«Бир Дүйнө - Кыргызстан» документалдык тасмалардын эл аралык фестивалы Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына: «Жарандык коом адам укуктары жана эркиндиктери үчүн» арналган.

Фестиваль адам укугу боюнча документалдык фильмдерди көрүү аркылуу көрүүчүлөрдүн кеңири аудиториясынын укуктук аң-сезимин калыптандырууга багытталган, ошондой эле, адам укугу жөнүндөгү фильмдерди жараткан кинематографисттерди колдоого алган Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча жападан жалгыз фестиваль болуп саналат.

Адам укугу боюнча документалдык тасмалардын эл аралык фестивалынын чакырыгы (слоганы): «Бир Дүйнө - Кыргызстан – ар бир адам үчүн орун бар фестиваль!», бул иш-чаранын жынысынан, улутунан, жаш курагынан жана социалдык статусунан көз карандысыз жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын билдирет. Асыресе, ал бардык категориядагы калктын өкүлдөрүнө, айрыкча, аялуу катмарлардагы – мигранттарга, жаштарга, балдарга, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө адилеттик, коррупция,  акыйкат башкаруу, жарандардын укуктары жана милдеттери, жөнүндө дискуссияга тартуу менен бийлик менен өз ара аракет этишүү маданиятын калыптандырууга, ошондой эле, Кыргызстан сыяктуу транзиттик өлкөдөгү толеранттуулук менен плюрализмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Документалдык фильмдерди көргөндөн кийин жарандар мамлекеттик бийликтин жарандар менен өз ара аракет этишүү механизмдери жөнүндө ачык-айкын түшүнүк ала алышат, өлкөдөгү жалпы саясий жагдайга көз караштарын өзгөртүшөт. Ошону менен бирге өкмөт гана эмес, жарандардын өздөрү дагы өз жашоолору үчүн жоопкерчилик алууга тийиш экендиги жөнүндө саясат пайда болуп, эл алгачкы, ал эми бийлик экинчи тураары жөнүндөгү чындыкты ырастайт.

Адам укугу боюнча документалдык тасмалардын эл аралык фестивалы  — саясий эмес жана коммерциялык эмес долбоор. Фестивалды көрүүгө кирүү дайыма эркин. Фестиваль адам укуктары жөнүндө жаңы мыкты документалдык тасмаларды алгач Кыргызстандын борборунда көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген моделге ээ, андан кийин өлкөнүн аймактарында көрсөтүлүп, Кыргызстандын  аймактарынын эбегейсиз  аудиториясын адам укуктарын коргоо темасын илгерилетүү идеясына тартат. Сеанстар мектептерде, жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде өтөт. Ошондой эле, ар бир региондо документалдык фильмдерди чагылдыруу процессине тартылган «Бир Дүйнө - Кыргызстандын” регионалдык өнөктөштөрү бар. «Бир Дүйнө - Кыргызстан» эл аралык фестивалы өткөрүлө баштаган алгачкы күндөн бери республиканын коомдук-саясий турмушунда маанилүү окуя катары өз ордун тапты жана адам укуктарын коргоо жаатында орчундуу көйгөйлөрдү  кинематограф каражаттары аркылуу чагылдыруучу өз алдынчалуу барометр болуп калды. 

Фестивалдын негизги максаты көрүүчүлөргө көйгөйлөрдүн социалдык-экономикалык жана саясий контексттерин терең түшүнүүгө, аларды сын көз караш менен карап, ой жүгүртүүгө жана чыгуу жолдорун талкуулоого мүмкүнчүлүк берүү менен, адам укуктарын жана эркиндиктерин документалдык кино аркылуу илгерилетүү болуп саналат.

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» фестивалынын миссиясы - биригүүлөр эркиндигине өзгөчө көңүл буруу менен адам укугун коргоо, Кыргызстандагы укук коргоочулар үчүн жана жарандардын аялуу топтору үчүн саясий мейкиндикти бекемдөө..

Ошондой эле, фестивалдын кошумча милдеттерин белгилей кетүү абзел:

Фестивалдын программаларына адам укуктары жөнүндө мыкты улуттук жана чет өлкөлүк документалдык фильмдер катышат.

Фестиваль ачылган күнү өмүрлөрүн адам укуктарын коргоого арнаган жана  документалдык тасмаларда чагылдырылган мурдагы фестивалдардын документалдык тасмаларынын каармандарына «Бир Дүйнө – Кыргызстан» “Адамдын укугу үчүн” атайын сыйлыктарын тапшыруу аземи болот.

Фестивалдын өнөктөштөрү болуп Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилиги, Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм, БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариатынын Башкармалыгы жана башкалар болуп эсептелишет.

2016-жылдагы Фестивалдын стратегиялык өнөктөшү КРнын Акыйкатчы Институту болуп саналат. Ошентип, өкмөт жана жарандык сектор адам укугун жана эркиндиктерин илгерилетүүдө жалпы ыкмаларды колдонушат, бул келечекте оң жыйынтыктарды берет

Быйылкы жылы документалдык фильмдердин X эл аралык фестивалы мааракелик датага ээ жана  2016-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин өтөт.

2016-жылдын мартында «Бир Дүйнө» өкүлдөрү «Бир Дүйнө - Кыргызстан» фестивалынын өзөктөш уюму болуп саналган Прагадагы (Чехия) «One World» фестивалына катышышкан. Бул фестивалга «Бир Дүйнө - Кыргызстан» фестивалынын долбоорду баалоо комиссиясынын баасына татыган сынакка катышуу үчүн тапшырылган 17 фильм менен бирге 29 фильм тандалып алынган. Жыйынтыгында фестивалдын сынактык программасмына катышуу үчүн 19  фильм тандалып алынды. Ошондой эле 3 фильм сынактан тышкары көрсөтүлөт.

Фестивалдын долбоору үчүн жумушчу топ түзүлүп, буга  Кыргыз Республикасынын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин, Акыйкатчынын аппаратынын, ОБСЕнин, БУУнун АУбЖКБнын, Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоо жана медиа технологиялар мектебинин жана Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү кирген.        

Фестивалды уюштуруу комитетинин курамы:

  1. Асаналиева Гульзина Асимжановна -  КРнын Акыйкатчысынын социалдык-экономикалык укуктарды коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы
  2. Абылова Каным - КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  Министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси. 
  3. Ильхам Умарахунов – азчылык маселелери боюнча улуттук кеңешчи, БУУнун АУЖКБ (УВКПЧООН).
  4. Жылдыз Тологон кызы – адамзаттык өлчөө программасы боюнча программалык ассистент, ЕККУ
  5. Инга Сикорская – БАдагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин директору
  6. Ажара Касмалиева – долбоордук менеджер, Жаштарды өнүктүрүү институту.
  7. Лидия Хван –фестивалдын координатору,   «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК КБ;
  8. Накинай Айдакеева – меймандар боюнча координатор, «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК КБ;

Тасмалар кийинки критерийлер боюнча бааланды:

  • Фестиваль – 2016 темасын чагылдырып берген мазмуну;
  • Теманын тереңдиги жана толук ачылышы;
  • Сюжеттин оригиналдуулугу;
  • Режиссёрдук жана оператордук искусство (съёмканын татаалдыгы, техникалык сапат, монтажискусствосу).

Фестивалда 5 улуттук фильм, 9 чет элдик фильм, ошондой эле, 5 фильм КМШ өлкөлөрүнөн көрсөтүлөт. Фильмдер актуалдуулугу жана социалдык көйгөйлөрдүн көп түрдүүлүгү менен айырмаланышат. Фильмдер тематикалык категориялар боюнча топторго бөлүштүрүлгөн жана ошого жараша көрсөтүүлөр сунушталат:

           Адам укугу жана ресурстар

1. Перудан келген тасма «Көл кызы», режиссеру Эрнесто Кабэллос Дамиан, фильм экологиялык коопсуз зонада жашоого укуктарын коргоп чыккан, ыпылас райондо жашаган Перу жашоочуларынын умтулуусун чагылдырат.

2. Казакстандан келген тасма «Ууланган чындык», фильмдин режиссеру Санат Урналиев, фильм Казакстандын мунайгазчыгаруучу айылындагы балдардын массалык ууланышы жана ата-энелердин балдарынын саламаттыгы жана жашоо үчүн күрөшү тууралуу баяндайт.

3. Казакстандан келген тасма «Аскер полигону менен коңшулаш», фильмдин режиссеру ошондой эле Санат Урналиев, фильмдеРоссия тарабынан ижарага алынган аскердик-сыноочу полигон менен коңшулаштыгы Батыш-Казакстан областындагы Бокейордо районундагы айылдардын тургундарынын оор илдеттерин чакырып жаткандыгы тууралуу айтылат. Мамлекеттин аракетсиздиги баса белгиленет.

Аялдардын укуктары

4. «Сонита», фильмдин режиссеру Роксарех Гаем Магами, фильм Афганистандагы кыз-келиндердин укуктары маселесин ата-энеси калыңга акча алуу максатында мажбурлап күйөөгө берүүнү каалаган жашы жете элек кыздын мисалында көтөрүп чыгат. Кызга өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мүмкүн болот жана өз укуктары үчүн күрөштү ал рэп стилиндеги ырларында чагылдыра баштайт.

5. «Эненин көз жашы» улуттук фильм, Муканбетов Данияр – фильмдин режиссеру, фильм Кыргызстандын коомдо коргоого алынбаган, жергиликтүү маданияттын стереотиптеринен көз каранды, асыресе, мусулмандык каададан чыкпаган, расмий никелик каттоодон өтпөгөн, ажырашкан мезгилинде күйөөсү тарабынан материалдык жактан камсыздалбай балдары менен кала берген аялдарынын оор турмушунун көйгөйлөрүн көтөрүп чыгат,

6.  «Сирия: Аял ... , Азап ..., Арман» улуттук фильм, Кожобаева Замира аталган   фильмдин режиссеру, фильмде өлкөдөгү тынч жашосун алдоо жолу менен Сириядагы кан кайнап, от күйгөн согушка алмашкан аялдардын укуктарынын бузулушу тууралуу кеп болот.

7. «Төрөттөн ажал тапкандар» улуттук фильм, фильмдин режиссеру Санжар Эралиев, фильмде төрөт убагында каза тапкан аялдардын кыйналган учуру сүрөттөлөт. Кыргызстандагы алдыңкы позициядагы эне өлүмүнүн маселеси сүрөттөлгөн. Бул фильмде аялдын төрөттөн каза табышы жана дарыгерлердин жоопкерчилиги баяндалат.

Адамдарды сатуу, балдардын эмгеги

8. Грузиядан келген тасма «Жибек жолундагы кулчулук», режиссеру Цовинар Назарова жанаВахтанг Кунцев-Габашвили, фильм адамдарды сатуу көйгөйүн көтөрүп чыгат, асыресе, аялдарды кулчулукка сатуу маселеси тууралуу айтылат. Өзбекстандан жана Кыргызстандан жандуу товарды сатуу боюнча иш жүргүзгөн жолго коюлган кылмыштуу тармактын Грузияга трафиги жөнүндө сөз болот.

9. Индиядан «Ceccilia/Сесилия» деген аталыштагы трагедиялуу тасма, режиссеру  Панкай Джокар, фильм Индиядагы балдардын эмгегинин мыйзамсыз колдонулушун жана адамдарды сатууга айыпталгандарды актаган сот системасынын  коррупцияланышын чагылдырат.  

10. Франциялык документалдуу фильм «Invisibles»/«Көрүнбөстөр», фильмдин режиссеру  Гвидо Фррэди, 17 минуттук фильм, Франциядагы адам сатуунун курмандыгы болушкан балдар тууралуу көрсөтөт (үй кызматкери катары, сексуалдык  эксплуатация, мажбурланган кайырчылык ж.б. катары).

11. Өзбек фильми «Сүйлөөчү пахта», аталган фильмдин  режиссерлору Штефани Трамов жана Эрик Малхоу, фильм балдардын эмгегин талаадан пахта терүү үчүн колдонууну сүрөттөйт. Мамлекет окуучуларды пахта терим убагында билим берүү процессин узгүлтүккө учуратып, талаага жөнөтүп, окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Фильм жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан камерага тартууну сүйүүчүлүк ыкмасы (телефон) аркылуу тартылган.

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү

 12. Түштүк Судандан документалдык фильм  «Уландуу окуя», режиссеру Илзе ван Велзен, Фемке ван Велзен, фильмде Түштүк Судандын мыйзамдын үстөмдүгү жана сот адилеттигине Түштүк Судандын жашоочуларынын укуктары маселесин чагылдырган.

13. Сенегал фильми «Incorruptible»/ «Парага сатылбаган», режиссеру Элизабет Чай Вазархели болуп саналат, фильм президенттин башкаруу режимине (коррупциянын өсүшүнө, экономиканын чабал деңгээлине) нааразы болгон жана жаңы президентти шайлоого активдүү катышкан Сенегал элинин активдүүлүгүн жана жарандык катышуусун чагылдырат,

14.  Улуттук фильм «Өтмүшү жок адам», фильмдин режиссеру Абдымомун Мамыраимов, 15 минуттук фильм Нурдиндин мисалында Кыргызстандагы кыйноолордун курмандыктары жана мотивдештирилген айыптоолор тууралуу баяндайт, фильм күч структуралары тарабынан аларга керектүү нерсени моюнга алдыруу, фактыларды жана коррупцияны бурмалоо үчүн кыйноолорду колдонушун, ошондой эле, адамгерчиликсиз мамилеге туш болгон адамдын физикалык жана моралдык кесепетин демонстрациялайт,

Эмгекке карата укук

15. Казак фильми: «Жанаозен: белгисиз трагедия», аталган фильмдин режиссеру Юлия Мазурова, фильм казак бийликтери тарабынан жашырылган 2011-жылдын  декабрындагы Жанаозен шаарындагы көп айга созулган мунайчылардын козголоңунун басылышы тууралуу окуяны ачып берет.

16.  «Кенчилерди атуу», түштүк Африка фильми, фильмдин режиссеру Рехад Дессай, фильм түштүк Африкадагы эмгек акы аз төлөнгөн жумушчулардын Лонмин кен чыгаруучу компаниясынын, АНК өкмөтүнүн жана алардын шахтерлордун улуттук профсоюзундагы союздаштарынын бириккен күчүнө каршы турган согушун көрсөтөт.

17. «Миграциянын курмандыктары» улуттук фильми, фильмдин режиссеру Бердибаева Айгерим, фильм Кыргызстандагы жашы жете электерге карата зомбулуктун күчөшүнүн санынын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири катары эмгек миграциясынан көргөн кырдаалды чагылдырат. Ата-энелери тарабынан туугандарыныкына калтырылган балдардын абалы кооптонууну жаратат.

Билим алуу укугу

18. Кытайдан келген «OntheRimTheSky»/ «Асман кыйырында»фильми, фильмдин режиссеру Хонгджи Ксу. Фильмде Кытайдын алыскы тоолуу жергесинде билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана анын сапатын жакшыртуу максатында жергиликтүү коомчулуктун мектептин акыбалын жакшыртуу жана аны кеңейтүү боюнча маселени биргелешип чечүүдөгү катыштыгы жана активдүүлүгү чагылдырылган,

Балдардын укугу

19. Голландиялык фильм «Full of dreams»/ «Кыял кечтер», фильмдин режиссеру  Маринка де Йонг,  19 минуттук фильмде Голландияда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын колдоону жана кубаттоону, татыктуу жашоону чагылдырат.  

Жогоруда белгиленгендей, документалдык фильмдердин режиссерлору Перу, Сенегал, Түштүк Судан, Кытай, Иран, Индия, Швейцария, Франция, Түштүк Африка сыяктуу чет өлкөлөрдүн, ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнөн - Өзбекстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынын жана Грузиянын өкүлдөрү болуп саналышат.

2016-жылдагы фестивалдын эксперттери катары  – Прагадагы «One World» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын Эл аралык фестивалынын директору Хана Куликова, Малайзиядан эксперт Дебора Кристин Стотхард -адам укуктары боюнча FIDH эл аралык федерациясынын башкы катчысы, Парижден Женевьев Кола “Адамдарды сатууга каршы бирге” долбоорунун координатору, Варшавадан “Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусунун” эксперти жана укук коргоочусу Ольга Саломатова, Москвадагы “Каритас” үй-жайсыздарга жардам көрсөтүү кызматынын жетекчисинин орун басары, психолог НадеждаКлюева,  Fergana.ru маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Даниил Кислов жана журналист, эксперт Узбекистандан Сергей Наумов чыгып сүйлөшөт.

Фестивалдын калыстар тобунун курамына эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргыз фильмофонд» киновидео тасмалардын мамлекеттик республикалык фондунун өкүлдөрү, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана ошондой эле, эл аралык эксперттер кирмекчи.

Фестивалды өткөрүүдө өзгөчө роль ойногон ыктыярчылардын кошкон олуттуу салымдарын дагы кошумча белгилей кетүү керек.  40 адамдан турган биздин ыктыярчылардан турган командабыз фестивадлды борбордо өткөрүүнү уюштурууга жана фильмдерди регионалдык деңгээлде көрсөтүүгө жардам берет.  

Фестивалдын калыстарынын курамына эл аралык уюмдардын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргыз фильмофонд» киновидео тасмалардын мамлекеттик республикалык фондунун, КРнын Акыйкатчы институнун өкүлдөрү, ошондой эле, эл аралык эксперттер кирет.

Фестивалдын программасына 2011-жылдан 2015-жылдын аралыгында чыккан эң ачык-айкын документалдык картиналар кирди. Баам салсак, турмуштагы бардык кыйынчылыктарга карабастан киноөндүрүшүндө да кандайдыр бир инерттүүлүк жана апатия мезгили өттү. Аларда көбүнчө социалдык адилеттүүлүк чагылдырылып келет. Режиссерлор жашоодогу толгон-токой адилетсиздик көрүнүштөрүнөн жана укуктардын бузулушунан кайдыгер кыйгап өтүшпөйт, алар активдүү түрдө адам укугу темасын өздөштүрүшөт жана адам укуктарынын бузулушу маселесине кайдыгер боло алышпайт. Документалдык фильмдер - өз деңгээли жана энергиясы боюнча ар кыл. Бирок, алар кандай гана олуттуу маселеге кайрылбасын, аларды депрессивдүү деп атоого болбойт.алар энергиялуу жана прерогативдүү. Кинематографисттер өтө оор кыраалдарда боюн таштап салбагандар, жакындарын азапка таштабагандар, өзүн өзү сатып кетпегендер тууралуу айтып беришет. Кыз-келиндердин экстремалдык жагдайларга туш келген тайкы тагдырлары, дүйнөдөн чектелбеген жана анын кайгы-касыретин кучагына алууга мажбур болгон балдардын көйгөйлөрү, мигранттардын өздөрү үчүн жаңы чөйрөгө көнүшү, али турмушка каныга элек жаш адамдардын жашоонун маңызын жана андагы өз ордун издөөсү  – мунун баары азыркы документалдык фильмде көнүл борборуна коюлат. Фестиваль документалдык фильмдерди көрсөтүүчү аянтча гана болбостон, интернационалдык билим берүүнүн коммуникациялык платформасы, анын алкагында жаш кинематографисттерди окутууга жана документалдык кинематографты өнүктүрүүдөгү олуттуу маселелерди талкуулоого багытталган мастер-класстар, дискуссиялар, көргөзмөлөр жана чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлөт.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 31-октябрда «Манас» кинотеатрында Тынчтык проспекти 47/А дарегинде өтөт.

Тасмаларды фестивалдын алкагында көрсөтүү 1-ноябрдан 3-ноябрга «Манас» кинотеатрында өтөт.

  “Бир Дүйнө – Кыргызстан – 2016” адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын Эл аралык X фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты жана жыйынтыктоо 4- ноябрда «Манас» кинотеатрында саат 15:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар калыстардын чечиминин жыйынтыгында тапшырылат. Калыстардын жеңүүчүлөрдү тандоо үчүн өз регламенти болот.

Адам укугу боюнча X эл аралык документалдык фильмдердин фестивалы режиссерлору:

  • Гран-при «Эркиндик жана адам укугун коргоо үчүн»;
  • Кыз-келиндердин укуктарынын бузулушу боюнча мыкты фильм;
  • Адамдын ар-намысын коргоо боюнча мыкты фильм;
  • Балдардын укуктарын коргоо боюнча мыкты фильм
  • Адам укуктары жана ресурстар жөнүндө мыкты фильм;
  • Маалымат жеткиликтүүлүгү жөнүндө мыкты фильм;

«Бир Дүйнө – Кыргызстан - 2016» фестивалынын командасы

  1. Фестивалдын директору – Исмаилова Толекан Асаналиевна, «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК КБ төрайымы, Адам укугу үчүн Эл аралык Федерациясынын Вице президенти.
  2. Фестивалдын координатору – Хван Лидия Павловна
  3. Фестивалдын меймандар боюнча координатору –Накинай Айдакеева
  4. ФестивалдынPR – менеджери – Елена Баялинова жана  Авланбек Жумабаев
  5. Ыктыярчылардын координатору – Эрлан Замирбеков
  6. Техникалык менеджер – Азамат Арыков
  7. Бухгалтер – Нуриля Мамыралиева

Бардык тасмаларды көрүүгө кирүү ЭРКИН.

Биздин фестиваль жөнүндө www.birduino.kg сайтынан кеңири жана толук маалымат ала аласыз. 

Байланышуу:

Хван Лидия Павловна – Фестивалдын координатору.

Mob: + 996 771 12 88 85

tel.+996 312 38 33 30

fax. +996 312 38 33 30

e-mail: Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir.

skype: lidia.hvan

АйдакееваНакинайСейтказиевна– Фестивалдынмеймандарбоюнчакоординатору.

Mob: + 996 555 62 62 21

tel.+996 312 38 33 30

fax. +996 312 38 33 30

e-mail: Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir.

skype: nona19873

asdf