КР 1-вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков жакында «Дамас» концерттик залында фестивалдын ачылышында куттуктоо сөзү менен чыкты.

Өз сөзүндө ал укук коргоочу документалдык фильмдердин фестивалы Кыргызстандын гана эмес, бүтүн Борбор Азия мамлекеттеринин маданий ландшафтынын маанилүү элементтеринин бири болуп калды деп белгилеп кетти. Кыргызстан Өлкөсү адам укуктарынын жана демократиянын бардык тармактарда жайылтылуусуна өзгөчө көңүл бурат жана жарандык коом менен активдүү иштешет, буга байланыштуу фестиваль-2018 дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Фестивалдын ачылышында эки жүздөн ашык киши, анын ичинде КР, ЖК, Шаардык кеңештин, БУУнун, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн элчиликтердин жана Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, 12 өлкөдөн келген документалисттер жана эксперттер, журналисттер, укук коргоочулар жана ыктыярчылар катышты.

Бишкек шаарынын кинотеатрларында конкурстук тасмаларды көрсөтүү башталып, кинодокументалисттердин катышуусунда талкуулар өттү.

2018-жылы фестиваль: «Адам нарктуулугу үчүн!» деген темада болуп, БУУнун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналды жана “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураандын астында өттү».

v1

v2