«Бир Дүйнө - One World-Kyrgyzstan” УКК ЭФнын директору Толекан Исмаилованын куттуктоо сөзү

Дек 04.2021
2021-жылдын октябрында Кыргызстандагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалына 15 жыл толду. Фестивалдын командасында дайыма жаш активисттер болуп келишти, алар бүгүн фестивалдын компонентинин катышуучулары, ыктыярчылар, адам укуктары боюнча жетектөөчү эксперттер, биз “Искусство жана адам укуктары” форматындагы жаш горизонталдуу жана катышуучу лидерлик менен сыймыктанабыз.
 
Биз 2007-жылды - активисттер, журналисттер, башкачараак ой жүгүрткөндөр куугунтукталган жылды жакшы эстеп калдык... Эсибизде, Ала-Тоо аянтындагы тынчтык митингинин бардык катышуучуларын милиция кызматкерлери басып алып, күч колдонуу менен милициянын ар кандай машиналарына отургузуп, кайдадыр жактарга алып кетишкен... Ал эми бул жер “эски толчок” районундагы КРнын ИИМнин бөлүштүрүүчү приемнигинин жабык, эски имараты эле... Укук коргоочу төрт аял жана 25тен ашуун жаш лидерлер, “Мен, ишенбейм” жаштар кыймылынын катышуучулары кыйноолор менен барабар ар кандай кемсинтүүлөрдөн өтүштү... "Парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарынын жасалмаланышына каршы өткөрүлгөн бардык акциялар ИИМнин кызматкерлери тарабынан үзгүлтүккө учуратылган, акциялардын катышуучулары камакка алынган, аларды бир нече суткаларга эркиндиктеринен ажыратышкан, 1000ден 2000 сомго чейин административдик айып пулдар салынган. Кармалгандардын үстүнөн соттор жабык режимде, адвокаттардын жана ЖМКнын, ошондой эле, туугандары катыштырылбай өткөрүлгөн".
 
Мына дал ушундай учурда даректүү тасмалар аркылуу чындыкты кеңири таратуу, башкача ой жүгүрткөндөрдүн куугунтукталышынын себептерин талкуулоого, Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун учурларына кеңири мониторинг жүргүзүү жана жарандык катышуу үчүн альтернативаларды табууга адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын фестивалын уюштуруу идеясы жаралган.
 
Жыл сайын фестивалдын көрүүчүлөрү жана күйөрмандары Борбор Азия регионунан гана эмес дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген 30дан ашуун даректүү тасмаларды көрүшөт, шериктештик тармагы аркылуу бири бирине горизонталдуу лидерликке жана шериктештикке көмөкчү болуу менен адам укуктарынын жана эркиндиктеринин универсалдуулугун жана баалуулугун алдыга жылдыруу үчүн тасмаларды талкуулашат.
 
2006-жылдагы кичинекей фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн адам укуктары боюнча жетектөөчү эксперттердин, укук коргоочулардын, активисттердин, таланттуу адамдардын башын бириктирүү менен "жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки" кеңири плюралисттик аянтчага айланды.
 
Пандемия 2020-жылдагы фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө жолтоо боло алган жок, Фест-2020 программасы аянтчасында ийгиликтүү жана көңүл эргитерлик өткөрүлгөн ТВ1 жамаатына ыраазычылык билдирем.
 
Фест-2021 программасы COVID-19 сыяктуу жаңы глобалдык тобокелдиктерди, тутумдуу, ошондой эле, жаңы глобалдык тобокелдиктерди, чыр-чатактарды жана каргашаларды анализдөөнү ичине камтуу менен, Фест-2021 программасына даярдануу боюнча инновациялык идеяларга жана жаңы саамалыктарга ээ таланттуу документалисттердин, жаш режиссерлордун башын бириктирди.
 
Аялдар жана балдар сыяктуу аярлуу топторго терс таасирин тийгизген климаттын радикалдуу өзгөрүшү Кыргызстанда жана Тажикстанда тобокелдик зоналарында жашаган адамдар 30 жылдан бери советтерден калган "мурастан" жабыркап келишет, КРда 92ден ашуун калдыктарды сактоочу жайлар бар, ал эми Майлуу-Суу шаары дүйнө жүзүндөгү 10 эң коркунучтуу жайлардын тизмесине киргизилген.
 Биз радикалдуу глобалдык чакырыктарды, тобокелдиктерди жана чыр-чатактарды түшүнөбүз, адамдар менен чечимдерди кабыл алган башкы адамдардын ортосундагы ажырымды билебиз жана көрүп турабыз, биз Горизонталдуу жана катышуучу Лидерлик жана адам укуктарынын жана эркиндиктеринин баалуулуктары, саясатка жана ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүк биздин планетаны жана биздин ар бирибизди сактап калат деп жоопкерчилик менен билдиребиз.
 
Позитивдүү өзгөрүүлөргө жана туруктуу өнүгүү менен бирге, 2021-жылдын "Адам укуктары тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары" фестивалына ийгилик каалайбыз, кымбаттуу өнөктөштөр, адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын көрүүчүлөрү жана күйөрмандары сиздерди күтөбүз!
 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg