«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту Бишкек шаарныда 2021-жылдын 16-17-ноябр күндөрү Парк-Отелде саат 10:00дө “ЕККУ аймагында экстремизм
Ноя 15.2021Пресс-релиз
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту Бишкек шаарныда 2021-жылдын 16-17-ноябр күндөрү Парк-Отелде саат 10:00дө “ЕККУ аймагында экстремизм менен күрөшүү шарттарында адам укуктарынын сакталышы”аталышында тегерек стол жыйынын өткөрөт.
Тегерек столдун жүрүшүндө эл аралык эксперттер, укук коргоочулар жана КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү региондо экстремизмдин таралышы, сот акыйкаттыгы жана фундаменталдык адам укуктарынын сакталышы маселелерин талкуулашат. Дискуссиялар шериктештикти бекемдөөгө, адам укуктары жана коопсуздууг үчүн жаңы коркунучтардын шарттарында адам укуктарын илгерилетүүдөгү мүмкүн болуучу форматтарын издөөдө мамлекеттик жана жарандык секторлордун кызматташтыгын, шериктештигин бекемдөөгө көмөкчү болот.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясындагы катышуучуларга кайрылуусуна жана ал тарабынан Афганистандагы кырдаалга карата кооптоонуу жана Борбордук азия үчүн башкы планга чыккан коопсуздук маселелери . Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча Борборду түзүү демилгеси менен айкалышат[1].
Эл аралык тегерек стол:
- Негизги темасы “Коркунучтар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” болуп саналган «Бир Дуйно Кыргызстан- 2021» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын алкагында СОВА маалыматтык-аналитикалык борбору, “Жарандык шериктештик” платформасынын мүчөлөрү (@Civic Solidarity Platform) жана @ARTICLE19 менен шериктештикте демилгеленген.
- "Strengthening civil society cooperation in the OSCE region with regards to security, human rights, conflict resolution, and gender equality" долбоорунун алкагында Германиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосунда өткөрүлмөкчү;
Кыргыз, орус жана англис тилдерине синхрондук которуу камсыздалат.
Конференциянын онлайн трансляциясына Zoom аркылуу төмөнкү шилтеме менен кошулуңуз:
https://us02web.zoom.us/j/86355270845?pwd=Umw1aUZFU2ovdVlYZTZLSU5iTUI2QT09
Конференциянын идентификатору: 863 5527 0845
Жеткиликтүүлүк коду: 513901
Суролор боюнча Акылай Эргешбаевага: +996 552075075 телефон номуру, AkylaiErgeshbaeva@gmail.com, емейл: BDKBishkek@gmail.com аркылуу байланышууңуздарды өтүнөбүз.