f logo

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюштурган «Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!» деген ураандагы фестиваль 2018-жылдын 12-16-ноябрь күндөрүндө өткөрүлөт.

Фестивалдын ачылышында жана иш-чараларында Бишкекке 14 өлкөдөн кино жана адам укуктары боюнча документалисттер жана эксперттер келишет. Алардын арасында Франциядан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президенти Димитрис  Христопулос (Dimitris Christopoulos), IPHR адам укуктары боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн директору Брижит Дюфор (Brigitte Dufour), Франция, Таиланддан адам укуктары жана өнүктүрүү боюнча Азиялык форумдун аткаруучу директору Джон Самуел (John Samuel), Чех Республикасынан адам укуктары боюнча «Один мир» фильмдеринин Эл аралык фестивалынын директору Ондрей Каменицкий ошондой эле Италиянын, Швециянын, Борбор Азия, Грузия жана Россиядан келген өкүлдөр бар.

Фестивалдын расмий ачылышы бүгүн, «Дамас» эл аралык отелинин конференц-залында өтөт, ал эми тасмалар 2018-жылдын 13-15-ноябрь күндөрүндө, борбор шаарыбыздагы «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Фестивалдын бул идеясын Бишкек мэриясы көлдөдү, ошондуктан документалдык фильмдер Бишкектин ар бир районунда көрсөтүлөт.

Фильмдердин сценарийлери балдардын, кыз-келиндердин жана аялуу топтордун көйгөйүнө, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, басынтуудан жабыркаган жана адилеттүү сот маселесине жетпегендерге арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оору менен жакырчылыктан кыйналган адамдар жөнүндө айтып берет. Ар бир кино көрсөтүлгөн сайын документалисттер менен жолугушуу өткөрүлөт, көрөрмандар алар менен сүйлөшө жана кызыккан суроолорду бере алышат.

Конкурска ичинде Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Китай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, США, Австралия, Индия, Улуу Британия, Канада, Украина, Парагвай, ТАР ж.б. болгон 18 мамлекеттен 55 фильм сунушталган. Комиссия алардын ичинен эң мыкты жана жан дүйнөнү кайдыгер калтырбаган 24 тасманы тандаган.

Фестивалдын акыркы күнү калыстар тобу жеңүүчүлөрдү жана атайын байгелердин жеңүүчүлөрүн атайт.

Кинофестиваль Кыргызстандын бийлигинин аймактарда чакан жана орто ишкердикти колдоо, инвестицияларды тартуу, региондорду өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кредиттөө боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүүнү колдоонун жаңы форматында өтөт[1].

Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүк аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмаларга арналган 10 инновациялык лаборатория жана мастер-класс өткөрүлөт. Лабораториялар жарандык агартуу үчүн платформаларды түзөт, чечим кабыл алууда жарандардын катышуусуна дем берет, анын ичинде КРда өнүгүү маселелеринде ак ниет башкаруунун принциптерин сүрөмөлөп жатып, мамлекеттик деңгээлде дагы жаңы саясатты шарттайт[2].

Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөрүп жаткан активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттерди тартуу менен талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.

Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган[3]. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.

Толугураак маалымат үчүн:www.birduino.kg

https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346&notif_t=page_admin&ref=notif   

E-mail:   Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir.  тел: +996312 383330


[1] Указ президента КР об объявлении 2018 года Годом развития регионов, http://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/5794_prezident_sooronbay_gheenbekov_podpisal_ukaz_ob_obyavlenii_2018_goda_godom_razvitiya_regionov

[2]https://rus.azattyk.org/a/28385722.html, http://www.gov.kg/?page_id=16966

[3]http://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml

v4