f2

«Жарандык коом уюмдарынын кылмыш адилеттиги тутумундагы ролу» биргелешкен форумдарынын жана Ысык-Көл облусундагы жабык мекемелерге жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыктары.

2018-жылдын 6-февралынан 9-февралына чейин «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылынын демилгесине ылайык жарандык коом уюмдардын кылмыш адилеттиги тутумуна катышуусун күчөтүү, жарандык коом уюмдарынын тармагын колдоону өнүктүрүүгө көмөктөшүү, “Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун” ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында «Жарандык коом уюмдарынын кылмыш адилеттиги тутумундагы ролу» деген аталыштагы биргелешкен жарандык форумдар, ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларындагы, Жети-Өгүз районунун Түп, Кызыл-Суу айылдарындагы, Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы жабык мекемелерге мониторингдер жүргүзүлдү.

Форумдардын өткөрүлгөн орду:

2019-жылдын 6-февралында саат 15:00дө. Балыкчы шаары, Балыкчы шаардык мэриясынын конференц-залы (46 катышуучу, жарандык коом уюмдарынын 5 өкүлүнүн катышуусунда);

2019-жылдын 7-февралында саат 14:00дө. Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл раймамадминистрациясынын конференц-залы. (67 катышуучу, жарандык коом уюмдарынын 12  өкүлүнүн катышуусунда);

8-февралда, саат 15:00дө. Каракол шаары, Бектеналиев көчөсү (Абдрахманов көч. кесил.), "Караван" отелинин конференц-залында, (47 катышуучу, жарандык коом уюмдарынан 18 өкүл). 

Иш-чаралар Европа биримдигинин колдоосунда PRI (Эл аралык түрмө реформасы) менен биргеликте “Кыргызстанда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелерге жана жазаларга каршы күрөштө мамлекет менен жарандык коомдун күч-аракеттерин колдоо” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылды.  

Натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүүдө биздин уюмдар шериктештик ыкманы колдонушуп, тышкы эксперттер катары «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылынын кызматкерлери катышышты, ал эми Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору форумдарга катышты, мамлекеттик органдар жана кыйноолор менен күрөшкөн жарандык коом уюмдары менен өз ара аракетте анын мандаты жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды презентация кылышты.

Форумдар мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештердин депутаттары, сот системасынын, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жарандык коом уюмдарынын лидерлери жана активисттер үчүн уникалдуу дискуссия аянтчасын түздү.  

Форумдарда «Бир Дүйнө Кыргызстан» УКнын төрайымы Толекан Исмаилова жергиликтүү бийликтер менен Жарандык коом уюмдар (ЖКУ) тармагынын, ошондой эле, КРнын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ортосундагы натыйжалуу шериктештиктин, кыйноолор менен күрөшүү жана аны алдын алууга көмөктөшүүдө Жарандык коом уюмдарынын ролунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.  

КРнын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Сулайманов Нурдин PRI менен биргелешип жүзөгө ашырылып жаткан долбоордун “КРнын КААУБ жөнүндө” КРнын мыйзамынын 5-6-беренелерин ишке ашыруудагы салымына байланыштуу, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуунун натыйжалуу тутумун камсыздоо үчүн, кыйноолорго жол бербөөнү, алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн коомдо калыптандыруу жана 7-беренедеги кыйноолорду токтотуу жана алдын алуу боюнча жаза өтөө жайларынын администрациялары менен коммерциялык эмес уюмдардын кызматташтыгына көмөктөшүүгө тийиштүү маанилүүлүгүнө токтолду. КРнын КААУБнун «Превентивдик катышуулар» бөлүмүнүн башчысы Жапаров Камалдин форумдун катышуучуларына КААУБнун ишмердүүлүгү, анын функционалдык милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берип, кыйноолорду алдын алуу жаатындагы өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча механизмдерди белгиледи. КААУБнун өкүлү бардык талаптарга жооп берген активисттерди жана кызыкдар лидерлерди КРнын КААУБнун Координациялык Кеңешине өз кандитатураларын коюуга, жабык мекемелерге превенттик катышуулар боюнча тартылуучу эксперт катарыборбордун ишине катышууга чакырды. 

«Бир Дүйнө Кыргызстан» УКнын эксперти Аида Байжуманова уюмдардын жана шериктеш бейөкмөт уюмдардын жарандык көзөмөлгө ийгиликтүү катышуусунун тажрыйбасын жана бийлик менен биргеликте оң өзгөрүүлөр үчүн бейөкмөт уюмдарынын таасири тууралуу айтып өттү.

Мындан тышкары, Адам укуктары боюнча даректүү тасмалар эл аралык фестивалынын маалында Күчтүү Чечимдер Лабораториясы, Коомдук Аң-сезим Лабораториясы жана Мультимедиялык Чечимдер Лабораториясы сыяктуу PRI  лабораториялары менен биргеликте иштелип чыккан кыйноолорду алдын алуу боюнча сунуштамалар жана формат көрсөтүлдү. Катышуучулар биргелешкен иште окутуунун санариптик технологияларына өтүү маанилүүлүгүн белгилешти. Жарандык форумда КААУБнун координациялык кеңешинин мүчөсү Диляра Нурметова: “Кыйноолорго туш келген жактарга карата  тыюу салынган чаралардын аныкталышында ачык сотторду өткөрүү зарыл. Бүгүнкү күндө буга окшогон иш-чаралар катуу чектелген алкакта өткөрүлүп келет: болгону прокурор, адвокат, судья жана сот жообуна тартылуучу катыша алышат. Ал эми башкаларга отурумга катышууга мүмкүн эмес” деген сунушун келтирди.

“Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясынын” өкүлү Замира Оторбаева кийинки эки маселени карап чыгууну сунуштады:

  1. Телекөрсөтүү, радио, соцтармактар жана башка маалымат каражаттарынан кыйноолор, адамдын кадыр-баркын жана абийирин басмырлоо кандай жаран болбосун анын укугун түздөн түз бузуу болуп санала тургандыгы жөнүндө маалыматтык өнөктүктөрдү дайыма жүргүзүп туруу.
  2. Адамдардын аң-сезимин мектеп партасынан тарта ар кыл тилдерде укуктук билим берүү аркылуу өзгөртүү жана коомго кармалган жарандардын күнөөсүздүгүнүн презумпциясы жөнүндө түшүнүктү берүү.

КААУБнунтартылган эксперти, «Спектр» КБнын мүчөсү Элла Матвеева форумда Стамбул протоколунун (кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жазанын түрлөрү менен күрөшүүнү натыйжалуу иликтөө жана документтештирүү боюнча колдонмо) толук иштелип чыгылбагандыгын белгиледи.

Форумдун жетишкендиктери:

  • Форумдар мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн эксперттик топторунун тажрыйба алмашуулары үчүн мүмкүнчүлүк түзүп, аянтчаны камсыздады. Ички иштер органдарынын, прокуратуранын, соттордун өкүлдөрү талкууларга активдүү катышышты, ошондой эле, форумдар укук коргоочу Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнө жардам берип, жергиликтүү бийлик органдарына өз үндөрүн угузууга мүмкүнчүлүк түзүлдү;
  • Форумдар КААУБнун ишмердүүлүгү, статусу жана ролу жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн мүмкүнчүлүк түздү. Бул маалыматтык иш КААУБнун ишмердүүлүгү жөнүндө катышуучулар аз кабарланган жана өз ара аракет этишүү мүмкүнчүлүктөрү төмөн болгон Балыкчы шаарындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы форумдарда өзгөчө маанилүү болду. Жабык мекемелерде мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн тышкы эксперттер катары катышууга документтерин жөнөтүүгө даяр Жарандык коом уюмдарынын кызыкдар өкүлдөрү аныкталды. ЖКУ лидерлери ошондой эле, КААУБнун жер-жерлердеги иштерине мониторинг жүргүзүү зарыл деп эсептешет;
  • «Бир Дүйнө Кыргызстан» УК “КРнын КААУБ жөнүндө” КРнын мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык КРнын КААУБнун миссиясын жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөттү;
  • Форумдардын катышуучулары кыйноолорго жол бербөө жөнүндө жана кыйноо фактыларын иликтөө маселелеринде УКМКнын ачыктыгынын зарылдыгын, укук коргоо органдарынын,  сот тутумун реформалоого көмөктөшүүгө даярдыгы жөнүндө жарыя кылышты;
  • Форумдарга кыйноолордун курмандыктары катышып, өз кейстери тууралуу түздөн түз айтып беришип, алардын укуктарын коргоого көмөктөшүү өтүнүчү менен арыздарын жазышты;
  • Форумдардын катышуучуларына Жарандык коом уюмдар тармагы жөнүндө маалымат берилди жана Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул тармакка кирүүгө жана анын ишине катышууга абдан кызыкдар болушкандыгын билдиришти;
  • Кылмыш мыйзам ченемдеринин реформаланышына байланыштуу катышуучулар бардык үч форумда тең прокуратура органдары, ИИМ, Балыкчы шаардык кеңеши, Чолпон-ата шаарынын администрациясы, Каракол шаардык кеңеши менен биргеликте окуу семинарларын жана тренингдерди өткөрүү зарылдыгын белгилеп, бул окутуу иш-чараларын өткөрүү үчүн өз аянтчаларын берүүгө жана кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
  • Шаарлардын мэрлери кызыкдар болушту жана ачык иликтөө кабинеттерин ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти;
  • БӨУ секторун өнүктүрүү жана колдоо зарылдыгы бар жана аймактардагы ЖКУ КРнын Президентинин Аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгын колдоого, ошондой эле, коррупция жана кыйноолор менен күрөшүү маселелеринде өз ара аракет этишүүгө тийиш.

Негизги көйгөйлөр:

  • Форумдар жабык мекемелерге мониторинг кылууда жана мыйзамдуулуктун сакталышында прокурордук көзөмөлдүн чабал экендигин аныктады;
  • Жарандардын көпчүлүгүнүн укуктук аң-сезими жана сабаттуулугу төмөн, кылмыш акыйкаттыгы, укуктук билим берүү боюнча программалар жетишердик деңгээлде жүргүзүлбөйт. Жарандар Акыйкатчы Институту жана  КРнын КААУБ статусу жөнүндө маалыматка ээ эмес;
  • Форумдардын катышуучулары сот жана укук коргоо органдарынын ишиндеги коррупция көйгөйүн көтөрүп чыгышты. «Акцент» КФнын жетекчиси А.Макарова мыйзамсыз кармоолордун жана кыйноолордуни көпчүлүгүнүн негизинде коррупция жана пара талап кылуу жатат деп эсептейт. 
  •  Кыйноолордун курмандыктары үчүн натыйжалуу жана кесипкөй адвокаттык колдоонун жоктугу эң чоң көйгөй болуп саналат. Себеби Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамдын алкагында көрсөтүлгөн акысыз адвокаттык коргоо бир катар адвокаттардын укук коргоо органдарынан көз каранды. 
  • УКМКнын кыйноолорду иликтөөсү адам укугун бузуу жана адилеттикке карай бөгөт болуп саналат. УКМКга кыйноолорду иликтөөнү берүү анын жабык экендигинен улам ачык жана натыйжалуу иликтөөлөр үчүн тоскоол болуп саналат. Өз карамагына иликтөө мекемесин камтыган орган иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кызыкдар мүмкүнчүлүккө байланыштуу объективдүү, акыйкат боло албайт.    
  • Акыркы жылдары ЖКУын өнүктүрүү, алардын туруктуулугу боюнча форумдарды, бул сыяктуу шериктеш жолугушууларды өтө аз өткөрүп жатат;
  • Стамбул протоколун колдонуу натыйжалуу эмес, көп убакытты алат жана зордук-зомбулуктун көп түрүн камтыйт, буга байланыштуу аны колдонууну жана адаптация кылууну кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар;
  • Журналисттер КРнын КААУБнун ишмердүүлүгү жана ЖКУнун адам укуктарын илгерилетүүдөгү жана коргоодогу ролу жөнүндө маалыматка толук ээ эмес, буга байланыштуу ушул тематикага ылайык маалыматтык материалдарды таратуу зарылдыгы бар;
  • Убактылуу кармоочу жайлардын жана жаза өтөөчү жайлардын техникалык абалы начар, эл аралык минималдуу стандарттарга туура келбейт жана мекемеде болгон биринчи мүнөттөн тартып эле адам укуктарынын бузулушуна дуушар болот.

pr2

Жабык мекемелерге мониторинг:

  • 6-февралдан  9-февралга чейин Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы, Түп айылындагы,  Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайларына, Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы убактылуу кармоочу жайларга, ошондой эле,  Караколдогу жаза өтөөчү жайга мониторинг жүргүзүлдү;
  • Жаңы жылдан тартып жаңы кылмыш мыйзам ченемдеринин ишке кириши менен УКЖ (ИВС) толгондугу белгиленди, мекемелердин кызматкерлери кармалгандарды дароо эле Каракол шаарындагы СИЗОго жөнөткөнгө аракет кылышаарын маалымдашты.  Каракол шаарындагы СИЗОдо 3 аял жана 3 жашы жете электер болгон. Мониторинг боюнча толук отчет өзүнчө берилет;
  • Чолпон-Атадагы убактылуу кармоочу жайда сурамжылоо жүргүзүлгөн, КРнын КААУБу кыйноолор боюнча бир арыз кабыл алган. Ошондой эле, жашы жете электи сурамжылоодо катаал, адамдын беделине шек келтирген мамилеге туш болгон учур ачыкталган, көрсөтмөлөдү берүүдө процессуалдык нормалар бузулуп, прокурор тарабынан кысым көрсөтүлгөн. КРнын КААУБнун жана “Бир Дүйнө” кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдүн апасынын контактысын алып, юридикалык жардам көрсөтүү жана коргоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда;
  • Жалпысынан убактылуу кармоочу жайлар, Түптөгү УКЖдан башкасы эл аралык стандарттарга ылайык келбей тургандыгын белгилеп кетүү керек;
  • Мындан тышкары, РИИБнүн кызматкерлерин сурамжылоодо материалдык-техникалык жактан жетиштүү жабдылбагандыгы жана иликтөөчүлөрдүн айлык маянасы жетиштүү эмес экендиги (7500дөн 9000 сомго чейин) аныкталды.

Бардык суроолор боюнча «Бир Дуйно Кыргызстан» УКна: 0312 383330 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.