2020 – жылдын 04 – октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүү алкагында юридикалык консультацияларды берүү боюнча «Түз байланыш»
Сен 18.20202020 – жылдын 17 – сентябрынан баштап «Бир Дүйно Кыргызстан» укук коргоо кыймылы 2020 – жылдын 04 – октябрында боло турган парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктары боюнча юридикалык консультацияларды берүү боюнча «Түз байланыш» ишин баштап жатат.
Түз байланыштын максаты - шайлоо коррупциясын, чыр-чатактардын алдын
алуу, басмырлоого жана жарандардын шайлоо укуктарын бузууга каршы туруу.
Юридикалык консультациялардын максаты – бул шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагында алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү.
Анын ичинде:
- 03 – октябрь күнү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлө турган добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартиби;
- 04 – октябрь күнү боло турган добуш берүүнү уюштурүү жана өткөрүү;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө;
- шайлоо мыйзамын бузууларга карата даттануулардын тартиби жана шайлоочулардын укугун камсыз кылуу жөнүндө маалымат берилет.
Эгерде жарандар алардын шайлоо укугу бузулду деген ойдо болушса, алар озүнүн конкреттүү көйгөйү боюнча керектелүүчү аракеттерин көрүү боюнча түшүндүрүү маалыматты ала алышат.
«Түз байланышка» түшкөн кайрылуулар, маалыматтар анализденип, шайлоо мыйзамдарын бузуусун, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктырын бузулуусун алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында компетенттүү укук коргоо органдарына кабарланат.
Жарандардын кайрылууларын юрист - консультанттар 2020 – жылдын 17 - сентябрынан 17 – октябрына чейин саат 9:00 дон 18:00 го чейин,
02- 04 – октябрь күндөрү күнү - түнү кабыл алышат.
Кайрылуу телефондору: (Мегаком) 0990180300, 0990180900, Билайн 0220573847.
__________________________________________________________________
«Түз байланыш» боюнча консультациялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелеринин негизинде жүргүзүлуп жатат.
"Бир Дүйнө-Кыргызстан" шайлоо процессин калыс, ачык жана көзкарандысыз принциптерге таянып талдайт. www.birduino.kg