Кыйноолордон боштондук. Мыйзамдуулуктун сакталышы
Июн 24.2021"Бир Дүйнө Кыргызстан" УК КБнин 26-июнь кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата пресс релизи
2018-жылдан бери БДК БУУнун ыктыярдуу мүчөлүк акылар фондунун колдоосунда "Кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктарын укуктарын коргоо" долбоорун жүзөгө ашырып келүүдө. Узак мөөнөттүү колдоолордон улам телефон, онлайн аркылуу жана көзмө көз жолугушуулар менен консультацияларды берүү, ошондой эле, документтерди даярдоо, мамлекеттик органдарда коштоп жүрүү, Кыргызстандын сотторунда жана тергөө этаптарында жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жолу менен аярлуу катмардагы жарандар үчүн сапаттуу укук жардам жеткиликтүү болууда.
Кыйноолордун курмандыктары улуттук механизмдер бүткөн учурда адам укуктары боюнча БУУнун Комитетине даттанууларды даярдоо жаатында колдоо ала алышат. Уюм жыл сайын 16-20 стратегиялык сот процесси боюнча кыйноолордун курмандыктарына катышы бар жактардан компенсация алуу жоопкерчилигине тартуу багытында иш алып барып келет. Бул өтө татаал, мерчемдүү, адвокаттардын жогорку берилүүсүн жана юриспруденция чөйрөсүндө терең билимдерди талап кылган узак иш.
Жыл сайын уюмдун Бишкектеги жана Оштогу кеңселерине кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктарын коргоо маселелери боюнча 200гө жакын жаран кайрылышат. Былтыркы жылы коронавирустун таралышы менен карантиндин киргизилишинен улам кайрылуулардын саны төмөндөдү. Салыштырып айтканда, 2020-жылдын биринчи жарым жылында 54 консультация көрсөтүлсө, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 69 консультация берилген. Кайрылган аялдардын саны көбөйдү. Жардам сурап көбүнчө камакта жатып катаал мамилеге тушуккан же кыйноолорго учурагандардын туугандары кайрылышат. Кайрылгандардын жалпы санынын 50%ы туугандары (өткөн жылга салыштырганда кайрылгандардын жалпы санынын 44%ын түзгөн). Улуттук курамы боюнча алганда көпчүлүгү – өзбек улутундагылар, кыргыз улутундагы жарандардан дагы кайрылуулар көбөйүүдө.
Кыйноолорду колдонуу менен иштерди алып барууда улуттук мыйзам-ченемдердин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан бир катар системалык барьерлер бар. КР КЖП 155 беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүш кылмыш ишин жасоого шектелгендиги жөнүндө кабарлоодон кийин эки айдан кеч эмес мөөнөттө кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү иштери бүткөрүлүшү керек. Бул норма тергөөгө сотко чейинки өндүрүштү аныкталбаган мөөнөткө чейин создуктурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, адвокаттар иликтөөнүн андан аркы жүрүшүнө таасир эткен экспертизанын сапатына байланыштуу маселелерди айтышат. Практикада айыптоонун жеңил беренелери – кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу колдонулат. Ушул же башка кыйынчылыктарга карабастан жарандарды коргоо боюнча иштер токтогон жок.
БДК авдокаттык коомчулук, коомдук уюмдар, мамлекеттик укук коргоо институттары менен тыгыз кызматташат. БДК өнөктөштөрүнүн, асыресе, “Голос свободы” КФнун көмөктөшүүсүнүн алдында кыйноолордон жабыркагандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү толук кандуу реабилитациядан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Укук коргоочулар катаал адамзаттык эмес мамилелерге жана кыйноолорго чыдап жүрбөөгө чакырышат. Жарандардын фундаменталдык укуктарынын бузулушун болтурбоо үчүн жабык мекемелерде Манделла принциптерин илгерилетүү зарыл.
Кыйноолорго каршы күрөшүүгө күч-аракеттерди бириктирүү көз карандысыз сот бийлигин түзүүгө көмөкчү болот, басмырлоого жана зомбулук кылууга жол берилбей, жарандардын адилеттүү жана теңдикте корголушун камсыз кылат.