“ЕККУ аймагында экстремизм менен күрөшүү шарттарында адам укуктарынын сакталышы” тегерек үстөлүнүн резолюциясы
Ноя 20.2021Биз, Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү өткөн тегерек үстөлдүн катышуучулары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарынын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү өз убагында ЕККУ регионундагы экстремизм менен күрөшүү өңүтүндө адам укуктарын сактоо маселелерин талкууладык,
Борбордук Азия регионунда, Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен радикалдуу фундаментализмдин күчөшүнө байланышкан жаңы тобокелдиктер менен каргашаларды эске алуу менен,
мыйзамдардын чыгарылышы жана укук колдонулуучу практика адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга, асыресе, ЕККУ жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчө-мамлекеттери өзүнө алган милдеттенмелерге шайкеш келиши зарыл экендигин баса белгилейбиз.
Адам укуктары чөйрөсүндөгү стандарттарды кайсы бир мамлекеттик күч органдарынын бузуп колдонуусу күч колдонуучу экстремизмге жана терроризмге алып келүүчү радикалдаштыруу менен күрөшүү боюнча мамлекеттин аракеттеринин мыйзамдуулугуна жана натыйжалуулугуна доо кетирет деген түшүнүктү бөлүшөбүз.
Жарандык сектор менен мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук мыйзамдарды жана укук колдонулуучу практиканы эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүү максатында үзгүлтүксүз диалог түзүү зарыл экендигин ишеничтүү билдиребиз.
ЕККУ адамзаттык ченемдеринин баалуулуктарын алдыга жылдыруу үчүн:
- Биз күч колдонуучу экстремизмди жана терроризмди алдын алуу жана ага каршы аракет кылууга зарыл болгон жардамды берүүгө даярбыз;
- Эл аралык эксперттик коомчулуктун алкагында, ага тете эле бийлик органдарынын өкүлдөрү менен кызматташтыкка жана диалогго ачыкпыз.
- Бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде жарандык коомчулукту жана мамлекеттик бийлик органдарын региондогу укук үстөмдүгүн жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө жигердүү көмөкчү болууга чакырабыз.
Эл аралык тегерек үстөлдүн катышуучулары.
17.11.2021.