Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчилиги адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалын 15 жылдык мааракеси менен куттуктайт!
Дек 05.2021Айымдар жана мырзалар!
Фестиваль региондо жана анын чегинде адам укуктары маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу мейкиндикти түздү жана ошол эле убакта жаштарга, т.а. өлкөнүн келечегине көп көңүл бурду.
2021-жылдагы фестивалдын темасы - "Тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары" деп аталды. 2021-жылы Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле ачыктан ачык жана реалдуу тобокелдиктер менен туш келүүдө: Covid-19 пандемисы, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери, саясий аныкталбагандык жана коопсуздук чөйрөсүндөгү аныкталбагандык социалдык теңсиздикти тереңдетип, айкын көрсөтүп турат. Калыбына келтирүү процесси узак болушу ыктымал. Өлкө өзү кабыл алган чараларда жалпы калктын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана майыптардын өзгөчө муктаждыктарын эске алса гана өзүнүн позициясын натыйжалуу адаптация кыла алат жана бул тобокелдиктерди төмөндөтөт. Бул үчүн адам укуктарын сактоо аркылуу гана аракет кылуу зарыл.
Мен Фестивалдын уюштуруучуларын көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, зор иштерди жүзөгө ашырып жатышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен ошондой эле, катышуучуларга, фестивалдын аларсыз өткөрүү мүмкүн болбой турган тарапташтарына аткарып жаткан иштери жана ишке берилгендиктери үчүн ыраазычылык билдирем.
Оливье Бангертер
Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчиси