«Бир Дүйнө-Кыргызстан – 2020» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы

Сен 30.2020
 
«Бир Дүйнө-Кыргызстан – 2020» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы
 
"Адамдар жана кырсыктар: тобокелдиктер кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылуу керек?" темасына арналат.
 
Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү — бул кырсыкка туш болгон шарттарда жашап кетүү маселеси гана эмес, бул – жарандардын алардын чөйрөсү үчүн мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аларды зыяндан коргой турган жана жашоо-турмушун жакшырта турган ыкма менен мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү. 
 
2015–2030-жылдарга карата кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасына бириккен мамлекеттер прогресс өз ичине негизги кызыкдар топторду, мунун ичинде аялдарды, майыптуулугу бар жактарды, балдарды жана жаштарды, улгайган адамдарды, этникалык топторду, жеке жактарды жана анын көп түрдүүлүгүндө бүтүндөй жарандык коомчулукту камтыган жалпы жарандардын мамилесинен көз каранды деп таанышат. 
 
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш өз баяндамаларынын биринде глобалдык пандемиянын шарттарында дагы туруктуу өнүгүү курсун кармануунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. 
 
Кыргызстан БУУнун башка мүчөлөрү менен катар Туруктуу Өнүгүүгө жетишүүнүн 17 Максаты боюнча иш алып барат. 
 
Фестиваль 8 максатка арналат:
3-максат: Чың ден соолук жана бейпилчилик 
4-максат: Сапаттуу билим берүү
5-максат: Гендердик теңчилик
6-максат: Таза суу жана санитария
8-максат: Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш
10-максат: тең укуксуздукту азайтуу 
16-максат: Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар
17-максат: туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында шериктештик.
 
Фестиваль короновирус пандемиясына байланыштуу 2029-жылдын 2-октябрынан 6-ноябрына чейин онлайн режимде өткөрүлөт. Фестивалдын алкагында улуттук жана эл аралык эксперттер менен биргеликте эксперттик дискуссиялар жана чеберканалар уюштурулат.
 
Фестиваль “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылы" тарабынан Кыргыз Республикасынын Швейцария элчилигинин техникалык колдоосу менен өткөрүлөт. WLP (Women Learning Partnership), FIDH (International Federation for Human Rights), CSP (The Civic Solidarity Platform), GNDR (The Global Network of Civil Society Organisations for Disaster Reduction) тилектештик тармактары менен биргеликте.
_____________________________________________
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө Адамдык Укуктары жана Эркиндиктери өзөктүү темаларын көтөргөн кеңири горизонталдык катышуудагы Жарандык Платформа болуп саналат. 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg