“ЕККУ аймагында экстремизм менен күрөшүү шарттарында адам укуктарынын сакталышы” тегерек үстөлүнүн жыйынтыгы
Ноя 20.2021«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Парк-Отелде саат 10:00дө “ЕККУ аймагында экстремизм менен күрөшүү шарттарында адам укуктарынын сакталышы” аталышында тегерек стол жыйынын өткөрдү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясындагы катышуучуларга кайрылуусуна жана ал тарабынан айтылган Афганистандагы кырдаалга карата кооптоонуу жана Борбордук Азия үчүн башкы планга чыккан коопсуздук маселелери, Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча Борборду түзүү демилгеси менен шайкеш келет[1].
Иш-чаранын ачылышында “Бир Дүйнө Кыргызстан” УК директору Толекан Исмаиловаадам укуктарынын баалуулуктарын, адамзаттык ар-намысты ЕККУ катышуучу мамлекеттери тарабынан илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн, “ЕККУ алкагында терроризм менен күрөшүү жана адам укуктарын коргоо” колдонмосунда айтылган сунуштамаларды илгерилетүү зарылдыгын жана адам укуктары боюнча Жогорку Комиссар Сержиу Виейра ди Меллу 2002-жылы «Терроризмди жок кылуунун жана бөгөт коюунун мыкты жана жападан жалгыз стратегиясы - адам укуктарын урматтоодо, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөдө, демократияны жакшыртууда жана укуктардын үстөмдүгүн принцибин кубаттоодо камтылгандыгы” жөнүндө айткан сөзүн баса белгиледи[2].
КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Мелис Сатыбалдиев өз баяндамасында экстремизм жана терроризм менен күрөш аракеттерди иштеп чыгуу үчүн күч-аракеттерди жана консолидацияларды талап кыла тургандыгына жана укук коргоо органдары ратификацияланган эл аралык документтерде, Конституцияда жана улуттук мыйзамдарда бекитилген фундаменталдуу, туруктуу адам укуктары жөнүндө эстен чыгарбоо керектигине токтолуп өттү. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыйгарым укуктарын жогорулаткан учурда мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат. Мамлекеттик саясат адам укуктарын сактоого негизделип жүргүзүлөт, ошондой эле, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы ушул принциптерге таянып иш алып барат. Азыркы тапта КРнын Коопсуздук Кеңешинин Концепциясы кабыл алууга даярдалууда, анда адам укуктарын сактоону эске алуу менен экстремизм жана терроризмге каршы аракеттерди жүргүзүү маселелери камтылган.
Ошентип, эл аралык тегерек стол жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн экстремизм менен күрөшүү боюнча диалогдук аянтча болуп калды. Кыргызстандын, Германиянын, Польшанын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын укук коргоочулары, эксперттер, адвокаттар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин, КРнын Жогорку Кеңешинин, КР ИИМнин, КР ЖАМКнын, КР ККУБнын, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен биргеликте ЕККУга мүчө мамлекеттердин милдеттенмелерине жана башка адам укуктары жаатындагы Кыргызстандын эл аралык стандарттарга жана милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги укугун сактоо, мыйзам ченемдерин, эксперттик корутундуларды жакшыртуу боюнча жумушчу топтордо иштелип чыккан сунуштамаларды талкуулашты.
Жыйынтыгында ЕККУнун адамзаттык ченемдеринин баалуулуктарын илгерилетүү үчүн Борбордук Азия регионундагы, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды камтуу менен радикалдуу фундаментализмдин күчөшүнө байланышкан жаңы тобокелдиктерди жана карагашаларды көңүл борборуна алган резолюция кабыл алынды жана катышуучулар төмөнкүлөргө даяр экендиктерин билдиришти:
- Күч колдонуучулук экстремизмге жана терроризмге каршы аракет кылуу жана алдын алуу жаатында улуттук мыйзамдарды жакшыртуу үчүн тиешелүү көмөк көрсөтүүгө;
- Эл аралык эксперттик коомчулуктун алкагында, ага тете бийлик органдарынын өкүлдөрү менен кызматташтыкка жана диалогго ачык болууга;
- Бардык кызыкдар тараптарды, жарандык коомчулукту жана мамлекеттик бийлик органдарын камтуу менен бул документти колдоого жана региондо укук үстөмдүгүн жана демократия принциптерин бекемдөөгө активдүү көмөкчү болууга чакырууга.
Үч жумушчу топ талкуулардын жыйынтыгында кийинки сунуштамаларды иштеп чыгышты:
- Жумушчу топтун экстремизмге тийиштүү мыйзамдарды өзгөртүү боюнча негизги сунуштамалары:
- «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү мыйзамы жөнүндө» КРнын мыйзамында экстремизмдин юридикалык аныктамасын бул түшүнүк тигил же бул түрдө зомбулукту колдонуу менен байланышкан аракеттерге гана тийиштүү болгондой түрдө өзгөртүү. Экстремисттик ишмердүүлүктүн аныктамасы мыйзамда кеңейтилген түшүндүрмөсү жок, максималдуу түрдө так болушу керек.
- Жогорку сот экстремисттик багыттагы иштер боюнча соттук практиканы жалпылаштырышы жана Пленумдун токтомун мындай кылмыш иштерин кароого карата түшүндүрмөлөрү менен иштеп чыгуусу шарт.
- Экстремисттик багыттагы анчалык оор эмес кылмыш иштери жөнүндө беренелер боюнча соттолгондор үчүн пробациялык көзөмөлдү киргизүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу үчүн КРнын КЖКнин 82-беренесинин 4-п. 2-бөлүгүн өзгөртүү.
- Азыркы учурда КЖКнын 315- (333) беренесинин курамын түзгөн экстремисттик материалдарды жана символиканы даярдоо жана таратууну кылмыш-жаза иштеринин эсебинен чыгаруу;
- Экстремисттик багыттагы кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында тыюу салынган уюмдардын жана материалдардын мазмуну жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын сотторунун сайттарында экстремизм жөнүндө иштер боюнча соттук чечимдерди үзгүлтүксүз жарыялоо.
- Эксперттик корутундулар боюнча жумушчу топтун негизги сунуштамалары:
- Эксперттик методикалардын эл аралык реестрин, көз карандысыз академиялык эксперттик топторду, жамааттарды түзүү жана өнүктүрүү;
- Көз карандысыз эксперттик, анын ичинде чет элдик мекемелердин тизмесин түзүү;
- Соттук-эксперттик журналистиканы өнүктүрүү, журналисттерди эксперттик коомчулук менен иштөөгө окутуу;
- Эксперттердин иштерин баалоо боюнча боюнча коомдук аянтчаны түзүү, эксперттердин коомдук рейтингин түзүү;
- Жасалма эксперттик корутундуларды берүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
- Эксперттердин компетенциясын баалоо боюнча соттор үчүн тест түзүү (Дубер тестине окшош);
- Бирдиктүү сайтты түзүү жана соттордун чечимдери менен бирге экспертизанын корутундуларын милдеттүү түрдө жарыялоо нормасын киргизүү;
- Сөз эркиндиги боюнча топ: укук коргоо органдары тарабынан суракка чакыруу сын ой-пикирлерди билдирүү үчүн куугунтуктоо чарасы катары колдонулат:
- Бийликке тигил же бул сынды жарыялоо менен коомдук тартип бузулбайт, ага тете эле өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирилбейт. Бийликтин аракеттерин сындоо менен адам ой-пикирин айтууга укугун жүзөгө ашырат;
- Жайылтылышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн болгон негативдүү маалыматтын толук тизмеси мыйзам тарабынан каралган жана бул учурда тергөө аракеттерин, анын ичинде сурактарды жүргүзүүгө жол берилет:
- террордук ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга эл алдында чакырык кылуу (КЖК 242-бер.);
- бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жана массалык баш аламандыктарга активдүү баш ийбөөгө чакырыктар, жана ага тете эле жарандардын үстүнөн зомбулук жасоого чакырыктар (КЖК 264-бер, 3-бөл.);
- бийликти күч менен басып алууга же бийликти күч менен кармап турууга эл алдында чакырык жасоо, ага тете эле конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктар, согуштуу пропагандалоо (КЖК 310);
- Сизди суракка чакыруу фактысын элге жарыялоо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин туура жүрүм-турумуна, бардык бардык процессуалдык талаптардын абийирдүүлүк менен аткарылышына жана укуктарынан кыянат пайдаланууга жол берилбешине көмөкчү болот;
- Акыйкатчы институтуна адвокаттык коомчулукту жана кайрылууларды кошуу;
- Алгачкы тергөө органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмчөсүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери кылмыштык сот өндүрүшүнүн катышуучулары, ошондой эле, эгерде өткөрүлүп жаткан процессуалдык аракеттер (аракетсиздиктер) же чечимдер кызыкчылыктарын козгогон болсо, башка жактар тарабынан даттанууга мүмкүндүк берет (КЖК 127-бер.).
- Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жарыя кылбоо жөнүндө “милдеттенмесин” эмес, а мыйзамдык негиздер болгон кезде жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон тергөөчүнүн “укугун” эскертүүгө көрсөтмө берүү.
Эл аралык тегерек үстөл:
- «Бир Дүйнө Кыргызстан-2021» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын алкагында СОВА маалыматтык-аналитикалык борбору, “Жарандык шериктештик” платформасынын мүчөлөрү (@Civic Solidarity Platform) жана @ARTICLE19 менен шериктештикте демилгеленген, негизги темасы “Коркунучтар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары”.
- "Strengthening civil society cooperation in the OSCE region with regards to security, human rights, conflict resolution, and gender equality" долбоорунун алкагында Германиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосунда өткөрүлдү;
«Бир Дүйнө Кыргызстан»: сайт: birduino.kg;
емейл: birduinokyrgyzstan@gmail.com; байланыш телефондору: +996 312 317671, 0550184095.