«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештери БУУ, ЕККУ, ЕБ эл аралык коомчулугуна Кыргызстандын чек ара зоналарына, Баткен облусуна Та
Сен 16.2022«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештери БУУ, ЕККУ, ЕБ эл аралык коомчулугуна Кыргызстандын чек ара зоналарына,
Баткен облусуна
Тажикстан тараптан болгон аскердик агрессияны токтотууга көмөкчү болуу өтүнүчү менен кайрылабыз.
Бүгүн, 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара райондоруна аскерлери менен кайрадан кол салды.
2022-жылдын 14-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында Булак-Башы, Как-Сай, Паскы-Арык аймактарында башталган ок атышуу 16-сентябрь күнү кыргыз тараптын чек ара наряддарын жана позицияларын аткылоо менен уланды, кийинчерээк Баткен жана Лейлек райондорунун чек арадагы айылдары жана чек ара заставалары минометтор менен аткыланды.
Саат 16:00гө карата жабыркагандардын саны 42 адамга жетти. Лейлекте 15 жаштагы кыз, Достук айылынын тургуну Эльзада Малик кызы снаряддын сыныктарынан улам көз жумду[1]. ЖМКда ошондой эле, 9 жаштагы кыздын курман болгону тууралуу дагы маалымат чыкты. Таң заардан тарта бардык калктуу чек ара пункттарынан аялдар менен балдар эвакуацияланды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматын караганда, тажик тарап Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерди соккулаган. Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен шаарынын аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер тажиктердин жапырт от чыгарган ракета тутумунун аткылоосуна дуушар болгондугун жарыялады. Баткен шаарынын жарандык инфраструктурасынын объектилери кыйрады[2].
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештери Тажикстандын агрессиясына жана жарандык калк менен объектилерге ылгабастан күч колдонуусуна каршыбыз!
2021-жылдын апрелиндеги аскердик агрессия мезгилинде «Бир Дүйнө Кыргызстан» FIDH менен биргеликте ири жана аз калктуу пункттарда кеңири радиуста кыйроого учураткан жардыргыч аракеттеги куралды анын ылгабастыгынан улам жарандарды чоң коркунучка кептегендиктен, эл аралык гуманитардык укук тарабынан тыюу салынып, аны колдонуунун туура эместиги жөнүндө жарыя кылган.
Ошондой эле, ЭГУ жарандык калкка же объектилерге каршы багытталган кол салууларга тыюу салат. Биздин уюмдар жарандык калкка ылгабай сокку урууну жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы жарандык инфраструктуранын бузулушун актоого болбойт жана адам укугунун эл аралык укуктары менен эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу болуп саналат деген толук ишенимде.
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу жана суверендүү аймакка аскердик агрессиясы эл аралык укукту жана БУУнун мүчө өлкөлөрү тарабынан алынган милдеттенмелерди одоно түрдө бузуу болуп эсептелет.
Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук органдарынын башчыларынын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү өз ара макулдашуусу тууралуу маалыматтардын жарыяланышына карабастан, биз эл аралык коомчулукту, БУУну, ЕККУну Тажикстан Республикасынын аскердик күчтөрү тарабынан Кыргызстанга карата аскердик агрессиясын токтотуу үчүн бардык эл аралык механизмдерди колдонууга чакырабыз!
Биз 2021-жылдагы чыр-чатак учурунда FIDH менен биргеликте чыгарылган сунуштамаларды аткаруу зарылдыгы жөнүндө кайрадан кайрылабыз [3] жана куралдуу чыр-чатактын тарапташтарын:
● ок чыгарууну токтотуу режимин сактоого жана чыр-чатакты жөнгө салууда жарандардын коопсуздугуна артыкчылык берүүгө, чыр-чатакты жөнгө салуу жараяндарында жергиликтүү жамааттардын тең укуктуулугун камсыз кылууга;
● аялдарга, балдарга жана башка аярлуу топторго өзгөчө көңүл буруу менен жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө, өмүрүнө жана саламаттыгына чоң коркунуч келишинен улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкандардын бардыгын камтуу менен керектүү гуманитардык жардам менен камсыз кылууга;
● жарандык калктын арасында жабыр тарткандар, жарандык объектилерди жана башка ЭГУнун бузулушуна жооптууларды аныктоого мүмкүндүк берген иликтөөнү жүргүзүүгө,
жана эл аралык коомчулукту:
- Кыргызстан жана Тажикстандын макулдашуусун эске алуу менен чыңалууну басаңдатуу максатында чыр- чатакка катышкан тараптардын ортосундагы өз ара макулдашууларга катышууга;
- жарандык калктын арасында жаңы курмандыктарды болтурбоо максатында тобокелдик зоналарына туш келген жергиликтүү калкка гуманитардык жардам көрсөтүүгө;
- ЕККУнун москва механизмин жана/же БУУнун жана ЕБтин эл аралык механизмдерин ЭГУнун бузулушун жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 2021-жылдын май айында адам курмандыктарына, анын ичинде 12 жаштагы кыздын өлүмүнө алып келген кылмыштарды камтуу менен укук бузууларды иликтөө максатында коё берүүгө;
- Кыргызстанды Эл аралык Кылмыш Сотунун Рим макамын ратификациялоого чакырабыз.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар!» тармагынын шериктештештери.
Email: birduinokyrgyzstan@gmail.com, tel.: +996 312 317671, 0550184095
[1] https://24.kg/proisshestvija/245255_konflikt_nagranitse_vleyleke_otraneniya_skonchalas_9-letnyaya_devochka/
[2] https://kg.akipress.org/news:1805153/?from=portal&place=nowread&b=2
[3] https://www.fidh.org/ru/regiony/evropa-i-central-naya-aziya/kyrgyzstan/fidsh-i-ee-12-chlenskih-organizacij-vystupayut-za-prinyatie-srochnyh