"Жергиликтүүдөн глоболдыкка чейинки лидерлер: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги" ЖАЛПЫ УЛУТТУК ДИАЛО
Ноя 12.2021Жалпы улуттук диалогдун Уюштуруу Комитети 2021-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун, Акыйкатчы институтунун жана КРнын КААУБнун, профсоюздар федерациясынын жана шериктештик уюмдардын негизги өкүлдөрүнүн катышуусунда олуттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик органдардын, инклюзивдүү бизнестин жана жарандык коомчулуктун ортосунда уникалдуу диалогдук форманы түзүү максатын көздөгөн жергиликтүү коомчулуктун лидерлеринин каргашаларды жана тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн чечимдерди кабыл алуучу жактарга добуштарын жеткирүүгө арналган "Жергиликтүүдөн глоболдыкка чейинки лидерлер: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги" темасындагы жалпы улуттук диалог “НОВОТЕЛЬ” отелинде өтөөрүн билдирет.
Жалпы улуттук диалогдун катышуучуларынын көңүлү айрыкча дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн жана глобалдык тенденциялардын шарттарында экологиялык жана социалдык экономикалык каргашаларды жеңүү үчүн КРнын бийлик органдары жана жарандык коомчулуктун ортосунда көп тараптуу шериктештиктин өзгөчө артыкчылыктуу багыттарына тийиштүү конструктивдүү дискуссияны түзүүгө бурулат. Мерчемделген иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун жүздөн ашуун лидерлери коомдук коопсуздук, саясий процесстерге аялдардын катышуусу, ресурстарга жана саясатка бирдей жеткиликтүүлүктү гендердик өңүттө илгерилетүү, азык-түлүк коопсуздугунун маанилүүлүгү, медицинага жеткиликтүүлүк, социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жамааттыктан глобалдык деңгээлдерге чейин чечимдерди кабыл алууга жарандык катышуу жааттарында учурдагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча коз караштары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. "Дүйнөлүк кафе" форматындагы үч негизги компонент боюнча катышуучу процесстин жыйынтыгында резолюцияны кабыл алуу жана 2022-жылга реформаларды илгерилетүү үчүн иш-аракеттердин биргелешкен планын иштеп чыгуу күтүлөт.
Жалпы улуттук диалогду өткөрүү демилгеси 2021-жылдын 12-июлунда “Бир Дүйнө-КР” укук коргоо кыймылы тарабынан КРнын Президентине сунуш кылынган.
Бардык суроолор боюнча БДК координатору Мурат Карыповго 0555422222 телефону аркылуу кайрылыңыздар.