Бул жөнүндө КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова «Дамас» концерттик залындагы фестивалдын ачылыш салтанатындагы куттуктоо сөзүндө билдирди.

Темирбекова өкмөттүн демилгесин колдоо жана адам укуктарын жайылтуудагы жарандардын ролун баса белгилеп кетти. Ошону менен бирге, Кыргызстанда санариптик берүүнү жайылтууда жергиликтүү активисттер жана ӨЭУлар менен кеңири кызматташуунун шарапатында болгондугун, алардын активдүү катышкандыгын айтты.

«Фестивалда көрсөтүлгөн фильмдер анда көтөрүлгөн проблемаларды коомдун калың катмарына жеткирүү үчүн милдеттүү түрдө телеканалдар боюнча берилиши керек»,- деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Бүгүнкү күнү «Манас», «Россия», «Октябрь», «Ала-Тоо» борбордук кинотеатрларында фильмдер көрсөтүлө баштап, аларды тарткандар менен дискуссиялар жүргүзүлүүдө.

Документалдык фильмдердин сценарийлери бул жылы балдардын, кыз-келиндердин жана аялуу топтордун көйгөйүнө, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, басынтуудан жабыркаган жана адилеттүү сот маселесине жетпегендерге арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оору менен жакырчылыктан кыйналган адамдар жөнүндө айтып берет. Темалардын палитрасы ар кыл, бирок аларды бир нерсе – ар бир адамдын татыктуу жашоосу жөнүндө жалпы адамзаттык кам көрүү жатат.

v4