«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы «Бир Дүйнө-Кыргызстан – 2021» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XV эл аралык фестивалына катышууга табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгы жөнүн
Май 20.2021Пайда болгон жаңы тобокелдиктер жана каргашалар, глобалдык өзгөрүүлөр аскердик агрессия актыларын, социалдык толкундоолорду, демографиялык жылыштарды, учкул урбанизацияны жана миграциялык агымдарды камтуу менен, ошондой эле, климаттын өзгөрүшү биздин дүйнөбүздү түп тамырынан бери өзгөрүүгө дуушар кылууда.
Пандемия COVID-19 Кыргызстандагы чек ара чыр-чатактарынын, аялдар, балдар, майыптуулугу бар адамдар ж.б. сыяктуу жергиликтүү коомчулуктагы аярлуу топторго карата зордук-зомбулуктун жогорку деңгээлинин фонунда курчуган жарандык, социалдык, экономикалык жана маданий укуктар чөйрөсүндөгү көптөгөн ички көйгөйлөрдү мурдагыдан дагы чоң даражада ачып көрсөттү.
"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылы WLP, Civic Solidarity Platform, FIDH, Forum Asia, GNDR менен өнөктөштүктө фестивалдын аянтчаларында жергиликтүү коомчулук сыяктуу эле эл аралык эксперттерди жана документалисттерди тартуу менен "Адам укугу искусство аркылуу" - "Human Rights trough Art" инновациялык форматында адам укугу жаатында даректүү чындыкты талкуулоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Уюштуруу комитетинин чечими боюнча 2021-жылы "Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылынын 20 жылдыгына карата XV даректүү тасмалардын эл аралык мааракелик фестивалы "Тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары" темасына арналат.
Табыштамаларды жөнөтүү убактысы 2021-жылдын 20-майынан 1-августуна чейин.
Катышуу үчүн тиркелген форманы толтуруу зазары
https://forms.gle/N749HXFG3ytef2eb7
Бардык суроолор боюнча Бир Дүйнө Фест - 2021 уюштуруу комитетине кайрылууну өтүнөбүз:
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Сыдыков көч. 258
Тел.: + тел/факс: (+996 312) 317671, уюлдук телефон: + 996 (556) 013840
E-mail: Birduino.festival@gmail.com
Маалымат үчүн: адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2097-жылдан берки өзгөрүүдөгү дүйнөдө Адам Укуктарынын жана Эркиндиктеринин негизги темаларын көтөргөн кеңири горизонталдуу катышуудагы Жарандык Платформа болуп эсептелет.