«Фестивалдын маанилүү саясий ролу – бул адам укуктарын демократиянын принциптерин катары коргоо жана аны киноискусствонун жардамы менен жайылтуу, - деп белгиледи XII Эл аралык кинофестивалдын калыстар тобунун тңрагасы, КР Маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери, режиссер Молдосейит Мамбетакунов.- Бул сыймыктуу кызмат жыл өткөн сайын өзүнүн деңгээлин жогорулатууда жана өзүнүн айланасында кадыр-барктуу адамдарды чогултууда. Бул көрүүчүлөрдү кубандырууда».

Фестивалдын жабылуу салтанатына КР Өкмөтүнүн, Бишкек мэриясынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, 14 өлкөдөн келген өкүлдөр, анын ичинде Франциядан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президенти Димитрис Христопулос (Dimitris Christopoulos), IPHR адам укуктары боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн директору Брижит Дюфор (Brigitte Dufour), Франция, Таиланддан адам укуктары жана өнүктүрүү боюнча Азиялык форумдун аткаруучу директору Джон Самуел (John Samuel), Чех Республикасынан адам укуктары боюнча «Один мир» фильмдеринин Эл аралык фестивалынын директору Ондрей Каменицкий ошондой эле Италиянын,

Швециянын, Нидерланддын, Борбор Азиянын, Грузиянын жана Россиянын өкүлдөрү бар. Жабылышында он номинация боюнча жеңүүчү жарыяланды жана кинодокументалисттерге сыйлыктар ыйгарылды.

XII кинофестивалдын Гран-присин "Керексиз буюмдардын музыкасы» фильми (Парагвай / Бразилия / Норвегия / АКШ) жеңип алды.

«Дүйнө бизге таштандыларды жиберет, а биз ага музыканы жөнөтөбүз!», - дейт фильмде таштандыдан жыйналган инструменттерден уюшулган, дүйнөдөгү алгачкы оркестрдин жетекчиси Фабио Чавес. Парагвайдын чакан шаарында Фабио жана анын досу экологиялык проблеманы музыканын жардамы менен чечет. Шаар көмүлүп калган тоодой таштандылар жаңы инструменттер үчүн материал катары кызмат кылышты жана ошол инструменттерде ойногон өспүрүмдөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Музыка шаардын башын бириктирди жана дем берди.
1

Жеңүүчү фильмдердин тизмеси пресс-релизге тиркелди.
Бир жума бою Бишкек шаарынын колдоосунда 24 документалдык тасма борбор шаардын ар бир районунда акысыз көрсөтүлүп, ага көптөгөн көрүүчүлөр барышты. Кино көрсөтүлгөндөн кийин көрөрмандар кинодокументалисттер менен талкууларга катышты, фильмдерде көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча кызыктырган суроолорду беришти.

«Фестивалдын командасы жана ыктыярчылары он эки жылдан бери жасаган иштерден 2018-жылдагы документалдык фильмдерден дем алган активдүү, кайдыгер эмес көрөрмандарды көрүштү – дейт «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. – «Адамдар ачык болушту жана өзү менен айланадагылардын жашоосун жакшыртууга тилек кылышты».

Иш-чарада кыргызстандыктардын социалдык, маданий жана экономикалык укугуна жооп бере турган расмий адамдар болушуп, сөз алып, пикирин бөлүшкөндүгү жакшы болду. Мисалга айтсам, фестивалдын ачылышында КР ЖКнын депутаты Аида Касымалиева, вице-премьер, Адам укуктары боюнча Улуттук Кеңештин төрагасы Раззаков жана башка, жогорку деңгээлдеги коноктор жана эксперттер да катышты.

Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүгү аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмаларга арналган 10 инновациялык лаборатория өткөрүлдү. Укук коргоочу өнөрканалар «Бир Дүйнө» укук коргоочу кыймылы жана бир катар уюмдар тарабынан уюштурулду, ал эми лабораториялардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар бийликке жана эл аралык жамаатка арналган сунуштамалардын пакетин жана аракет пландарын кабыл алышты.

Уюштуруучу комитеттин чечими боюнча документалдык фильмдердин 2019-жылда өтүүчү XIII Эл аралык кинофестивалы БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясынын 30 жылдыгына арналат.

Балдар укуктары боюнча Конвенциясы Бириккен Улуттардын Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1989-жылы кабыл алынган жана күчүнө 1990-жылы кабыл алынган. Конвенцияда балдар укуктарын аныктаганга арналган 54 берене бар жана ал беренелер мамлекет тарабынан камсыздалышы жана көзөмөлгө алынышы керек. Бул Конвенцияны дүйнөнүн бардык мамлекеттери аталган эл аралык документте бекитилген бардык укуктарын жана эркиндиктерин сактоону убада берүү менен ратификациялаган.

Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөргөн активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттердин башын бириктерип, кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.

Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган2
. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.

Толугураак маалымат үчүн: www.birduino.kg
https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346¬if_t=page_admin&ref=notif
E-mail: Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir. тел: +996312 383330

1 Гран-прини алган фильмди төмөнкү шилтемеден караңыз: https://www.youtube.com/watch?v=mCfJIIUgPu8