Тынчтык жана мыйзамдуулук жогорку баалуулуктар катары. Трагедиялуу окуялардын он биринчи жылдыгы
Июн 11.2021
10-июнь 2010-жылдагы кайгылуу окуяларда каза тапкандарды, дайынсыз жоголгондорду жана жабыр тарткандарды эскерүү күнү болуп калды. Бул чоң трагедиянын кесепети көп жылдардан бери эле сезилип келе жатат. Турак-жайларды калыбына келтиришти, көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди бөлүп беришти, денедеги жараттар карттанды, анткени менен, эсибизде өлүм коркунучу кала берди.
Трагедия канчалык күчтүү болсо, тынчтыктын баалуулугу ошончолук жогору. Адамдар анын сакталышы, бекемделиши үчүн ар бири күч-аракетин жумшашы керек экендигин түшүнүштү.
Тынчтыкты сактоонун маанилүү фактору жарандардын укуктарын сактоо болуп саналат. Окуялардан кийин бейтараптык, көз карандысыздык жана объективдүүлүк боюнча жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган бир катар сот процесстери жүрдү.
Ал убактагы алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө улуттук мыйзамдардын жана адам укуктары жаатында эл аралык нормалардын көп сандаган бузулушу орун алып турду. Кыйноолор уруп-согуулар, коркутуп-үркүтүүлөр жана адамзаттык ар-намысты кемсинтүү менен коштолду. Кыйноо фактылары боюнча бир дагы жолу өз маалындагы, натыйжалуу иликтөө болгон жок. Айыптоолордун негизинде кыйноолор аркылуу моюнга алдыруулар турду.
Сот процесстеринин учурунда коопсуздуктун жоктугу, соттолуучуларга, алардын жакындарына жана адвокаттарга кол салуулар, коргоонун далилдерин тоготпоо – адилетсиз чечимдерге алып келди. Сот адвокаттар келтирген жүйөөлөрдү четке кагып, соттоолуучулар тарабынан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн көңүлгө албады, кыйноолор жөнүндө билдирүүлөргө жооп кайтарган жок.
Адамзат баалуулуктарынын, адам укуктарынын тебелениши, адам укуктарынын саясий оюндар менен бурмаланышы көптөгөн адамдардын адам өмүрүнүн кыскарышына себеп болду.
Камакта жатып каза тапкан укук коргоочу, абийир туткуну Азимжан Аскаров буга мисал. Камактагылар өз убагында сапаттуу медициналык жардам менен камсыз болушкан жок. Узак мөөнөттөргө соттолгон адамдар акыйкаттыктан түңүлүштү, өз укуктары үчүн күрөшүүгө күчтөрү калбады. Духтары сынган, басмырланган, ден соолуктарын жоготкон адамдар качандыр бир кезде акыйкат сот болоруна, алардын добуштары угулула турганына жана аларды түшүнүшөөрүнө, мамлекет аларды кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктары катары тааный тургандыгына, ал эми кыйноолорго катышы бар адамдардын баарына жалпы саналган мыйзам талап кылгандай, жоопкерчиликке тартылышаарына жана жазаланышаарына ишенишпейт.
Жоопкерсиздиктин мындай системасы, чечилбеген социалдык көйгөйлөр бийликке коомдун ишенимин төмөндөтөт. Укук үстөмдүгү жаатында жүзөгө ашырылып жаткан реформалардын көпчүлүгү соттолгон жарандарга тиешелүү болбогондугун мезгил көрсөтүп жатат. Мамлекеттин биринчи жактарына карата сот процесстери болгондо адам укуктары жөнүндө чакырыктар бардык жактарда угулат, бирок, катардагы жарандардын үстүнөн болгон процесстерде эмнеге мынчалык көңүл бурууга ээ болбойт?
Кылмыш-жаза мыйзамдарындагы улантылып жаткан масштабдык реформаны эске алуу менен Кыргызстандын бардык жарандарынын коргоого жана көз карандысыз акыйкаттыкка жетиши маанилүү.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунда “Сот бийлиги жана укук коргоо органдары кыргыз коомунун негизги баалуулуктарын – акыйкаттыкты жана эркиндикти бузуп жатат” – деп белгиледи. “Тергөө бейтарап, ал эми сот адилеттүү болушу керек!”.
“Укук коргоо органдарын реформалоо биринчи кезекте мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүүгө жана мамлекеттик институттарга коомдун ишенимин кайтарууну калыбына келтирүүгө багытталышы керек” – деп айтылат ушул эле кайрылууда.
Азыркы жүргүзүлүп жаткан реформа өткөндү унуткарбастан, жарандардын керектөөлөрүнө жана муктаждыктарына жооп бериши керек. Мыйзамдар түшүнүктүү, жеткиликтүү жана адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку принциптерине ылайык келиши зарыл, бул Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу өлкөдө өзөктүү принцип болуп саналат.
Укук коргоо коомчулугу ммалекет башчысынын укук коргоочулар Мира Риттман менен Криса Риклтондун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынышын карап чыгуу жөнүндө чечимин кубаттай тургандыгын The Diplomatlomat кабарлады. Укук коргоо коомчулугу укук үстөмдүгүнүн сакталышы жөнүндө эске салат, тынчтык жана мыйзамдуулук бардыгына бирдей жогорку баалуулуктар.
...Бул азалуу күндө өткөндү эстөө бизге тынчтык менен туруктуулукту сактоо үчүн өткөндөн сабак алуу зарылдыгын эске салат. Укук коргоо коомчулугу өткөндөн сабак алуу туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө укуктарды сактоо менен жарандардын укуктарынын сакталышына оң таасир этет деген үмүттө. Ооба, биз бир өлкөбүз жана биздин күчүбүз биримдикте.
"Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы коомдук бирикмеси
10-июнь, 2021-жыл
###
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусуна шилтеме: http://www.president.kg/ru/sobytiya/19287_poslanie_prezidenta_sadira_ghaparova__narodu_kirgizstana
Эки укук коргоочунун кирүүсүнө чектөө киргизилгендиги жөнүндө билдирүүгө шилтеме: https://thediplomat.com/2021/06/kyrgyzstan-reviewing-entry-bans-on-rittmann-and-rickleton/