Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун туулган күнүнө карата
Май 13.20222022-жылдын 17-майында укук коргоочу Азимжан Аскаров 71 жаш толмок. А.Аскаровдун туулган күнүнө карата “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тарабынан абийир туткунунун үй-бүлөсү менен жолугушуп, анын мүрзөсүнө барып, жаркын элесин эскерүү үчүн барууга миссия жөнөтөт.
“Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын атынан укук коргоочунун жубайы, балдары, неберелери жана өнөктөштөрү менен жолугушууда аткаруучу директор Аида Байжуманова, адвокат Бакыт Автандил үй-бүлөгө колдоо көрсөтүшөт жана укук коргоочунун 47-абактагы өлүмүн иликтөө боюнча аткарылган иштер, жесир Хадича Аскарованын мүлктүк укуктарын коргоо жана шериктештик жана өнөктөштүк тармагы менен биргеликте эдвокаси инструменттери жөнүндө маалымат беришет.
Биздин уюм шериктештик жана өнөктөштүк тармагы менен биргеликте 2010-жылдын июнь айынан бери мыйзамсыз кармалган белгилүү укук коргоочу жана абийир туткуну Азимжан Аскаровдун бошотулушу үчүн күрөшүп келди. 11 жыл аралыгында укук коргоочулар жана адвокаттар анын иши боюнча 49дан ашык сот жараяндарына катышышты[1]. Тилекке каршы, 2020-жылдын 25-июлунда Азимжан Аскаров 47-абакта адилеттикке жана эркиндикке жетпестен, сапаттуу жана өз убагындагы медициналык жардам албастан көз жумду[2].
2022-жылдын 19-майында “Бир Дүйнө Кыргызстан” УК КРнын Президенти С.Жапаров мырзага КРнын Конституциясынын гаранты катары 47-абактагы Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө, акыйкаттыкты орнотууга көмөктөшүүгө жана Кыргызстан тарабынан БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруу менен укук коргоочунун жана абийир туткунунун ысымын калыбына келтирип, анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө чакырды[3].
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» ыйгарым укуктуу органдардын А.Аскаровдун турак-жайынын анын жубайы Хадича Аскарованын пайдасына мурастык укугу жөнүндө чечимдерин жана кадамдарын жактайт жана мамлекеттик органдардын 2010-жылдын июнь айындагы өрттөө жана карактоолорго чейин укук коргоочунун кеңсеси жайгашкан жер тилкесине үй-бүлөнүн менчиктик укугу жөнүндө акыйкат чечиминен үмүт кылат.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча акыйкаттыкты орнотуу менен Кыргызстандын жаңы бийлиги 2010-жылдагы кайгылуу окуялар боюнча жоопкерсиздикке каршы күрөштү баштайт жана чыр-чатакка катыштыгы бар, ошондой эле, трагедиянын болушуна жол берген чындыгында күнөөлүү аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууга киришет.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» УК дүйнө жүзүндөгү 200 уюмдун башын бириктирген FIDH-дин (Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын) мүчөсү катары Кыргызстандын жаңы бийлиги кабыл алынган эл аралык милдеттенмелеринин алкагында Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткарууга ала тургандыгын күтүүдө.
Укук коргоочунун укуктарынын калыбына келтирилиши, компенсациялардын төлөнүшү келечектеги чыр-чатактарды алдын алуу, адилеттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болот, ошону менен бирге камакка алынган жана адилетсиз соттолгон башка курмандыктарга акыйкаттыктан үмүт берет.
Кыргызстандагы адам Укуктары жана Эркиндиктери үчүн баарыбыз бирге бололу!
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» УКна Аида Байжумановага: birduinokyrgyzstan@gmail.com, aidabaikg@gmail.com электрондук дареги, 0550184095 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.