Ɵлкѳнү укуктук талаага киргизүүгѳ байланыштуу баарлашуу» тегерек стѳлүнүн
Окт 13.2020БИЛДИРҮҮСҮ
13 октябрь 2020 жыл Бишкек шаары
Саясий жана коомдук кризис легитимдүү бийлик ѳкүлдѳрү качып кетип, коомду жана ѳлкѳнү тунгуюкка кептеди. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу акыркы саясий окуялар ѳлкѳну укуктук тунгуюкка алып келип, такап койду. Миңдеген адамдар аянтка чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, ѳлкѳдѳ бир жумага чукул башаламандык орун алды. Бийлик жана БШК бийликтин ыктаган озүнүн Конституциялык укуктарын пайдаланбай качып кетишти.
Ɵлкѳ кабылган ушундай оор абалда мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган инсандар, коомдук жана саясий ишмерлер, убагында мамлекетти башкарып, далай оор кырдаалды башынан ѳткѳргѳн жана Кыргыз мамлекеттин түптѳгѳн мамлекеттик ишмерлер, адамдардын укугу үчүн аянбай күрѳшүп келген укук коргоочулар, саясат талдоочулар, ѳлкѳнүн укуктук талаадан чыгып кеткенине ичинен тынчсызданган патриот юристтер, шайлоого катышкан саясий партиялардын лидерлери, жѳн эле кайдыгер эмес инсандар азыркы оор абал тууралуу ѳз позицияларын билдирип, кайрылуулар менен чыгып, азыркы оор абалдан чыгуунун жолдорун сунуш кылып, тегерек столдорду уюштуруп ѳлкѳдѳгү абалды калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди кѳрүүдѳ.
Ɵлкѳдѳгү оор саясий абалды жѳнгѳ салуу, укуктук талаага кайрадан алып келүү үчүн кайдыгер эмес адамдардын башын бириктирген тегерек столдогу баарлашуу болуп, тѳмѳндѳгүдѳй чечимдер кабыл алынды:
1. Кыргыз Республикасынын легитимдүү Президенти Сооронбай Жээнбеков элге ачык чыгып, ѳзүнүн Конституциялык милдеттерин так жана ачык аткарып, ѳзүнүн тарыхый жоопкерчилигин элине жана дүйнѳгѳ кѳрсѳтүш керек.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарыхый жоопкерчиликти сезип, Конституциялык милдеттерин так аткарып, легитимдүү аткаруу бийлигин бекитип, таза шайлоо ѳткѳрүп, мыйзамдардын баарын Конституцияга жана эл аралык принциптерге шайкеш келтирип, элдин талабын угуш керек.
3. Шайлоону ыплас ѳткѳрүп, элдин кыжырына тийип, мыйзамды одоно бузуп, революциянын чыгышына шарт түзгѳн үчүн БШКнын тѳрайымы тез аранын ичинде кызматынан кетип, калган БШКнын мүчѳлѳрүнүн ыңгайлуу иштешине тиешелүү шарт тузуп бериш керек.
Жогорку Кеңеш тез аранын ичинде Парламентке ѳтүү тууралуу 7 пайыздык тосмону алып салып, аны 5 же 3 пайызга тѳмѳндѳтүү жагын тез аранын ичинде карап, бул тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынсын.
4. Кабыл алынган чечимдерди кѳзѳмѳлгѳ алуу жана түзүлгѳн кырдаалды укуктук талаага келтирүү максатында ѳлкѳнүн жетекчилиги менен жолугушууларды ѳткѳрүү үчүн беш адамдан турган уюштуруу комитети түзүлсүн.
Алар тѳмѳндѳгүлѳр: Турсунбек Акун - Экс-Омбудсмен, Абдыганы Эркебаев - Жогорку Кеңештин мурдагы тѳрагасы, Кулов Феликс - Кыргыз Республикасынын мурдагы ѳкмѳт башчысы, Нарынбек Молдобаев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Марс Сариев - саясат талдоочу, Тѳлѳкан Исмаилова - укук коргоочу, «Бир Дүйнѳ» Кыргызстан уюмунун тѳрайымы, Динара Ошурахунова - укук коргоочу, жарандык кѳзѳмѳл комитетинин тѳрайымы.
5. Тегерек столдун катышуучулары бүткүл саясий күчтѳрдү ѳз ара сүйлѳшүүгѳ чакырып, улуттук баарлашуунун негизинде тегерек жыйыңга отуруп, укук талаага тез аранын ичинде кирүү жана ѳлкѳнү ѳнүктүрү боюнча аракеттерди кѳрүү.
6. Буларды ишке ашыруу үчүн «Келечекке Жол» Элдик Кеңешинин тѳрагасы, мурдагы Акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акунга жүктѳлсүн.
Бишкек ш., Кыргызстан
Парк Отель