Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастанбек мырзага
Май 19.2020
19-май, 2020-жыл
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
Жумабеков Дастанбек мырзага
Көчүрмөсү: КРнын ЖКнин бардык депутаттарына
Урматтуу Дастанбек Артисбекович!
"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылы шериктештик тармагынын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети тарабынан демилгеленген "КРнын айрым мыйзам актыларына ("КРнын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакырат.
Долбоордун жоболорунун Конституцияга жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келүү предметине жүргүзүлгөн укуктук анализге ылайык, долбоордун түзүмдүк элементтери эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциялык кепилдиктерине жана мыйзамдык базасына карама-каршы келет[1].
Мыйзам долбоорунун 2020-жылдын 22-майында, COVID-19 пандемиясы маалында каралышы БУУ тарабынан кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердүүлүк борборуна адам укуктарын алдыңкы орунга коюуга чакырган пандемия маалында, ошондой эле, каатчылык мезгилинде "Адам укуктары жаатында аракеттерге чакырыктын" бузулушуна алып келет. Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген парламенттик угуулардын мерчемделиши COVID-19 пандемиясынын маалында кабыл алынган КР Өкмөтүнүн токтомдорунун[2] жана Өзгөчө кырдаалдар жана карантин мезгилиндеги Республикалык Штабдын чечимдеринин бузулушуна, ошондой эле, (COVID-19) короновирус инфекциясынын таралышына жол бербөө боюнча санитардык талаптардын бузулушуна кириптер кылат.
Кайра жылдыруу мүмкүн эместигине байланыштуу, 2020-жылдын 22-майында парламенттик угуулардын өткөрүлүшү жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгү конституциялык укугун жана сунуш кылынган мыйзам долбоорун талкуулоо процессине жарандардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, аймактардагы жарандык коом уюмдарынын активисттерин басмырлоого багытталат, бийликтин бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын бирдей катышуусу үчүн мейкиндикти кыскартат.
COVID-19 пандемиясы учурунда БУУ мамлекетти башка укуктар менен катар ой-пикирди билдирүү жана басма сөз эркиндиги укугун, маалымат эркиндигин, ассоциацияларга жана чогулууларга эркиндикти урматтоого жана коргоого чакырат, буга КРнын Президенти С. Ш. Жээнбековдун жана Республикалык Штабдын чакырыктары күбө.
Башкы катчы: «Адам укуктары системасы бизге көйгөйлөрдү чечүүгө, XXI кылымдын муктаждыктарын канааттандырууга жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга, адамдар менен лидерлердин ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүгө жана баарыбыз көз каранды болгон глобалдык туруктуулукка, шериктештикке, плюрализмге жана инклюзивдүүлүккө жетишүүгө жардам берет. Ал бизге адамдардын жашоосуна реалдуу таасир кылуучу конкреттүү аракеттерге үмүттөрүбүздү ишке ашыруу ыкмаларын көрсөтөт. Аны кандай жагдай болбосун, бийликти жүзөгө ашыруу же саясий максаттарга жетишүү үчүн пайдаланууга болбойт - ал тигинден дагы, мындан дагы жогору турат" деп баса белгиледи.[3]
Бул каатчылык мезгилде коммерциялык эмес уюмдар мобилдүүлүгүн, шериктештигин, айкындуулугун, адам укуктарын коргоо принциптерин жолдой тургандыгын көрсөттү, мамлекет менен биргеликте калктын эң аярлуу, корголбогон катмарына, Кыргызстандын социалдык жана жабык жайларына айтарлык жардам көрсөтүштү, жергиликтүү бийлик органдарына пандемия каатчылыгынан татыктуу чыгуу үчүн көмөк көрсөтүүсүн учурда дагы улантууда. Биз баарыбыз өлкөдөгү пандемиянын терең каатчылыгын жана чакырыктарын чечүү үчүн бирге болушубуз зарыл, мында өзөктүү ролду жарандык коомду уюштуруу ойнойт.
"Бир Дүйнө Кыргызстан" УК, шериктештик тармагынын өнөктөштөрү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын КРда ассоциациялар эркиндигине каршы багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнөт, анткени, ал эл аралык стандарттарга жана КРнын Конституциясына карама-каршы келип, бюрократиянын, көзөмөлдөөнүн коррупциялык механизмдерин, жасалма барьерлерди түзүүгө багытталган. Биз КРдагы адам укугунун жана эркиндигинин жалпы адамзаттык баалуулуктарын жактайбыз, биз чечимдерди кабыл алуучу адамдар менен өнөктөштүккө жана кызматташтыкка, бардык деңгээлдердеги бийлик менен коомдук маанилүү маселелерди чечүү үчүн ачыкпыз.
Биз жыл сайын көз карандысыз аудиттин корунтундуларын ак ниет башкаруу принциптерин жана финансылык башкаруунун жогорку стандарттарын илгерилетүүнү камтуу менен, социалдык тармактарда жарыялоо менен өз ара иштешип келген фокус топторунун, коомдун алдында отчёт беребиз жана көзөмөлдөбүз.
Аталган мыйзам долбооруна биздин пикир ишенимди кайтарат жана биргеликте Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрөбүз деген ишеничтебиз.
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылына:
birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги, 665721, 0550184095 телефон номурлары аркылуу кайрылсаңыздар.
[1](http://adilet.kg/ru/news/full/394).
[3]https://www.un.org/sites/un2.un.org/files/human_rights_and_covid19_russian.pdf
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720001, Чүй пр. 207/29А, тел/факс: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
Кыргызская Республика, 720001, г. Бишкек, пр. Чуй 207/29А, тел/факс: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
207/29А Chui Avenue, Bishkek, Kyrgyz Republic, 720001, tel/fax: (+996 312) 66 57 21, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
www.birduino.kg