Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы Түмөнов А.Ж. укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча тергөө иштерин токтоткондугу боюнча адвокат А.Сыдыковдун даттануусун кароон
Июл 02.2021
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы, адвокат Айдар Сыдыков 2020-жылдын 25-июлунда 47 ТКда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча Хадича Аскарованын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону улантат.
2021-жылдын 1-июль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адвокат А.Сыдыковдун Азимжан Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча АИС ЕРПП №03-860-2020-000152 катталган сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн, ага лейтенант а/к А.Молдажиевдин токтомун мыйзамсыз жана негизсиз деп табуу жөнүндө Хадича Аскарованын кызыкчылыктарын коргоо боюнча даттануусу каралды.
Сот отурумунун катышуучулары:
Түмөнов А.Ж, Бишкек ш. Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы;
Ажибаева А.К., соттук отурумдун секретары;
С.Токтогулов, жазык-аткаруу мекемелеринде жана органдарында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокурордун ага жардамчысы;
А.Молдажиев, а/к ага лейтенанты;
А.Ж.Сыдыков, адвокат.
Тилекке каршы, Бишкек ш. Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы Түмөнов А.Ж. адвокат А.Сыдыковдун даттануусу боюнча соттук материалдын өндүрүшүн токтотту. Тергөө судьясы өз чечимин сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтомго даттануу даттануунун мөөнөтү өткөндөн кийин, 2021-жылдын 28-июнунда берилгендигин, ал эми А.Аскаровдун каза табуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн токтотулушу жөнүндө токтом адвокаттар тарабынан 2021-жылдын 16-июнунда алынгандыгын негиздеме кылды.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» УК 2021-жылдын 16-июнунда «Бир Дүйнө Кыргызстандын» адвокаттары жана адвокат Айдар Садыков сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын 2 томун алышканын тастыктайт.
Жазык-процессуалдык кодексинин 250-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "даттануунун мөөнөтү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып 10 күндү түзөт. Бул адвокаттын таанышуу жөнүндөгү билдирүүсү, өндүрүштүн датасы, иштин материалдарын сүрөткө тартуу менен ырасталат жана сот тарабынан танылган жок.
Анткени менен, мөөнөттү эсептөө КРнын ЖПКнин 141 беренелеринин эрежеси боюнча жүргүзүлүшү керек:
2) сутка менен мөөнөттү эсептөөдө мөөнөттүн аралыгы башталган күн эсепке алынбайт, т.а. биздин жагдайда мөөнөт 17-июндан баштап эсептелет.
3) эгерде мөөнөттүн аякташы жумуш эмес күнгө туш келсе, анда мөөнөттүн акыркы күнү болуп биринчи жумушчу күн эсептелет, эс алуу күнүнөн же майрам күнүнөн кийинки, кармоодогу, камакта кармалуудагы, үй абагындагы жана медициналык мекемеде болгондон башка учурларда;
Аталган жагдайда даттанууну берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-июнга, ишемби күнгө туш келген, т.а. жумушчу эмес күнгө, буга ылайык арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 28-июну болуп саналат. Даттануу акыркы күнү берилген, себеби иштин 2 томдук материалдары адистер тарабынан терең иликтөөнү талап кылган. Мындан тышкары, биз соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна адистердин корутундусун алууга ниет кылганбыз.
Өзүнүн чечими менен тергөө судьясы Түмөнов А.Ж. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу менен ыйгарым укугун жогорулатты.
Ошондой эле, судья ишти маңызы боюнча карай баштады жана чечим кабыл алуу үчүн жыйындар бөлмөсүнө кирип кетти, ошол убакта ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин мөөнөтүн көңүлгө алууф зарыл болчу.
262-беренеге ылайык аракетке даттанууларды кароонун тартиби, сотко чейинки өндүрүштүн кызматтык жактардын чечимдери "соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай даттануу кароого жата турганын жарыялайт, арыз берүүчүгө укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Арыз берүүчү эгер ал соттук отурумга катышып жатса, даттанууну негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка жактардын пикирлери угулат. Тиешелүү кабар берилген арыз берүүчүнүн жана кызматтык жактын келбей калуусу даттанууну кароо үчүн тоскоол болуп саналбайт. Даттануу каралбайт, эгерде даттануу даттануу берүүгө укугу жок жак тарабынан берилсе; даттануу бул сотто кароого жатпаса; даттануу аталган кодексте каралган арыз-даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе жана аны берген жак бул мөөнөттү кайрадан жаңыртуу жөнүндө маселени койбосо же тергөө судьясы арыз берүүчү жак боюнча аны кайра калыбына келтирүү үчүн негиздемелерди таппаса; даттануу мурда ушундай эле негиздеме же дооматтар боюнча каралса".
Буга байланыштуу:
1.Биз судьянын аракетине соттордун дисциплиналык комиссиясына даттануу кылуу ниетиндебиз;
2. Бишкек шаардык сотунда токтотуу жөнүндө токтомго даттануу берүү.
Суроолор пайда болгон учурларда Сизден «Бир Дүйнө Кыргызстан» УКна: 0312 317671, 0550184095 телефону, адвокат Айдар Сыдыковго: 0556161038 телефону боюнча кайрылыңыздар.