Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышынын маанилүүлүгү жөнүндө
Окт 20.2020«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылынын
“Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышынын маанилүүлүгү жөнүндө”
ПРЕСС –РЕЛИЗИ
2020-жылдын 22-октябрында саат 11.00дө Жогорку Сотто Бишкек шаарынын административдик сотунун 2020-жылдын 12-июнундагы жана Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 20-августундагы КРнын Өкмөтүнө Азимжан Аскаровдун доосу боюнча административдик иш токтотулган аныктамасына кассациялык даттанууну кароо боюнча процесс болуп өтөт.
А. Аскаров Өкмөткө административдик доосунда 2016-жылдын 31-мартындагы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Жарандык жана саясий укуктар жана алардын аткарылышын жүзөгө ашыруу чараларын камсыз кылуу жөнүндө пактта каралган, мамлекет тарабынан милдеттенме алынган анын укуктарынын бузулгандыгы таанылган Түшүндүрмөлөрүн аткаруу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин жараксыз деп таанууну өтүнгөн.
20-августтагы соттук жыйында Бишкек шаардык соту Азимжан Аскаровдун КРнын Өкмөтүнө административдик доосу боюнча укуктук ишин жолдоочу катары анын жубайы Хадича Аскарованы таануудан баш тартып, мунун жүйөөсү катары талаш мүлктүк мүнөзгө ээ эмес деп тапты.
Сот ошондой эле, адвокаттарынын биринин А. Аскаровдун кызыкчылыктарын жактоосун четке кагып, буга А. Аскаров көз жумгандыктан, анын өкүлү боло албайт деген жүйөө келтирди.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы А. Аскаровдун укуктук ишин жолдоого А. Аскаровдун жубайынын укуктарынын чектелиши боюнча мындай соттук чечимдер БУУнун Адам укуктары боюнча комитети белгилеген мамлекет тарабынан бузулган укуктарды коргоо үчүн соттук жактоого колдонуу, ишке адвокаттын жеткиликтүү болуусун четке кагуу жана соттун административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде доо кароого жатпайт деген корутундусу эл бийлигинин үстөмдүгү орнотулган жана анын алдында мамлекеттин жоопкерчилиги, коомго кызмат кылуу көрсөтүлгөн конституциялык принциптердин 3, 5, 16, 20 беренелерине карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары катары саналат. Алар тикелей аракетке ээ, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана алардын кызматтык адамдарынын маанисин жана мазмунун аныктайт.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы өнөктөш уюмдар менен биргеликте БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 31-мартындагы зыяндын ордун толугу менен толтуруу жана соттуулугун жокко чыгаруу каралган чечимин аткарууга жетишүүдө эл аралык жана улуттук соттордо Азимжан Аскаровду коргоону улантат.
Бир Дүйнө-Кыргызстан укуктук кыймылы А. Аскаровдун каза табуу фактысы боюнча үч айга чейин создуктурулган тергөө иштеринин созулушуна байланыштуу тынчсыздангандыгын билдирет.
Бардык суроолор боюнча Бир Дүйнө-Ош адвокаттарына
+996 555 16 13 00 же 0703 407 293 телефондору,
birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги боюнча кайрылсаңыздар.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы
Бишкек-Ош
20-октябрь, 2020-жыл