КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII эл аралык фестивалынын ачылыш салтанатында «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жана башка активисттердин расалык дискриминациялоо боюнча БУУнун комитетине КР отчётун даярдаганга салымын айта кетти.

Кыргызстан бул жылдын апрелинде аралык докладын берген.

Салиев жарандык коомдун эксперттик жардамын, докладга киргизилген берилген маалыматтарды жана мониторингдердин жыйынтыктарын жогору баалады. Ал ошондой эле, өлкөдө адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандык сектор менен өкмөттүн ортосундагы жемиштүү иштешүү улантылаарына үмүт кылаарын билдирди.

ГАМСУМОнун директору «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага жана Азиза Абдирасуловага дайыма колдоо көрсөткөндүгү жана жергиликтүү деңгээлде өнөктөштүгү үчүн “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги” ардак белгилерин тапшырды.

v7

v10

v9

v11

v12