Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII Эл аралык «Бир Дүйнө-Кыргызстан 2018» фестивалына куттуктоо сөзүн Европадагы Тынчтык жана эркиндик үчүн аялдар лигасынын Эл аралык кеңешинин мүчөсү Хайди Майнцольт жөнөткөн. Ал Германияда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырганга шарт түзгөн Аялдар Коопсуздук Кеңешинин негиздөөчүсү болуп эсептелет жана 2016-жылдан бери өзүнүн иштерин ОБСЕнин «Жарандык тилектештик» платформасындагы аялдар/гендер көйгөйлөрү боюнча жумушчу топтор менен биргелешип жөнгө салат. Анын негизги ишмердиги – адамдардын коопсуздугу, талаш-тартыштардын алдын алуу, зордук-зомбулуксуз чечүү аркылуу аялдардын укугун коргоо жана тынчтыкты сактоо, мында тынчтык жана саясий процесстеги аялдардын ролуна өзгөчө көңүл бөлүнөт.

«Биз, феминисттер үчүн теңсиздик, адилетсиздик, калктын керектөөлөрүн камсыз кылбаган экономикакылык кызыкчылыктарбири-бири менен байланышкан жана согуштун негизги себептери болуп эсептелет, ал эми Тынчтык жана эркиндик үчүн аялдар лигасы аны 100 жылдан ашык убакыт изилдеп келүүдө. «Байлыктын тең эместигинин өсүүсү биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү азайтат, а неолибералдык тартиптеги эркин рынок проблемаларды чечпейт. Биздин институттар, саясатчылар, партиялар бардыгы акча менен жугушкан» - деп келтирем мен Сония Локарды. Ал мындай абалдан чыгуу үчүн «белгилүү бир проблемага багытталган тармак арасындагы коалициялар» катары жолду сунуштайт. Биз, аялдар, так ушуга жетишибиз керек!

Биздин негизги эксперттер, саясатчылар жана ЖМК кризиске көзүн жабышат, «глобализация кризисине», «экономиканын кризисине», «миграциянын кризисине», «демократиянын кризисине», алар модернизацияны, атуулдукту, жаңы улутчулдукту жана мамлекеттен чыгып кетүүгө тыюу салууну элестетишет.

Биз согуштун негизги себептерин үзгүлтүксүз көзгө албагандарга каршы турганыбызда бардыгыңыздар менен бирге тилектеш экендигибизди сезебиз. Биз Германиянын курал жарагынын Сауд Аравиясына экспорттоого каршы турабыз, себеби ал Йемендин аялдары үчүн массалык бактысыздык, биз пешмаргдын курддук түзүмдөрүнө каршыбыз, себеби алар өзүнүн курал-жарагын көмүскө рынокто сатышат, ошондой эле биз АКШны биздин территорияда өзүнүн өзөктүк арсеналын мадернизациялоосу үчүн күнөөлөйбүз.

Биз акчаларды согуштун ордуна тынчтык үчүн жумшоону талап кылабыз! Бизге тынчтыкка багытталган жалпы долбоорлор, билим жана окутуу, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо, адамзаттын ишенимин жана толук маанидеги коопсуздукту калыптандыруу боюнча чаралар керек болууда. Бизге аялдар үчүн алардын камкордук кылуу боюнча ишин баалоо аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бир топ инвестициялар талап кылынат.

Биз, аялдар, жарандык коомчулук үчүн аянтчанын кыскарышына жол бербейбиз, себеби бул өзгөрүүлөргө демилгечи катары биздин дагы аянтчабыздын тарышына алып келет. Биз чечим чыгаруунун алдындагы бардык деңгээлдерде жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөргө аялдардын катышуусун талап кылабыз, аялдардын локалдык тажрыйбасы транс чек аралык жана комплекстик иш-чаралардын алдын алуу жана профилактика үчүн пайдаланылышы керек.

Биз реалдуу кайра өзгөрүүлөр үчүн биргелешип гана керектүү коалицияларды түзө алабыз.
Сиздердин кинофестиваль биздин ишке чоң салым кошот! Сиздерге ийгилик каалайм!»