«КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ МЕЙКИНДИКТИ КЕҢЕЙТҮҮ ЖАНА БЕКЕМДӨӨ АРКЫЛУУ АДАМ УКУКТАРЫН КҮЧӨТҮҮ» ДОЛБООРУ.

Авг 25.2016

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылы» КБ «Кыргызстанда саясий мейкиндикти кеңейтүү жана бекемдөө аркылуу адам укуктарын күчөтүү» долбоорун жүзөгө ашырат. Долбоор Фридом Хауз аркылуу USAID уюмунун колдоосунда ишке ашат.

Долбоордун негизги максаты – биригүүлөр эркиндигине укукту камсыздоо, тынч чогулуулар эркиндигин жана Кыргызстанда ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктары жана БУУнун улуттук жана эл аралык деңгээлдерде жаңы сунуштамаларын эсепке алуу менен БӨУ саясий мейкиндигин кеңейтүү.

Долбоордун негизги багыттары:

• Биригүүлөр эркиндигине жана тынч чогулуулар эркиндигине жарандардын укуктарынын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү;

• БӨУ саясий мейкиндигине мониторинг жүргүзүү;

• Биригүүлөр, чогулуулар эркиндигине жарандардын укуктарынын чектелиши фактылары боюнча соттордо коргоо жана юридикалык консультацияларды берүү;

• Биригүүлөр жана чогулуулар эркиндигине жарандардын укуктарынын жүзөгө ашырылышы маселелерин изилдөө;

• Улуттук жана эл аралык деңгээлдерде лоббирлөө жана эдвокаси.

Кыргызстандын жети облусунда биригүүлөр жана чогулуулар эркиндигине жарандардын укуктарынын жүзөгө ашырылышына аймактык өнөктөштөр тартылып, алар жер-жерлерде мониторинг жүргүзүштү, ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, активисттер, кесип бирликтер уюмдарынын, саясий партиялардын, жаштар кыймылдарынын мүчөлөрү менен тыгыз алакада болушту. Аталган укуктардын чектелген учурларында юридикалык консультация берилип, соттордо коргоо менен коштолду.

Долбоордун изилдөөчү компоненти мыйзамдардагы маселелери өздөштүрүүгө, БӨУ ишмердүүлүгүн чектөө боюнча конституцияга каршы демилгелерди, ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктарынын жана Демократиялык Коомчулук тармактарын (Варшава, Польша) камтуу менен БУУнун тынч чогулуулар жана ассоциациялар боюнча атайын докладчысы Миами Киайдын сунуштамаларынын жана талаптарынын тынч жыйындарга чогулуулар эркиндиги, тынч биригүүлөр эркиндиги укуктарына байланышкан кырдаалдын шайкеш келишин аныктоого багытталган.

Мониторинг жана изилдөө жарандардын биригүүлөр эркиндигине укуктары жаатындагы негизги тенденцияларды ачып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди, жаңы радикалдык жана улуттук уюмдардын өнүгүү багытын аныктады. Мониторингдин жана изилдөөнүн жыйынтыгында жарандардын биригүүлөргө жана тынч чогулууларга эркиндиктери укуктарын коргоо, БӨУ саясий мейкиндигинин эркиндиги боюнча улуттук жана эл аралык эдвокаси өнөктүктөр өттү. Бул максатта FIDH, «Жарандык тилектештик» Платформасы, ошондой эле, жалпы Кыргызстан боюнча 150дөн ашуун БӨУрын бириктирген «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» БДК тармагынын өнөктөштөрү, «Кыймылдагы Борбордук Азия» платформасы менен өз ара алака жүзөгө ашырылат, ошондой эле, Жогорку Кеңеш жана КРнын Өкмөтү менен тыгыз алака түзүү мерчемделүүдө.

Жалпысынан аталган долбоор жарандардын биригүүлөргө, чогулууларга, пикирлерин ачык билдирүүгө эркиндик укуктарын камсыз кылууга жана БӨУнын саясий мейкиндигин чектөө боюнча мыйзам демилгелеринин активдешип жаткандыгына байланыштуу КРнын улуттук мыйзамдарын чогулуулар жана биригүүлөр эркиндиги боюнча КРнын эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келтирүүгө көмөкчү болот.

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg