СОТТО АКЫСЫЗ ЖАКТООЧУНУ КАМСЫЗДООГО АРЫЗДАР ТҮШҮҮДӨ
Мар 31.2021Сотто жактоочуну акысыз камсыздап берүү боюнча жарандардан арыздарды кабыл алуу уланууда.
Жаплысынан “Бир Дүйнө – Кыргызстан” 4 кейсти (сот ишин) тандап алат. Жабыркаган тараптар жактоочуга өтө муктаж болуп, анын кызматына акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болушу керек. Бул колдоо АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.
Даттануулар төмөнкү маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн: медицина же билим берүү жаатында кызматтарды алуудагы адам укуктурынын бузулушу, пандемия маалында үй-бүлөлүк жана тиричилик зордук-зомбулук, жабык мекемелерде адам укуктарынын басмырланышы, киргизилген чектөөлөрдүн канчалык туура болгонуна баа берүү, жеке ишкердүүлүк субъектилерин колдоо ж.б.
Арыз калтыруу үчүн телефон номур: (0550) 184 095
Арыздар, ошондой эле, акысыз юридикалык жардам боюнча ачылган ишеним телефонго кайрылгандар арасында тандалат. Эске салсак, анын номуру 0705 09 05 45