Өкмөт пандемия шартында түрмө туткундарынын укуктары боюнча “Бир Дүйнө – Кыргызстан” жана анын өнөктөштөрү угузган сунуштарын карап чыгууга убада берди
Ноя 17.2020Вице-премьер-министр Э.Сурабалидева жана бейөкмөттүк уюмдар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу 2020-жылдын 4-ноябрында өткөн “COVID-19 пандемиясынын шартында калктын аяр катмарлуу топторунун абалына карата мамлекеттик органдардын таасир этүүсүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү жолдору” аттуу тегерек стөлдүн алкагында ишке ашты.
Жолугушуунун катышуучулары көтөргөн маселелердин бири пандемия маалында жабык мекемелердеги абал болуп калды. Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбековун айтымында, акыркы мезгилде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын системасындагы мекемелерди кыдыруу кыйынчылыкка учуроодо. ПЦР-тестти акысыз өтүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, КАУБ анализдерди төлөө боюнча колдоо издеп, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз. Бул болсо туткундардын укуктарын коргоодо олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.
Өз кезегинде “Бир Дүйнө – Кыргызстан” УКнын долбоорунун координатору Аида Байжуманова быйылкы жылдын сентябрь жана октябрь айларында КАУБ, Акыйкатчы институту жана медицина жаатындагы эксперт түрмөлөрдү, психиатриялык ооруканаларды, балдар үйлөрүн кыдырганын белгиледи. Натыйжада камера тибиндеги жабык мекемелерде соттолгондор жана тергөө алдындагылар ооруканадан тышкаркы пневмониянын симптомдору менен ооругандар көп болгонун айтышкан. ЖАМКнын расмий статистикасына мындай дал келбестик соттолгондорго ПЦР-тесттер жүргүзүлбөй жатканы менен түшүндүрүлөт. Натыйжада бул учурлар кадимки сасык тумоо катары катталган.
Анын ортосунда, COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүү жагдайларына далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Баркытабасова токтолуп, адамдарды мажбурлап эмдөөгө жол берилбеши керектигин, ал эми вакцинадагы препараттар сөзсүз тиешелүү лабораториялык сыноодон өтүшү шарт экенин белгиледи. Мындан тышкары, жабык мекемелердеги медбөлүмдөр менен аймактык жана үчүнчүлүк медициналык мекемелер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен байланыш түзүү зарыл. Мындай нерсе туткундарга сапаттуураак медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет.
Укук коргоочулар өкмөткө дагы бир ирет Нельсон Маделанын принциптерин колдонуу зарылчылыгын эске салышты. Бүткүл дүйнө боюнча пайдаланалып, БУУ тараптан колдоого алынган бул эрежелерго ылайык, кары-картандар, аялдар, балдар жана өзгөчө мутаждыктары бар адамдар эркиндикке чыгарылат. Бул чара жабык мекемелерде пандемиянын жайылышын жана кесепетин азайтып, медициналык тейлөөгө жана мамлекет бюджетине жүк келүүнү женилдетет.
Э.Сурабалидева тегерек стөлдүн катышуучуларынын сунуштарына таасир этүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдар менен чогулуш бир нече жума ичинде өтөрүн билдирди.