Сексуалдык жана гендердик зомбулукка тиешеси бар маанилүү 61 терминди чагылдырган глоссарий
Мар 09.2021Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар сексуалдык жана гендердик зомбулуктан жабыр тартышат. Аялдар жана кыздар, эркектер жана уландар, гендердик азчылыктардын өкүлдөрү жабыркашат. Зомбулуктун бул кыйратуучу формасы тынч мезгилдерде деле, согуш мезгилинде деле бардык жерде учурайт. Ал жыныстардын ортосундагы, асыресе, эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы жана гендердик ролдор жөнүндө туура эмес түшүнүктөр менен түздөн түз байланыштуу. Чыр-чатак кырдаалдарда зомбулуктун бул формасы стратегиялык курал катары пайдаланылат. Ошентсе да, курмандыктардын эң эле азыраак бөлүгү гана тиешелүү коргоо, актоо же акыйкаттык алышат. Мындай кырдаалды өзгөртүү зарыл.
Сексуалдык жана жыныстык зомбулуктун табиятын, масштабын жана кесепетин түшүнүүгө адамдар канчалык аракет кылган сайын, сөз кубаттуу күчкө ээ болот. Алар акыйкаттыкты, чындыкты жана айкындуулукту камсыз кыла алышат, бирок, алар ошондой эле, басмырлоого, ревиктимизациялоого жана кыйроого салым кошушу ыктымал. Туура сөздөрдү туура түшүнүктө жана туура убакытта пайдалануу маанилүү.
FIDH, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация зомбулуктан жабыркаган адам менен өз ара аракет этүүдө сактоо зарыл болгон стандарттарды жана гендердик кылмыштардын жүргүзүлүшүндөгү контекстти камтыган сексуалдык жана гендердик зомбулукка тиешеси бар маанилүү 61 терминди чагылдырган глоссарийди түздү. Бул ресурста аталган маселени документтештирүүгө түздөн түз тартылгандар, сот процессине катышкандар, бул багытта үгүт ишмердүүлүгү же маалымдуулукту жогорулатуу менен алектенип, аталаган терминдерди жакшы чечмелөө тийиш болгондор үчүн өзөктүү аныктамалар берилген жана түшүндүрүлгөн.
Биз сизге убакыт таап, глоссарийди окуп чыгууну, терминологияны өздөштүрүүнү жана жыныстык жана гендердик зомбулук боюнча иштерде сөзсүз түрдө колдонууну сунуш кылабыз.