Ысык-Көл облустук соту Камиль Рузиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Июн 23.2020

Пресс-релиз

(соттун мыйзамсыз чечимине юридикалык негиз)

 

Ысык-Көл облустук соту Камиль Рузиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

УКМК укук коргоочунун ишиндеги жабыркаган тарап, ал Рузиевге каршы өз ишине иликтөө жүргүзгөндүктөн, бул - мыйзамды бузуу болуп саналат. 

Ошондой эле, козголгон кылмыш иши УКМКнын тергөөсүнө караштуу эмес, андыктан, УКМК Рузиевдин иши менен алектене албайт. 

КРнын Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгү "Документтерди жасалмалоо" улуттук коопсуздук маселесине кирбегендиктен, бул иш УКМКга каршы анын арыз-даттанууларынан улам укук коргоочуга каршы иштин бурмалагандыгына далил болуп саналат, Ысык-Көл облустук соту 19-июнь күнү укук коргоочу Камиль Рузиевди кармоону мыйзамдуу деп таануу жөнүндө төмөнкү турган инстанциянын (Каракол шаардык сотунун) чечимин күчүндө калтырды.

Укук коргоочу үчүн өзгөртүлгөн алдын алуу чарасы - эми үй камагынын ордуна Рузиевдин тышка чыкпоо жөнүндө кол каты болуп калды. Бул болсо Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан чыгуу үчүн тергөөчүдөн, прокурордон жана соттон уруксат алуу керек экендигин түшүндүрөт.

Аталган чечим - кармоонун мыйзамдуулугу боюнча акыркы чечим жана ал кайра даттанууга жатпайт.

Биз Ысык-Көл облустук сотунун чечимин мыйзамсыз жана адилеттүү эмес деп эсептейбиз. Укук коргоочу Камиль Рузиевдин адвокаттары Чинара Джакупбекова жана Асантур Молдогазиев сотто аны кармоо мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүнө көп сандаган далилдерди келтиришти.

Эмне себептен кармоо мыйзамсыз болуп саналат, буга төмөнкүдөй юридикалык негиз келтиребиз:

  • Мыйзам чыгаруучу ЖПКнин 98-беренесинде камсыз кылуу чараларынын жана аларды колдонуунун негиздеринин толук тизмесин санап өткөн, жогоруда көрсөтүлгөндөн улам ЖПКнин 98-беренесинде саналган үч негиздин бирөө болгондо гана "мыйзамдуу" кармоо болуп саналат деген ойго алып келет.
  • Кармоонун токтомунда тергөөчү кармоо КРнын ЖПКнин 98-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, атап айтканда, "эгерде адам кылмыш жасаганда жана (же) жорук жасаганда же ал жасалгандан кийин түздөн-түз кармалганда" дегенди негиз кылган.
  • Тергөөчүнүн аталган "кармоонун негизи" негизсиз болуп саналат, ал эми анын негизсиз экендиги тергөө органдарынын сотто келтирген процесстик документтер менен ырасталат. Айталы:

-       кылмыш  кылууга шектенүү жөнүндө билдирүүдө, 4-абзацта - айыптоочу тарап кылмыш жүргүзүлгөн убакытты аныктаган - 2020-жылдын 3-марты, 2020-жылдын 29-майында камакка алынган, процесстик документтердин маанисинен алганда, К. Рузиев кылмыш ордунда кармалган эмес жана түздөн-түз кылмыш жасагандан кийин дагы кармалган эмес, анткени, "түздөн-түз" түшүнүгү Ожеговдун сөздүгүнө таянсак, "дароо, мейкиндик же убакыт интервалысыз" дегенди түшүндүрөт, ал эми биздин жагдайда мейкиндик интервал 68 күндү түзүп жатат.

Айыптоочу тараптын жүйөөсүн алсак, К. Я. Рузиевдин өздүгү аныкталган эмес, мында ыйгарым укуктуу орган өздүгүн тастыктоочу документи жок, укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамды ал баш тарткан учурда кармалуучунун өздүгүн тактоо үчүн жана анын жашаган орду жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 311-беренесинин 2-бөлүгү) маалыматты алуу үчүн кармоого укуктуу.

Анткени менен, К. Рузиевдин өздүгү кармалган учурдан мурда эле аныкталган, тергөөчү К. Я. Рузиевди кармоодо аны документтерди жасалмалоого шектелгендиги жөнүндө мурда эле билдирген, ушундан улам бир дагы тергөөчү кармалган адамдын өздүгүн тастыктамайын ага кандайдыр бир айып тага албай тургандыгын белгилейбиз.

Прокуратура сотто укук коргоочу Рузиевди УКМКнын имаратына суракка чакырылганда келбегендиктен 48 саатка кармалгандыгын жарыя кылды.

К. Рузиевге чакыруу кагазы жолдонгону жөнүндө айыптоонун жүйөөлөрүнө кайрылсак,

К. Я. Рузиевге жолдонгон чакыруу кагаздары КРнын Жазык-процесстик кодексинин 189-беренесинде каралган суракка чакыруу тартибин жөнгө салуучу КРнын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык келбейт, "чакыруу кагазында адвокаттык чакырууга укугун көрсөтүү", "чакыруу кагазында жүйөөсүз себептер боюнча келбей калган учурду көрсөтүү" деп, мыйзам чыгаруучу талаптарды так аныктаган, ал эми КРнын Жазык-процесстик кодексинин 7-беренесинин 2-бөлүгү тергөөчүнү КРнын ЖПКин так аткарууга милдеттендирет. 

Тергөөчү Н. Досматов К. Я. Рузиевдин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органына 2020-жылдын 28-майында жүйөөлүү себептерсиз барбай койгон деп тапты, ошол эле убакта өз токтому менен К. Я. Рузиевдин келбей калышынын жүйөөлүү экендигине "К. Я. Рузиевдин Каракол шаардык сотунда болгондугу" жөнүндө деген негиздеме чыгарды, ал тургай бир катар күбөлөрдү санап берди.

Тергөөчүнүн "К. Рузиев УКМКнын тергөө органына келиши керек болгон кезде сотто болгон" деген көрсөтмөсү УКМКнын тергөө органынын тергөөчүсүнүн Каракол шаардык сотуна карата өтө эле сыйлабастык мамилесине негиз болот, жөнөкөй тил менен айтканда, анын ырастоосу "Мен, УКМКнын тергөө органынын тергөөчүсү чакырып жатканда, К. Рузиев эмнеге сотто жүрөт'' деп тоготпогондой кабылданат.

Бирок, тергөөчү Н. Э. Досматов Каракол шаардык сотуна сыйлабаган мамилесине карабастан, сот "УКМКнын Ысык-Көл облустук тергөө органын "сыйлагансыды" жана өзүнүн 2020-жылдын 31-майындагы токтому менен, токтомдун К. Рузиевге карата чара көрүүнү тандоо жөнүндө резолюциялык бөлүгүнүн 5-п. КРнын Конституциясына жана КРнын Прокуратурасы жөнүндө КРнын мыйзамына карама-каршы соттоп, УКМКнын "көзөмөлдөөчү функциясы" менен УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органын К. Рузиевге карата чектөөлөрдүн сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жүктөдү.

Ошондой эле, Каракол шаардык сотунун кармоонун мыйзамдуулугун таануу жөнүндө токтомунун 2-бетиндеги 5-абзацта көрсөтүлгөн айыптоочу тараптын - 2020-жылдын 29-майында саат 14:52де К. Я. Рузиевге анын кылмыш кылгандыгына шектелгендиги жөнүндө кабарлоону тапшыруу үчүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органына чакырылгандыгы жөнүндө чакыруу кагазы берилгендиги көрсөтүлгөн негиздемеси сотко чейинки өндүрүштүн материалдары менен төгүндөлөт жана негизсиз деп саналат. Кабарлоо эки күндөн кийин, тактап айтканда, 2020-жылдын 31-майында даярдалып жатса, 2020-жылдын 29-майында кылмыш кылууга шектелгендиги жөнүндө кабарлоону тапшыруу үчүн шектелген адамды чакыруу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Жогоруда белгиленгендерден улам бир гана жыйынтык чыгарууга болот, К. Рузиев соттун имаратынын жанынан кармалгандыгын жана УКМКнын тергөө органы менен соттошуп жаткандыгын, ал эми тергөөчү Н. Э. Досматов муну кылмыш иши катары тааныгандыгын эске алсак (анткени, К. Я. Рузиев тарабынан 29.05.2020-ж. башка эч кандай аракеттер жүргүзүлгөн эмес), токтомдо документалдуу түрдө К. Рузиев кылмыш жасап жаткан жеринен жана түздөн-түз кылмыш ишин жасагандан кийин кармалганы көрсөтүлгөн, бул анын сотто болбошу жана УКМК тергөө органы менен соттошпоосу үчүн жасалган.

 К. Я. Рузиевге Н. Э. Досматов тарабынан берилген чакыруу кагаздарынын К. Я. Рузиевдин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органы менен сот процесстеринин датасынын жана убактысынын дал келүүсү дагы ушуну менен түшүндүрүлөт.

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органынын аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын натыйжасына түздөн-түз кызыкдар экендиги:

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 65-беренесине ылайык, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт, эгерде алар: жабырлануучу, материалдык жана (же) моралдык зыянга жоопкерчиликтүү болуп саналышса;

Бүгүнкү күндө коргоо тарапка буга чейин Рузиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органынын кызматкерлери менен, атап айтканда, №АИ-04-08\20СС, АИ-04-09\20СС, АИ-04-10\20 СС, АИ-04-11\20СС, АИ-04-12\20СС иштердин материалдары боюнча соттук оор териштирүүлөрдө жүргөндүгү белгилүү болду.

К. Я. Рузиевдин аталган соттук териштирүүлөрү кийинки жагдайларда башталган:

2015-жылдын 11-февралында К. Я. Рузиевдин дарегине адвокат Жыркымбаевден облустук ИИБнын ыкчам чара көрүү отряды тарабынан камактагы Асылбек уулунун укуктарынын бузулушу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.

2015-жылдын 11-12-февралында жогоруда көрсөтүлгөн жагдайга байланыштуу К. Я.

Рузиев тарабынан 3-тергөө абагындагы камактагы адамга КРнын Кыйноолорго каршы улуттук борбору аркылуу адвокат Жаркимбаевдин жана тартылган эксперт В. Ызакованын катышуусунда мониторингдик эки жолу баруу демилгеленген.

Эки жолку баруунун жыйынтыгында тергөө абагына эксперттер, адвокаттар дагы киргизилген эмес.

 №3 СИЗОнун кызматкерлеринин мындай аракетине карата Ысык-Көл облустук прокуратурасына Рузиев эки жолу арыз даттануу менен кайрылган. Жыйынтыгында Каракол шаарындагы 3-СИЗОго кирүүгө уруксат берилген.

Начальниктин орун басарынын жана башка кызматкерлердин катышуусунда камактагы адамды көрүп, акт түзүлүп, СИЗОдон чыгып бара жатканда К. Я. Рузиевге СИЗО жана облустук ИИБнын кызматкерлеринин уюштуруусу менен 50 адамдан турган белгисиз адамдар тарабынан ИИБнын жана Каракол шаарындагы 3-СИЗОнун кызматкерлерине даттануулардын жок экендиги жөнүндө тил кат берүү жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, ал жактан чыгып кете алган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Рузиев кайрадан коркутууларга дуушар болуп, жыйынтыгында Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш боюнча эки, кыйноолор боюнча эки кылмыш иши козголот.

Бирок, муну менен коркутуулар токтобойт, 10 жана 12-июнда, ошондой эле, 4-ноябрда К. Ч. Рузиевге Каракол шаардык ички иштер органынын тергөөчүсү Токушев тарабынан коркутуу максатында эки жолу Каракол шаарындагы ички иштер органынын имаратынын ичинде, бир жолу имараттын жанында пистолет менен атып өлтүрөм деген коркутуулар менен коштолгон физикалык жана психикалык жактан кысым көрсөтүлгөн.

К. Я. Рузиевге карата жогоруда көрсөтүлгөндөй аракеттер андан кийин дагы уланган. 2020-жылдын 28-майында КРнын УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө органынын имаратында К. Я. Рузиевди кармап, ага жасалма справка жасады деп айып тагышкан. 

Андыктан, коргоочу тарап Жазык-процесстик кодексинин 65-беренесине ылайык аталган сотко чейинки өндүрүштү кароодо УКМКнын тергөө органынын өзүн катыштыруу мүмкүн эмес деп эсептейт, себеби орган өзү аталган сотко чейинки өндүрүштө бүтүндөй кызыкдар тарап болуп саналат.

Прокурор өзү соттук отурум убагында Камиль Рузиевди кармап, суракка күбө катары мажбурлап алып келишкенин айткан. 48 саатка кармоо үчүн Рузиевдин жанында паспортунун түп нускасы болбогондугун негиз кылышкан. Ошол эле учурда укук коргоочунун жанында паспортунун көчүрмөсү болгон, ал эми анын өздүгү көп жылдан бери иштешип келе жаткан Каракол шаарынын тергөөчүлөрүнө жана прокурорлоруна жакшы белгилүү.

Адилетсиз сот жана мыйзамсыз чечим

Убактылуу кармоочу жайда эки күн болуп өткөндөн кийин гана бардык процесстик нормалардын бузулушу менен, Рузиев күбө катары эмес, документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш ишине шектүү катары кармалгандыгы жөнүндө билдирүү алган.

Адвокат Чинара Джакупбекова сотто Рузиевди күбө катары чакыруу кагазы туура эмес толтурулганын далилдеди. Чакыруу кагазында күбө катары Рузиевдин укуктары көрсөтүлгөн эмес, келбей койгон учурдагы натыйжасы, ошондой эле, адвокатка укугу көрсөтүлгөн эмес.

Рузиевди 48 саатка кармоого, анын үстүнө паспортунун түп нускасы жок экендиги үчүн кармоого жана камакка алууга бир дагы мыйзамдык негиз болгон эмес. 

Рузиевди кармаган күнү, 2020-жылдын 29-майында шаардык сот Каракол шаардык ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү Токушевдин укук коргоочуну өлтүрөм деген коркутуп-үркүтүүлөрүн тоготпой койгон УКМКнын кызматкерлеринин аракетсиздигине анын арызын караган. Тергөөчүлөр бул сотко келишкен эмес, ал эми Рузиев болбой калган отурумдан чыгаар замат соттун имаратынын жанынан аны кармап кетишкен.

Кармоодогу көптөгөн бузуулар дагы бир жолу Рузиевге карата кылмыш ишинин өч алуу жана коркутуу максатында толугу менен жасалмалангандыгын далилдейт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Рузиевдин укук коргоо ишмердүүлүгүн токтотушу үчүн бардык нерсени жасагылары келет.

УКМК аларга каршы даттануусу үчүн кектеп жатат. УКМК Рузиевди "Документтерди жасалмалоого" (КРнын Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгү) айыпташы жана бул ишти алып барган учур далилдейт. Бирок, мындай кылмыш иштерин кароо мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тикелей милдетине кирбейт, бул милициянын тергөөсүнө караштуу иш. Ачык көрүнүп тургандай, 57 жаштагы укук коргоочу Рузиев өзгөчө коркунучтуу кылмышкер болуп саналбайт.

Кармоонун мыйзамсыздыгы жөнүндө бардык далилдерге карабастан, соттор Камил Рузиевдин пайдасына мыйзамдуу чечим чыгаруудан чочулашкандыгын түшүнөбүз. Себеби, иш менен УКМК алектенип жатат, ал эми бул органга каршы бир дагы сот чечим чыгарбайт. Бардык процесстик бузууларга жана далилдерге карабастан, адилеттүү сотко кепилдик жок экендигине биз терең өкүнүчтөбүз.

Анткени, УКМК бул иште жабырлануучу тарап болуп турат, алар өз иши менен өздөрү алектенбеши керек.

Ысык-Көл УКМКнин кызматкерлеринин Рузиевди абакка отургузууга чоң каалоосун эсепке алуу менен, ошондой эле, УКМК тараптагы күбөлөрдүн үзгүлтүксүз кысым көрсөтүүсүнөн биздин адвокаттар иш менен бейтарап орган алектениши үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына тергөөнү четке кагуу боюнча билдирүү беришти.

 

Ырахмат.

Бардык суроолор жана комментарийлер боюнча:

Азат, укук коргоочу Камиль Рузиевдин уулу: +996 554 23 11 67 ruziev25@gmail.com

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg