«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын пресс-релизи 2022-жылдын 25-июлу — укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көзү өткөнүнө эки жыл толот
Июл 21.20222022-жылдын 25-июлунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке жетпей, көз карандысыз жана бейтарап соттон ишинин адилеттүү каралышын күтүп жатып, №47 абакта дүйнө салганына эки жылдын жүзү болот. Укук коргоочу 2022-жылдын 17-майында 71 жашка чыкмак.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы 2010-жылдын июнь айынан бери өнөктөштүк жана тилектештик тармагы менен биргеликте абийир туткуну, укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоого алып, бошотулушу үчүн күрөшүп келди. 12 жыл бою укук коргоочулар, адвокаттар анын иши боюнча 49дан ашуун сот жараяндарына катышышты[1]. Биз сапаттуу жана өз убагындагы медициналык жардамдын жеткиликсиздиги, абакта кармоодогу шарттардын жоктугу жөнүндө бир нече курдай айтып, көрсөтүп келдик, жыйынтыгында укук коргоочунун абалы начарлап, өлүмгө учурады.
2020-жылдын 25-июлунда Азимжан Аскаров 47-абакта адилеттүүлүккө жана эркиндикке жетпей, өз убагындагы жана сапаттуу медициналык жардам албай көз жумду[2].
«Бир Дүйнө Кыргызстан» УК кыймылынын директору Т.А.Исмаилова Кыргызстандын бийлигин эл аралык милдеттенмелеринин алкагында А.Аскаровдун даттануусу боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткарууга, абийир туткунуна айланган укук коргоочунун ысымын реабилитациялоого жана анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө чакырат [3].
Укук коргоочунун иши боюнча акыйкаттыктын орношу менен Кыргызстандын жаңы бийлиги 2010-жылдагы каргашалуу окуялар боюнча жоопкерчиликсиздик менен күрөштү баштайт. Чыр-чатакка катышып, трагедиянын болушуна жол берип, күнөөлүү болушкан аткаминерлер менен саясатчылардын чыныгы жүздөрүн ачып, аларды жоопкерчиликке тартууга киришет.
А.Аскаровдун жубайы Хадича акыйкаттуулукка жетишерине ишенет. Хадичанын айтымында, алардын үй-бүлөсү Президент Садыр Жапаровдун июнь окуялары боюнча айткандарына ар убакта көз салып турушат жана Ош окуяларын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия адилетсиздик менен камакка алынып, соттолгондордун бошотулушуна көмөкчү болуп, акыйкат баасын берет деген ишеничте.
Бүгүн “Бир Дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков, Б. Автандил 47-түзөтүү абагында 2020-жылдын 25-июлунда каза тапкан укук коргоочу А.Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча Хадича Аскарованын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону улантышууда. Азыркы тапта укук коргоочунун өлүмү УКМК тарабынан иликтөөгө алынууда, аталган органдын тергөөчүсү Биринчи май райондук сотунун Аскаровдун өлүмүн иликтөөдө УКМКнын аракетсиздигин негизсиз деп таануу жөнүндө чечимине карабастан, адвокаттардын ходатайствосун четке кагуусун улантууда, ушуга байланыштуу адвокаттар сот органдарына кайрадан кайрылышты.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» УК “Кыйноолордун курмандыктарын коргоого БУУнун ыктыярдуу мүчөлүк акылары фондунун” колдоосунда бир нече жылдардан бери А.Аскаровдун иши жана кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин бөлөк курмандыктарын жактоого алып келет. Кыргызстан тарабынан УМО (Универсалдык мезгилдик обзор) сунуштамаларын аткаруунун алкагында, ошондой эле кыйноолордун курмандыктарын коргоо жана укук коргоочу Аскаровдун укуктарын калыбына келтирүү боюнча блоктор камтылган.
КРнын ККУБнун директору Б.Рысбеков белгилеп өткөндөй, бүгүн жабык мекемелерде соттон тышкаркы жазалар токтобой келүүдө, соңку үч жылдын ичинде эле 151 адам камакта көз жумган[1], 2022-жылдын июь айында УКМКнын ТИЗОсунда Марат Казакбаев, Бакыт Асаналиев дүйнө салышты. «Бир Дүйнө Кыргызстан» дүйнө жүзүндөгү 200 уюмдун башын бириктирген FIDH (адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын) мүчөсү катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинде жана болочокто башка кыйноолордун, соттон тышкаркы жазалардын курмандыктарына жана кыйноолордун курмандыктарына карата адилетсиздикте акыйкаттыктын орнотулушу абдан маанилүү деп эсептейт.
Биз Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин Түшүндүрмөлөрүнүн Кыргызстан тарабынан аткарылуусуна жетишүү, ошондой эле, камактагыларга гумандуу мамилеге жетишүү максатында Н.Манделанын принциптеринин жүзөгө ашырылышы жана сакталышы боюнча иштерди улантабыз. Укук коргоочунун укуктарын калыбына келтирүү, компенсациянын төлөнүп берилиши мындан аркы чыр-чатактардын, жабык мекемелердеги коркунучтардын жана тобокелдиктердин, акыйкатсыз чечимдердин кабыл алынышын алдын алууга негиз түзүп, абакта жатышкан жана адилетсиз соттолгон миңдеген курмандыктар үчүн үмүт берет.
КРдагы адам Укуктары жана Эркиндиктери үчүн баарыбыз бирге!
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» УК кыймылына, Аида Байжумановага: birduinokyrgyzstan@gmail.com, aidabaikg@gmail.com, электрондук дареги, 0550184095 телефон номуру аркылуу кайрылыңыздар.