Укук коргоочулар Аскаровду жана камактагы улгайган адамдарды коронавирус жуктуруп алуу коркунучунан улам бошотууну талап кылышууда

Апр 12.2020

Эл аралык укук коргоочу Amnesty International, Civil Rights Defenders, Front Line Defenders, Human Rights Watch жана Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюмдары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Азимжан Аскаровду бошотууга чакырып кайрылышты, анткени ал коронавирус жуктуруп алуу коркунучунда турат.

«Биз укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровдун эркиндигин ажыратуу уланып жатканына көңүлүңүздү бурдургубуз келет. Биз сизди аны мүмкүн болушунча эртерээк бошотууга чакырабыз. Ал бошотулганга чейин анын ден соолугун коргоо боюнча чараларды көрүүгө жана ага жеке гигиенага, кринингге, муктаждык болсо, медициналык жардамга жеткиликти камсыздап берүүнүнү суранабыз», — деп айтылат укук коргоочулардын кайрылуусунда

Укук коргоочулар Аскаров 68 жашта экенин жана узак жылдар бою жүрөк жана өпкө ооруларынан жабыркап, «тиешелүү жана жетиштүү түрдө дарылана албай келе жатканын» белгилешет.

«Коронавирус эпидемиясынын шартында ал жогору коркунучта турган адамдардын тобуна кирет», — деп айтылат кайрылууда

Ошондой эле укук коргоочулар эркиндиктен ажыратуу жайларында болуп аткандардын «жайгашуусу чакан болгондуктан» — бул аларга бири-биринин арасында бир жарым метрлик аралыкты сактоого мүмкүндүк бербесин айтышкан. Эркиндиктен ажыратуу жайларында медициналык тейлөө талаптагыдай деңгээлде көрсөтүлбөйт.

Буга байланыштуу укук коргоочулар камактагылардын санын жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу, көзөмөл астында бошотуу жана башка эркиндиктен ажыратууга байланыштуу эмес чараларды колдонуу менен азайтууну талап кылышууда. 

«Коронавирустук инфекциясын жуктурууда кошумча башка ооруларын күчөтүп алуу коркунучунда тургандар, жашы өтүп калгандагы жана коронавирустун шартында ден соолуктары коркунучта болгон адамдар мындай бошотууларга талапкерлерледин катарында болушу керек», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылы муктаждыктары өзгөчө камактагы адамдарды бошотуу суранычы менен өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

«Бул оорулуу, жашы 60 өткөн, аялдар, майып жана жашы жете элек адамдар. Бул өлкөнүн жабык мекемелеринде өлүмдүн санынын өсүп кетишин болтурбоо үчүн барууга туура келчү маанилүү кадам», — деп айтылат кайрылууда

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсү менен белгилүү болгон Кыргызстандын түштүктүк укук коргоочусу.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Милиционерди өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын 15-сентябрында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок ал тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.

 

Кайрылууга кол койгон уюмдар:

Amnesty International

Civil Rights Defenders

Журналисттерди коргоо комитети

Front Line Defenders

Хельсинкинин адам укуктары үчүн фонду

Human Rights Watch

«Укук коргоочуларды коргоо боюнча обсерватория» долбоорунун алкагында Адам укуктары үчүн эл аралык федерация (FIDH)

Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк

«Укук коргоочуларды коргоо боюнча обсерватория» долбоорунун алкагында

Кыйноолорго каршы бүткүл дүйнөлүк уюм (OMCT)

«Кылым Шамы» адам укуктары борбору

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылы

«Адилет» укук клиникасы

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg