Сотто жактоочуну акысыз камсыздап берүү боюнча арыздарды кабыл алуу башталды
Янв 27.2021Жалпысынан “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймыл 4 иш боюнча кесипкөй жактоочуну камсыздап берет. Мындай жардам “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат (2020-2021-жж.)
Даттануулар төмөнкү маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн: медициналык жана билим берүүчүлүк кызматтарды алууда укуктардын бузулушу, пандемия маалында үй-бүлөлүк зомбулук, мажбурлап кармоо жайларында адам укуктарынын бузулушу, чектөө чараларынын максаттуулугу, ишкердүүлүк субъектилеринин колдоодо суроолор ж.б.
Сотто жактоочуну камсыздап берүү боюнча арыз калтыруу үчүн телефон номур: (0550) 184 095
Кейстерди тандап алуу, ошондой эле, акысыз юридикалык кенештерди берүү боюнча кызуу байланышка кайрылгандар арасында жүргүзүлөт. Эске салсак, ал былтыр сентябрдан бери иштеп жатат.
Долбоор АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынып, улууттук укуктук институттар, бийлик органдары жана Жарандык коом уюмдары тармагы менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Урматым менен,
PR-адис Рахат Макеева