Жабык мекемелерде жана балдар үйлөрүндө COVID-19 боюнча долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары тартууланат
Май 28.2021«Бир Дуйнө Кыргызстан» укуктук кыймыл “Келечектеги коркунучтарга эффективдүү таасир этүү үчүн мониторинг, коргонуу жана сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу Кыргызстандын балдар үйлөрүндө, психиатриялык, жабык мекемелеринде коронавирустун кесепетинин таасир этүү денгээлин төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорун сонуна чыгарууда. Аталган долбоор АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын Чакан гранттар программасынын колдоосу менен ишке ашырылган.
Буга байланыштуу 2021-ж. 31-майында саат 10:00до мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн көз карандысыз эксперттер, укук коргоочулардын катышуусу менен брифинг өтөт. Иш-чарада Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору жана Акыйкатчы институту менен кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында 2020-ж. сентябрь айынан 2021-ж. май айына дейре жүргүзүлгөн жабык, психиатриялык мекемелерди, балдар үйлөрүн кыдыруунун жыйынтыктары тартууланат. Бул жолугуулар жана сурамжылоолор коронавирустун пандемиясы маалындагы карантин маалында жана андан кийинки мезгилде адам укуктарын басмырлоо фактыларын аныктоого, мекемелердин коронавируска даярдыгынын денгээлин, ошондой эле, медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн баалоого багытталган.
Мындан тышкары, брифингде төмөнкү жыйынтыктоочу документтер тартууланат:
• «Кыргызстарндагы жабык мекемелерде СV-19 менен күрөшүүгө багытталган каражаттарды жана жардамды колдонуунун ачык-айкындуулугуна жана эффективдүүлүгүнө анализ”;
• «Келечекте пандемия коркунучунун жана башка ушул сыяктуу тобокелдиктердин пайда болуу учуруна карата жабык мекемелерде коопсуздуктун алдын алуу чараларын көрүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштар”
Иш-чаранын өтө турган жери жана убактысы: 31-май, 10:00-13:00
«Арзу» рестораны, Тоголок Молдо көч., 7/1