Ондржей Каменицкий
Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин «Один мир» Эл аралык фестивалынын директору. Ал кинематографияны Карловдогу университетинин (Прага, Чехия Республикасы) искусство факультетинде окуган жана Ян Евангелист Пуркинде (Усти-над-Лабем, Чехия Республикасы) университетинин искусство жана дизайн факультетинде куратордук изилдөө жүргүзгөн.

Каталог үчүн менин текстим:
Адам укугун кино көрсөтүү жана дебаттар аркылуу жайылтуу социалдык, саясий, экологиялык жана медиалык темага кызыккандардын баарына арналган. Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин «Один мир» Эл аралык фестивалы 20 жылдан бери мындай маданий окуяларды уюштуруу менен алектенет жана дүйнө жүзү боюнча адам укуктарына арналган кинофестивалдарды сыймыктануу менен колдоп келет. Биз Кыргызстандагы адам укуктары тармагындагы көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга арналган “Бир дүйнө” кинофестивалын чын дилибиз менен колдойбуз.
Бул жылы да “Бир дүйнө” кинофестивалы адам укуктары боюнча кинофестивалдар – жөн гана фильмдерди көрсөтүп коюу эмес, ар бир адам башкалар менен адам укугу тармагындагы көйгөйлөр жөнүндө өзүнүн ой-пикири жана тажрыйбасы менен бөлүшкөнгө, андан да көбүрөөк маалымат алганга мүмкүнчүлүк берүүчү ачык аянтча түзө алган уникалдуу мүмкүнчүлүгүн далилдегенге ээ. Фестивалдын коноктору активдүү жаран болгонго мүмкүнчүлүк алышат, ал эми Бишкек демократиялык баалуулуктарды тааныган, адам укугун жана адам наркын колдогон глобалдык коомдун ажырагыс бөлүгү экендигин көрсөтө алат.

Ондржей Каменицкий
Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин «Один мир» Эл аралык фестивалынын директору, Чехия Республикасы.