«Бир Дүйнө – Кыргызстан” жана эксперттер “Кыргызстандын балдар үйлөрүндө
Июн 01.2021«Бир Дүйнө – Кыргызстан” жана эксперттер “Кыргызстандын балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелеринде коронавирус кесепетинин таасиринин денгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жыйынтыктарын чыгарып, мамлекеттик органдарга бир катар сунуштарды беришти
31-майда Бишкекте “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укутук кыймылы жана жарандардын маалымат алууга жана пандемия маалында жабык мекемелерде ден-соолукка болгон укуктары боюнча алдынкы эксперттер эки докладдын негизинде жаны тообокелдиктерди жана чакырыктарды талкуулашты. Алгачкы ирет пандеми маалында жабык мекемлерге берилген ички жана тышкы жардамдын аналитикасы жүргүзүлдү.
Иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына төмөнкү отчеттор тартууланды:
- «Кыргызстанда жабык мекемелерде CV-19 менен күрөшүүгө багытталган каражаттарды жана жардамды пайдалануунун ачык-айкындуулугуна анализ”;
- «Келечекте пандемия коркунучу жана башка ушул сыяктуу тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата жабык мекемелерде коопсуздук чараларын көрүү боюнча мамлекеттик органдарга сунуштар”;
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Б. Рысбековдун айтымында, 2020-жылы пандемия жана карантин маалында Борбордун кызматкерлерине жана укук коргоочуларга жабык мекемелерге кирүү андан дагы кыйындаган. Мониторингдерди өткөрүүдө тоскоолдуктар болгон. Мындан тышкары, улуттук укук коргоочу институттардын сунуштары жабык мекемелерде жарандардын укуктарын коргоого түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон министрликтер тарабынан көз жаздымда калууда.
Акыйкатчынын орун басары Г. Жамгырчиева өз сөзүндө кейиштүү статистиканы келтирди: 2020-жыл үчүн маалыматтарга таянсак, психиатриялык медициналык мекемелерде адамдардын саны өсүп, 56 минден ашты. Бул калктын психикалык ден-соолугу терс нукта өнүгүп жатканын айгинелейт. Ал эми “Бир Дүйнө – Кыргызстан” менен биргелешкен мониторингдер бейтаптардын укуктарын коргоодо жана пандемиядан коргонууда кемчиликтер бар экенин ырастаган.
Өз кезегинде “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймылынын директору Т. Исмаилова Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору сыяктуу органдардын сунуштарына карабай, өлкө бийлиги жабык мекемелерде адам укуктарынын бузулушуна көнүлкош мамиле кылып жатканын белгиледи. Адамдын жашоого болгон абсолюттук укугу олуттуу түрдө бузулууда: туткундар түрмөлөрдө көз жумуп, бирок тергөө кызматтары ЖАМКга караштуу болгондуктан, кызыкчылыктар карама-карлышыгы жаралып, ал эми альтернативалык топтор бул өлүмдөрдү объективдүү иликтөөгө мүмкүнчүлүгү жок болууда.
Брифингдин эн маанилүү бөлүгү Карантин жана андан кийинки мезгилде Кыргызстан алган тышкы жардамдын жана каражаттардын ачык-айкын сарпталышына жана бөлүштүрүлүшүнө карата жүргүзүлгөн анализди тартуулоо болуп калды. Отчет менен медицина тармагында көз карандысыз эксперт Б. Барыктабасова тааныштырып, мамлекеттик органдар тарабынан гуманитардык жардамдын ачык-айкын тескелбей жатышына мисалдарды келтирди: мамлекеттик органдарга маалымат берүү боюнча эксперттин сурамына бир гана ИИМ жооп берген, андан дагы оозеки түрдө – укук коргоо органдары тышкы жардамга эсеп-кысап жүргүзбөй турганын билдиришкен. Ал эми дегеле мамлекеттик органдардын сайтында келип жаткан жана келип түшкөн материалдык жана башка жардам боюнча маалымат же аз, же дегеле жок экени белгилүү болду.
Б. Барыктабасова, ошондой эле, психиатриялык медициналык мекемелердин бейтаптарын өздөрүнүн же алардын туугандарынын макулдугу жок ковидге каршы эмделип жатышы адам укуктарын одоно бузгандыгы болуп эсептелээрин баса белгилеп кетти.
Мындын тышкары, коомчулукка Т. Злобина жана Н. Долинская даярдаган «Келечекте пандемия коркунучу жана башка ушул сыяктуу тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата жабык мекемелерде коопсуздук чараларын көрүү боюнча мамлекеттик органдарга сунуштар” аттуу отчету даярдалды. Анын алкагында карантин маалында эл аралык практикага ылайык жабык мекемелердеги адамдарга туугандар менен байланышууга видео жолугушуу сыяктуу альтернативалык методдор камсыздалбаганы белгиленди.
“Бир Дүйнө – Кыргызстан” кыймылынын директорунун аткаруучу директору А. Байжуманова бул долбоордун жаралашына 2019-жылы апрелде өткөрүлгөн мониторингдер түрткү болгонун түшүндүрдү. Анда психиатриялык жана балдар үйлөрүндө коронавирустан коргонууга жана аны алдын алууга каражаттар тартыш экени аныкталган. Кийин, “Мониторинг, коргонуу жана коркунучтарга келечекте эффективдүү таасир этүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу Кыргызстандын балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелеринде коронавирус кесепетинин таасиринин денгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшүү ” аттуу жаны долбоордун жүрүшүндө ушундай эле жагдай Чүй облусунун СИЗО жана убактылуу кармоо жайларында дагы орун алганы ачыкталды. Мындан тышкары, аталган мекемелерде адам укуктарынын бузулушу табылган.
Брифингдин жана талкуунун жыйынтыгында катышуучулар квартал сайын тармактык мамлекеттик органдар, жарандык сектордун өкүлдөрү жана укук коргоочулар менен бирге чогула турган аянтчаны түзүп, аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө чоогу аракет көрүүгө макулдашты.
Эки отчет менен кененирээк бул пресс-релизге тиркелген документтерде тааныша аласыздар.