Укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоо жана сот процесстеринин 2010-жылдан берки хронологиясы

Дек 02.2020

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоо жана сот процесстеринин

2010-жылдан берки хронологиясы

Кылмыш иштери боюнча 

Базар-Коргон  райондук соту                 

15-сентябрь

Базар-Коргон райондук соту чечим чыгарды

2-сентябрь

6-сентябрь

7-сентябрь

8-сентябрь

Ноокендеги угуу

15-сентябрь

Базар-Коргон райондук соту чечим чыгарды

Жалал-Абадоблустук соту

10-ноябрь, 2010-ж.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү менен, төрагалык кылган сот: Молдобаев A.M., соттор: Арзыбаев А.С., Саматов А.А., прокурорлор; Жаныш уулу Н., Мизамбекова Э. 10.11.2010-ж. чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн райондук соттун 15.09.2010-ж. чечимин өзгөртүүсүз калтырылды.

25-сентябрь

Таш-Көмүр ш. процесс 

3-ноябрь

Таш-Көмүр ш. процесс (уландысы).

4-ноябрь

Ноокен а. процесс (уландысы).

10-ноябрь

Ноокен а. процесс (өкүмдүн чыгарылышы)

Жогорку сот

20-декабрь, 2011.

КРнын Жогорку сотунун токтому менен, төрагалык кылуучу сот П.Абакирова, соттор: Ш.Жакыпбаев, Г.Суталинова, прокурор: Бакиров К.Б. 20.12.2011-ж. А.Аскаровго карата айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды.

 «Жарандар коррупцияга каршы» Укуктук Борборунун демилгеси менен жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча А.Аскаровдун ишин кайрадан кароо

1-август, 2013-ж. 

Жалал-Абад шаардык соту. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 131-беренесинин (тергөөчүнүн, прокурордун аракетине жана чечимине даттануу) тартибинде Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Т.Тойтоновдун 10.01.2011-жылдагы А.Аскаровго карата мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы жөнүндө токтомун жокко чыгаруу боюнча процесс.

21-август, 2013-ж.  

Жалал-Абад облустук соту. Төрагалык кылуучу сот Жакыпбаев Ш., сот Абылакимов А. мурдаА. Аскаровду айыптоо боюнча кылмыш ишин кароого катышкандыгына байланыштуу артка четтетүүнү (самоотвод) билдиришти. Соттун отуруму 2013-жылдын 27-августуна калтырылды.

27-август, 2013-ж.

Жалал-Абад облустук соту. Адвокат В.Вахитовдун Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 1-августундагы токтомун жана Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Т.Тойтоновдун 10.01.2011-жылдагы А.Аскаровго карата мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча токтомун жокко чыгарууга жеке даттануусу боюнча процесс.

16-октябрь, 2013

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отуруму. Сот Жалал-Абад шаардык сотунун 01.08.2013-жылдагы токтомун жана Жалал-Абад облустук сотунун 27.08.2013-жылдагы аныктамасын өзгөртүүсүз калтырды.

5-февраль, 2014-ж. 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Л.Ю.Усманова тарабынан узакка текшерүүдөн кийин №166-10-159 кылмыш иши боюнча кайра ачылган жагдайлар боюнча козголгон өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарылды.

«Жарандар коррупцияга каршы» Укуктук Борборунун демилгеси менен жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча А.Аскаровдун ишин кайрадан кароо

1-август, 2013-ж. 

Жалал-Абад шаардык соту. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 131-беренесинин (тергөөчүнүн, прокурордун аракетине жана чечимине даттануу) тартибинде Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Т.Тойтоновдун 10.01.2011-жылдагы А.Аскаровго карата мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы жөнүндө токтомун жокко чыгаруу боюнча процесс.

 

21-август, 2013-ж.  

Жалал-Абад облустук соту. Төрагалык кылуучу сот Жакыпбаев Ш., сот Абылакимов А. мурдаА. Аскаровду айыптоо боюнча кылмыш ишин кароого катышкандыгына байланыштуу артка четтетүүнү (самоотвод) билдиришти. Соттун отуруму 2013-жылдын 27-августуна калтырылды.

27-август, 2013-ж.

Жалал-Абад облустук соту. Адвокат В.Вахитовдун Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 1-августундагы токтомун жана Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Т.Тойтоновдун 10.01.2011-жылдагы А.Аскаровго карата мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча токтомун жокко чыгарууга жеке даттануусу боюнча процесс.

16-октябрь,2013

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отуруму. Сот Жалал-Абад шаардык сотунун 01.08.2013-жылдагы токтомун жана Жалал-Абад облустук сотунун 27.08.2013-жылдагы аныктамасын өзгөртүүсүз калтырды.

5-февраль, 2014-ж. 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Л.Ю.Усманова тарабынан узакка текшерүүдөн кийин №166-10-159 кылмыш иши боюнча кайра ачылган жагдайлар боюнча козголгон өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарылды.

26-февраль, 2014-ж.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Л.Ю.Усманованын 2014-жылдагы 5-февралындагы токтомунун мыйзамсыздыгы боюнча адвокат тарабынан даттануу жөнөтүлдү. Процесс 2014-жылдын 14-мартына дайындалган.

14-март, 2014-ж.

Октябрь райондук соту. Сот А.Шагивалиевдин оорусуна байланыштуу болгон жок.

30-апрель, 2014-ж. 

Бишкек ш. Октябрь райондук сотунун токтому менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Л.Ю.Усманованын 5-февраль, 2014-жылдагы токтому негизсиз деп табылды.

30.06.2014-ж. 

Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы Кулжабаев М. тарабынан Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясына  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун жогоруда көрсөтүлгөн токтомуна аны жок кылуу жөнүндө өтүнүчү менен жеке көрсөтмө киргизилди.   

12.06.2014-ж. 

Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын жеке даттануусун жарым-жартылай канааттандырып, аныктама менен ишти өндүрүштөн токтотту.

Кылмыш ишин декриминализациялоо боюнча

30-июль, 2019-ж.

Чүй облустук сотунун 30-июлдагы аныктамасы менен Азимжан Аскаровдун кылмыш-жаза мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу кылмыш ишин кайрадан кароо жөнүндө өтүнүчүнөн баш тартылды.

2-декабрь, 2019-ж.

КРнын Жогорку сотунун токтому менен 30-июль, 2019-жылдагы Чүй облустук сотунун аныктамасы менен жокко чыгарылды. Адвокат В.Вахитовдун кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылды.

Аскаровдун иши боюнча БУУ Комитетинин Түшүндүрмөлөрдү аткаруу чечими боюнча процесстер

31-март, 2016-ж.   

 

БУУнун адам укуктары боюнча комитети №2231/2012 CCPR/C/116/D/2231/2012 иш боюнча мамлекет тарабынан Азимжан Аскаровдун иши боюнча укук бузуулар болгондугун тааныды.

Адам укуктары боюнча БУУ Азимжан Аскаровдун укуктарынын мамлекет тарабынан бузулушун тааныды: жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 7-беренеси, 2-беренеси, 3-пункту менен айрым жана өз ара байланышта; 9-беренеси, 1-пункту; 10-беренеси, 1-пункту жана 14-беренеси, 3 (b) жана (e) пункту.

Адам укуктары боюнча БУУ комитети Азимжан Аскаровдун укуктарынын мамлекет тарабынан бузулушун тааныды.  

12-июль, 2016-ж.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 12-июль, 2016-жылдагы Адам укуктары боюнча БУУ комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткарууга алууда 31-март, 2016-жылдагы аныктамасы менен, төрагалык кылуучу сот: Эсенканов К.Э., соттор: Бокоев К.А., Темирбеков Л,,  прокурорлор Тагаев Н., Токтакунов Н.,  Жогорку соттун 20.12.2011-жылдагы токтомун жана Жалал-Абад облустук сотунун 10.11.2012-жылдагы соттук коллегиясынын өкүмүн жокко чыгарды.

 

Ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо үчүн Чүй облустук сотуна жөнөтүлдү.

Чүй облустук соту

 

 

 

24-январь, 2017-ж. 

Жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин караган Чүй облустук  соту, төрагалык кылган сот: Джунушпаев К., соттор: Джумагулов Д., Исаев Н. прокурорлор: Токтакунов К., Орозбек уулу Эсен, Камалдинов С.Э. 24-январь, 2017-жылдагы өкүмү менен  А.Аскаровду Кыргыз Республикасынын ККнин 67-беренесинин негизинде кылмыш ишин токтотуп, Кыргыз Республикасынын ККнин 241-беренесинин 1-б. менен күнөөлүү деп тапты.

4-октябрь, 2016-ж.,

11-октябрь, 2016-ж.

 

18-октябрь,2016-ж.,

25-октябрь, 2016-ж.

1-ноябрь, 2016-ж.

8-ноябрь, 2016-ж.

15-октябрь, 2016-ж.

20-декабрь, 2016-ж.

10-январь, 2017-ж.

24-январь, 2017-ж.

Чүй облустук сотунун көчмө отуруму ЖАМКнын күзөт жана конвойлоо департаментинин имаратында өттү.

 

Процесс соттун ооруп калганынан улам өткөн жок.

            

 

 

Процессте ооруп калганынан улам адвокат Н.Токтакунов болгон жок.

 

КРнын Жогорку соту Чүй облустук сотунун өкүмү боюнча Аскаровдун иши боюнча БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин түшүндүрмөлөрүн аткарылышы жаатында     

2-февраль, 2020-ж.

6-апрель, 2020-ж.

13-май, 2020-ж.

Процесс 2020-жылдын 27-февралына белгиленди.  

Процесс 2020-жылдын 13-майына жылдырылды.

6-апрелдеги процесс 13-майга прокурорлор адвокаттын кошумча ходатайствосу менен таанышпагандыгына байланыштуу жылдырылды.

13.05.2020-ж.

Жогорку сот Чүй облустук сотунун 2017-жылдын 24-январындагы өкүмүн күчүндө  калтырды.

А.Аскаровдун иши боюнча КРнын Өкмөтүнүн аракетсиздигине административдик тартипте даттануу

27-март, 2020-ж.

11-май, 2020-ж.

 

 

12-июнь, 2020-ж.

1-отурум

Сот иш боюнча отурумду короновируска байланыштуу 11-майга жылдырды.

11-майда процесс район аралык соттордун реорганизациясына байланыштуу өткөн жок.

12-июнь, 2020-жылы Бишкек ш. Административдик соту А.Аскаровдун жеке даттануусун карады.

20-август, 2020-ж.

 

2020-жылдын 20-августунда Бишкек шаардык соту Аскарова Хадичанын аны доогер Аскаров Азимжан Камбаровичтин укуктук мураскери катары таануу жөнүндө арызын канааттандыруусуз калтырды. 

22-октябрь, 2020-ж.

 

2020-жылдын 22-октябрында Жогорку сот Бишкек ш. Административдик сотунун 12-июнь, 2020-жылдагы аныктамасын жана Бишкек шаардык сотунун 20-август, 2020-жылдагы аныктамасын токтом менен күчүндө калтырды.

    А. Аскаровдун өлүм фактысы боюнча иликтөө

25-июль, 2020-ж

КРӨнүн алдындагы ЖАМКнын өмүр бою эркинен ажыратылып, соттолгондорду кармоо үчүн изоляцияланган участканын №1 палатасында өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров мезгилинен мурда каза тапты. 

25-июль, 2020-ж.

КРнын Башкы прокурору О.А.Джамшитовго адвокат тарабынан өлүм фактысы боюнча кезектеги иликтөө кылмыш ишин каттоо жөнүндө арыз жөнөтүлдү.

25-июль, 2020-ж.

2020-жылдын 25-июлунда Азимжан Аскаровдун мезгилинен мурда өлүмгө учураганына байланыштуу №02-871-2020-000028 сотко чейинки өндүрүштүк иш козголду.

30-июль, 2020-ж.

БУУнун Атайын докладчысына укук коргоочулардын маселелери боюнча; Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себептерине тыкыр текшерүү өткөрүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү; Кыргызстандын жана Өзбекстандын бийлигине Азимжан Аскаровдун аны Өзбекстандын аймагында туулган жерине, Ташкент шаарында жерге берүү жөнүндө акыркы керезин аткаруу боюнча волокитага байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүсү.   

11-август, 2020-ж.

КРнын Башкы прокуратурасына адвокат тарабынан КРӨнүн алдындагы ЖАМК тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Молдажиевди артка четтетүү (самоотвод) жөнүндө ходатойствосу жөнөтүлүп, канааттандыруусуз кайтарылды. 

12-август, 2020-ж.

КРӨнүн алдындагы ЖАМК тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Молдажиевге А.Аскаровдун өлүм фактысы боюнча кошумча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө ходатайство жөнөтүлдү.

7-август, 2020-ж.

А.Аскаровдун өлүм фактысы боюнча кошумча соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү жөнүндө адвокаттын ходатайствосун канааттандыруу жөнүндө тергөөчүнүн чыг. №10/11-967, 17.08.2020-ж. жообу.

26-август, 2020-ж.

КРӨнүн алдындагы ЖАМК тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Молдажиевге күбөлөрдү суракка алуу жөнүндө ходатайство жөнөтүлүп, ал канааттандарылды. Тергөөчүнүң түшүндүрмөсү боюнча билдирилген күбөлөр соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыгарылгандан кийин суракка алынат.

2-сентябрь, 2020-ж.

КРнын Башкы прокуроруна КРнын Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМКнан жооп келбегендигине байланыштуу адвокаттык ишмердүүлүккө жолтоо кылуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү. Күнөөлүү жактар дисциплинардык тартипте жазаланды деген жооп келип түштү.

17-ноябрь, 2020-ж.

А.Аскаровдун өлүм фактысы боюнча укук коргоочуларга соттон тышкары жазалар, кыйноолор боюнча атайын докладчыга Билдирүү жөнөтүлдү.

 

А.Аскаровдун иши боюнча Х.Аскарованы укуктук мураскер катары таанууга административдик тартипте даттануу 

20-август, 2020-ж.

 

2020-жылдын 20-августунда Бишкек шаардык соту Аскарова Хадичаны доогер Аскаров Азимжан Камбаровичтин укуктук мураскери катары таануу жөнүндө арызын канааттандыруусуз калтырды. 

22-октябрь, 2020-ж.

2020-жылдын 22-октябрында Жогорку сот Бишкек ш. Административдик сотунун 12-июнь, 2020-жылдагы аныктамасын жана Бишкек шаардык сотунун 20-август, 2020-жылдагы аныктамасын токтом менен күчүндө калтырды.

2020-2021-жж

Эл аралык механизмдерди колдонуу менен Х.Аскарованын укуктук мураскери катары таануусуна кызыкчылыктарын коргоо мерчемделип жатат.

А. Аскаровдун мүлкү боюнча

2-декабрь, 2011-ж.

Базар-Коргон райондук соту. Материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө Ч.Бечелова жана К. Сулайманованын доолору боюнча процесс.

21-февраль, 2012-ж.

Жалал-Абад облустук соту. Жалал-Абад облустук сотуна адвокат В.Вахитовдун жана Е.Крапивинанын доолору боюнча апелляциялык инстанция

12-июль, 2010-жыл

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук прокуратурасынын токтому менен А.Аскаровдун Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Хобуз-Бою 3 көчөсү дарегинде жайгашкан жападан жалгыз үйүнө кылмыш ишинин алкагында камак салынды.

27-апрель, 2016-ж.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 2016-жылдын 27-апрелиндеги №171-п буйругу менен А.Аскаровдун турак жайы Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы сунушунун негизинде мамлекеттин менчигине алынды. 

24-июнь, 2016-жыл.

Бишкек ш. район аралык сотуна КРӨнүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун А.Аскаровдун турак-жайын мамлекеттин менчигине алуу жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн  буйругун жараксыз деп табуу жөнүндө адвокат тарабынан арыз берилди.

26-сентябрь, 2016-жыл 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу 2016-жылдын 24-июнундагы №460-п буйругу менен А.Аскаровдун конфискацияланган турак-жайын Мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө буйругун жана кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысын соттук териштирүүгө жеткирбестен жокко чыгарды. 

5-сентябрь, 2017-ж.

 “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылынын адвокаты В.Вахитовдун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна доо арызы боюнча А.Аскаровдун үйүнөн камак алынды. Прокуратура камактын мыйзамсыз экенин тааныды жана соттун токтомуна кайра кайрылган жок.

28-февраль, 2019-ж.

 

Бишкек ш. Октябрь райондук сотунун сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучусу Султаналиева А.Р. тарабынан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйүнө кайрадан камак салынды.

6-сентябрь, 2019-ж.

Базар-Коргон райондук соту кылмыш иши боюнча жабырлануучунун материалдык жана моралдык зыян боюнча Азимжан Аскаровдун үйүн өндүрүп алуу жөнүндө доо арызын канааттандыруудан баш тартты.

20-ноябрь, 2019-жыл

Жалал-Абад облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2019-жылдын 6-сентябрындагы аныктамасын жокко чыгарды.

6-март, 2020-жылдан

Жогорку сот Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2019-жылдын 20-ноябрындагы аныктамасын күчүндө калтырды.

25-июль, 2020-жылдан

КРӨнүн алдындагы ЖАМКнын Бишкек шаарындагы №47 колониясында 2020-жылдын 25-июлунда каза тапкан Азимжан Аскаровдун калтырган мурасына киришүү үчүн Хадича Аскаровага юридикалык коштоо көрсөтүлдү.  

27-октябрь, 2020-жылдан

Хадича Аскарова мурастын ачылган орду боюнча, т.а. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында нотариуска арыз тапшырды.Мыйзам боюнча адам каза тапкан күндөн 6 айдан кийин мураска киришүү жүрөт.   

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg