун кызмат орунун ээлеп турган Кубатбек Байболов Обсерваториянын миссиясына төмөнкү окуяны айтып берген: «Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева сот бийлигине Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылсын» деген буйрук берген. Байболовдун көз карашы боюнча, кылмыш ишинде камтылган элементтер Аскаровдун күнөөсүн далилдеген жок.

Укук коргоочуларды коргоо боюнча Обсерватория (Обсерватория) 1997-жылы FIDHжана Кыйноолорго каршы Бүткүл Дүйнөлүк уюму (OMCT) тарабынан түзүлгөн. Бул  программанын максаты – укук коргоочуларга карата репрессияларды алдын алуу жана жоюу. OMCT жана FIDH– бул эл аралык жарандык коом тарабынан түзүлгөн укук коргоочуларды коргоо боюнча Европа Биримдигинин механизми болуп саналган ProtectDefenders.euуюмунун мүчөлөрү.

Кеңири маалымат:
FIDH: Одре Купри (AudreyCouprie), Париж: + 33 (0) 1 43 55 25 18
• OMCT: Дельфин Рекюло (
DelphineReculeau), Женева /Мигель Мартин Зумалакарреги (MiguelMartínZumalacárregui), Брюссель: + 41 (0) 22 809 49 39