Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII Эл аралык «Бир Дүйнө-Кыргызстан 2018» фестивалына куттуктоо сөзүн Азия, Чыгыш Европа, Африка жана Латин Америка өлкөлөрүндөгү балдардын укуктарын жана наркын коргоо тармагында иштеген, БИСЕ франциялык коомдук уюмдун долбоорлорунун менеджери Диана Филатова дагы жөнөткөн. Ал ошондой эле балдарды зордук-зомбулуктан коргоого, балдардын билимге болгон укугун камсыздоого жана майыптыгы бар балдардын укугун коргоого багытталган долбоорлор боюнча адис.

«Мен адам укуктары боюнча БУУнун дүйнө жүзү үчүн өтө маанилүү болгон, Жалпы Деклорациясынын 70 жылдыгына арналган кинофестивалга катышканыма жана сиздер менен жүз көрүшкөнүмө абдан кубанычтамын! Бул жылдары канчалаган жолдор артта калды! Бирок, бул Деклорация ар бир өлкөнүн ар бир адамынын күнүмдүк жашоосундагы реалдуулук болушу үчүн канчалаган белестерди басып өтүү керек. Мен Кыргызстандагы кинофестиваль адам укуктарын ишке ашыруудагы дагы бир негизги кадам болот деп ишенем.