“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Кыргызстан кинематографисттер союзу, Транспорт, автоунаа жолдору кесипчилик бирлигинин БКи менен өнөктөштүктө “Суусамыр: -40С градустагы жашоо” даре
Мар 15.2022Кыскача синопсис:Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктиктеги Төө-Ашууда жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери эмгектенишет. Көптөгөн жумушчулар үй бетин жумалап көрбөй, кышты жатаканаларда жашап өткөрүшөт. Айдоочулар жана жол жээктериндеги сатуучулар катуу сууктан кыйналышат. Аталган тасмада - 40 градус сууктагы Суусамыр өрөөнүндөгү катаал турмуш көрсөтүлөт.
Режиссер: Айгерим Акылбекова Бишкек шаарында туулуп, өскөн. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунун тележурналисти. Адам укуктары жана алыскы айылдардын турмушу жөнүндө репортаждарды тартып келет.
Убактысы: 16-март, саат 14:00
Өтүүчү орду: Ч.Айтматов атындагы Кино үйү, Логвиненко көч., 13.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, профсоюздардын, КРнын ӨКМнин, КРнын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, ошондой эле, К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа колледжинин студенттери, эксперттер жана көрүүчүлөр чакырылышкан.
Тасмаларды көрсөтүү жергиликтүү жамааттардагы, аны менен эле катар эл аралык документалисттерди жана эксперттерди тартуу менен “искусство аркылуу адам укуктары” инновациялык форматында (Human Rights through Art) адам укуктары чөйрөсүндөгү кырдаалды талкуулоо максатын көздөгөн адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир Дүйнө-Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында уюштурулган. 2022-жылы фестиваль “Климат жана каатчылыктар: жарандардын фундаменталдык укуктарына байланышкан кырдаал, Туруктуу өнүгүү максаттарынын альтернативалары” темасына арналат.
Фестиваль “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы” тарабынан Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосунда, WLP (Women’s Learning Partnership) тилектештик тармагы, FIDH (International Federation for Human Rights), CSP (The Civic Solidarity Platform), Forum-Asia, GNDR (The Global Network of Civil Society Organisations for Disaster Reduction), BICE (International Catholic Child Bureau), Борбордук Азиядагы эмгек укуктары боюнча эл аралык мониторингдик миссия менен биргеликте өткөрүлөт.
Бардык суроолор боюнча Абдрайимова Райхан Абсаламовнага 0551961861, Лира Асылбекке 0551089099 телефон номурлары аркылуу кайрылыңыздар.