Расмий иш-чара «Дамас» эл аралык отелинин конференц-залында, саат 18.00до өтөт.

2018-жылдын 12-16-ноябрь күндөрү – бир жума бою Кыргызстандын борбор шаары «Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюштурган жыл сайын өтүүчү, “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” ураанынын астында өткөн фестивалдын борбору болду. Бишкекке 14 мамлекеттен коноктор, адам укугу жана кино тармагындагы документалисттер жана эксперттер келишти. Алардын ичинде Франциядан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президенти Димитрис  Христопулос (Dimitris Christopoulos), IPHR адам укуктары боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн директору Брижит Дюфор (Brigitte Dufour), Франция, Таиланддан адам укуктары жана өнүктүрүү боюнча Азиялык форумдун аткаруучу директору Джон Самуел (John Samuel), Чех Республикасынан адам укуктары боюнча «Один мир» фильмдеринин Эл аралык фестивалынын директору Ондрей Каменицкий ошондой эле Италиянын, Швециянын, Нидерланддын, Борбор Азия, Грузия жана Россиянын өкүлдөрү бар.  

Борбордогу кинотеатрларда балдардын, кыз-келиндердин жана аялуу топтордун көйгөйүнө, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, басынтуудан жабыркаган жана адилеттүү сот маселесине жетпегендер, экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оору менен жакырчылыктан кыйналган адамдардын жашоосуна арналган 24 тандалма фильм көрсөтүлгөн. Бүгүн калыстар тобу төмөнкү номинация боюнча сыйлык алгандарды жарыялайт:

1. Гран-при 

2. «Жашоого, эркиндикке жана коопсуздукка укуктуулук» номинациясындагы мыкты фильм

3. «Укуктун үстөмдүгү үчүн» номинациясындагы мыкты фильм

4. «Балдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү»номинациясындагы мыкты фильм

5. «Гендердик теңдик» номинациясындагы мыкты фильм Лучший фильм в номинации

6. «Региондорду өнүктүрүү» номинациясындагы мыкты фильм
7. «Экономи
калык, социалдык жана маданий укуктар» номинациясындагы мыкты фильм

8. «Нарктуулук, эркиндик, теңдикжана бир туугандык» номинациясындагы мыкты фильм

9.  «Уландын иши уланууда» номинациясы.

Фестивалдын алкагында бийлик жана жеке бизнестин өнөктөштүгү, ошондой эле калктын аялуу катмарынын проблемаларын чечүү үчүн креативдүү ыкмаларды пайдалануу аркылуу жетсе боло турган туруктуу өнүгүүгө арналган 10 инновациялык лаборатория өттү. Лабораториялар жарандык агартуу, чечим кабыл алуу процессине катышуу үчүн жарандык коомго дем берүү, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги өнүгүү маселесинде жаңы саясатка шарт түзүү, анын ичинде КРда ак ниет башкаруу принциптерин сүрөмөлөө үчүн платформа болуп калды. Лабораториянын жыйынтыгы боюнча рекомендациялар жана аракет пландары иштелип чыгып, фестивалды жабуу салтанатында сунушталат.

Кинофестиваль аймактарда чакан, орто ишкердикти колдоого, инвестицияларды тартууга, региондорду экономикалык өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган финансылык институттардын жана фонддордун долборлорун кредиттөө ишин активдештирүү жөнүндө Кыргызстандын бийлигинин жаңы демилгелеринин форматында уюштурулган[1].

Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөрүп жаткан активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттерди тартуу менен талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берген бирден бир фестиваль болуп эсептелет.

Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган[2]. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.

Толугураак маалымат үчүн:www.birduino.kg

https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346&notif_t=page_admin&ref=notif   

E-mail:   Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir.  тел: +996312 383330

 

 


[1] Указ президента КР об объявлении 2018 года Годом развития регионов, http://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/5794_prezident_sooronbay_gheenbekov_podpisal_ukaz_ob_obyavlenii_2018_goda_godom_razvitiya_regionov

[2]http://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml