Кыргызстанда Универсалдык мезгилдик обзордун алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча орто мөөнөттүк отчет даярдалууда
Июн 23.202220-июндан 22-июнга чейин Бишкекте УМОнун үчүнчү циклинин жүрүшүндө Кыргызстан тарабынан алынган сунуштамаларды аткаруу боюнча Орто мөөнөттүк отчетту даярдоо жаатында семинар болуп өттү. Семинарга улуттук укук коргоо институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле, узак убакыттан бери адам укуктарынын ар кыл чөйрөсүндө иштеп келе жатышкан жарандык коомчулук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Аталган иш чара UPR Info менен шеришктештикте «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы тарабынан уюштурулган.
БДК аткаруучу директору Аида Байжуманова белгилеп өткөндөй, мындай иш-чаралардын жардамы менен жергиликтүү уюмдар УМО боюнча отчетторду түзүүгө, маалымат жана тажрыйба алмашууга үйрөнүшөт. Семинардын катышуучуларынын чөйрөсүнүн кеңири болушу бардык сунуштамалардын деталдуу жана ар тараптан иштелип чыгып, обзорго камтылышы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.
«Кыргызстан орто мөөнөттөгү обзорду бере элек, андыктан, бул семинар мамлекет аткарууга алган сунуштамалардын темалары боюнча негизги маселелерди аныктоодо ар тараптуу күчтөрдү бириктирүү үчүн аянтча болуп саналат” – деп белгиледи БДКнын Улуттук координатору Лира Исмаилова.
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков ЖКУнын жана маморгандардын күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Анткени, доклад укук коргоо ишмердүүлүгүнүн ар кыл багыттары боюнча маалыматтарды камтыйт. Акыйкатчы Институту орто мөөнөттүк докладды даярдоо боюнча ишти улантууда, анын болжолдуу түрдө 70 пайызы даяр, тематикалык багыттар боюнча маалыматтарды кошуу жана толуктап иштеп чыгуу талап кылынмакчы.
UPR Info эксперттери Наргиз Арупова жана Лора Синнер катышуучуларга обзордун түзүмү, маалыматты чогултуу үчүн булактар, өлкө тарабынан алынган сунуштамаларды жүзөгө ашырууну баалоо процесси жөнүндө маалыматтарды беришти. Катышуучулар башка өлкөлөрдүн орто мөөнөттөгү отчеттору жөнүндө мисалдар, ошондой эле, кандай сунуштамалардын эске алынганы, дагы кандай кошумча чаралар талап кылына тургандыгы жөнүндө түшүнүктү жөнөкөйлөткөн визуалдаштыруунун ар түрдүү ыкмалары менен тааныша алышты. Сунуштамаларды киргизүү даражасын жолчырак ыкмасы менен: толугу менен эске алынган сунуштамалар (жашыл түс), жарым-жартылай эске алынгандар (сары түс) жана азырынча чечимдерди кабыл алуу деңгээлине жана практикага киргизиле электер (кызыл түс) баалоо сунуш кылынды.
Отчетту даярдоо боюнча андан аркы иш семинарда түзүлгөн тематикалык группаларда жүргүзүлөт. «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму адам укуктары чөйрөсүндө эмгектенгендердин баарысын бул процесске кошулууга чакырат.
Орто мөөнөттүк докладды даярдоо процесси УМОнун маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын мүмкүн болушунча көбүрөөк түшүнүүсү жана билүүлөрү үчүн маанилүү компонентти — эдвокаси өнөктүгүн камтыйт.
Окутуунун соңунда катышуучулар орто мөөнөттүк отчетторду даярдоонун жана эдвокаси өнөктүктөрүн өткөрүүнүн даталарын көрсөтүү менен жол картасын биргелешип иштеп чыгышты. Мунун ичинде маалымат менен иштөө инструменттери боюнча тренинг мерчемделген. Окутууну медиа эксперт Инга Сикорская жүргүзөт.
Тактама үчүн маалымат: «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы UPR Info, КР Акыйкатчы Институту жана КР ККУБ менен шериктештикте үч жылдан бери УМО - Универсалдык мезгилдик обзордун алкагында адам укуктарын илгерилетүү боюнча жарандык коом уюмдарынын жана укук коргоо институттарынын потенциалын жогорулатууга көмөктөшүп келет.
УМО – БУУ - катышуучу-мүчөлөрүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусунун жүрүшү жөнүндө обзорлорду тааныштыруу боюнча эл аралык инструмент. УМОнун максаты адам укуктарынын сакталышы боюнча кырдаалды жакшыртуу болуп саналат. 2020-жылдын январында Кыргызстан тарабынан обзор тааныштырылгандан кийин БУУнун 89 өлкөсүнөн 232 сунуштама алынган, булардын ичинен 193 сунуштама мамлекет тарабынан кубатталып, 39у көңүл бурууга алынган. УМОнун үчүнчү циклинин календарына ылайык, 2022-жылдын сентябрында орто мөөнөттүк этап кирет, ал эми 2024-жылдын 29-сентябрынан төртүнчү циклдин алкагында доклад тааныштырылат.
Бардык суроолор боюнча Лира Исмаиловага: birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.