«БИР ДҮЙНӨ-КЫРГЫЗСТАН» УКУК КОРГОО КЫЙМЫЛЫ АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ДАРЕКТҮҮ ТАСМАЛАРДЫН «БИР ДҮЙНӨ– 2022»ЭЛ АРАЛЫК ХVI ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШУУГА ТАПШЫРЫКТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БАШТАЛГАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖА
Май 31.2022Уюштуруу комитетинин чечими менен фестиваль:
"Климат жана каатчылыктар: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал, Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналат.
Дүйнө өзгөрдү, климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан кыйынчылыктар жана тобокелдиктер, БА өлкөлөрүнүн калкына таасир эткен саясий каатчылыктар жана анын кесепеттери диллема бойдон калууда жана позитивдүү, баарынан мурда локалдык деңгээлде өзгөрүүлөр үчүн жаңы өбөлгөлөрдү, терең анализди, ой жүгүртүүнү талап кылат. Тобокелдиктер жана каатчылыктар зоналарында жашаган жарандар алардын добуштарын эске алууга жана “жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки” жаңы усулу менен коомчулуктагы социалдык жактан кыйла маанилүү маселелерди натыйжалуу чечүүгө баары менен бирдей катышууга муктаж болушат. Тобокелдиктерде, чыр-чатактарда жана кырсыктарда эн аярлуу болуп аялдар жана балдар, улгайган жана майыптыгы бар адамдар саналышат, андыктан, кандайдыр бир басмырлоосуз горизанталдык лидерликке катышуу жана күчөтүү үчүн өнүгүү программаларын локалдаштыруу зарыл.
Фестиваль «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы тарабынан Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен, тилектештиктин WLP тармагы (Women’s Learning Partnership), FIDH (International Federation for Human Rights), CSP (The Civic Solidarity Platform), Forum-Asia, GNDR (The Global Network of Civil Society Organisations for Disaster Reduction), BICE (International Catholic Child Bureau), Борбордук Азиядагы эмгек укуктары боюнча эл аралык мониторингдик миссия менен биргеликте өткөрүлөт.
Тапшырыктарды тапшыруу мөөнөтү– 2022-жылдын 1-июнунан 15-июлга чейин.
Документалдуу тасманын узактыгы 60 мүнөттөн ашпоосу зарыл.
Катышуу үчүн тиркелген форманы толтуруу керек: https://docs.google.com/document/d/1NSTWlzEKZJLYzoWqytO7Rww3UBN6zqXU/edit?usp=sharing&ouid=114720251913301271756&rtpof=true&sd=true
Бардык тапшырыктарды: birduinokyrgyzstan@gmail.com E-mail дареги боюнча жөнөтүңүздөр.
Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын One World эл аралык фестивалынын боордоштук фестивалы жана өзгөрүүдөгү дүйнөдө 2007-жылдан бери Адам Укуктары жана Эркиндиктери боюнча өзөктүү темаларды көтөрүп келе жаткан кеңири горизантолдык катышуудагы Жарандык Платформа болуп саналат.