КР Конституциясы боюнча референдум жана президенттик шайлоо өтө турган күнү шайлоочуларга кеп-кенеш берүү үчүн кызуу байланыш жөнүндө кулактандыруу
Янв 09.20212021-жылдын 10-январь күнү президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча рефередум өтө турган күнү “Бир Дүйнө – Кырызстан/Women’s Learning Partnership өлкөнүн жарандарынын шайлоо укугун жана эркиндигин сактоо маселелери боюнча көз карандысыз мониторинг өткөрөт. Бул ишмердүүлүктүн стратегиялык милдети - добуш берүү процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоо, ошондой эле, КРда шайоолордун эн курч, көйгөйлүү аспектилери боюнча шайлоочуларды маалымдоо болуп саналат.
Буга байланыштуу, 10-январда танкы саат 8:00дон 00:00го чейин жарандардан кайрылууларды жана суроолорду кабыл алуу үчүн акысыз кызуу байланыш төмөнкү номурлар боюнча уюштурулат: 0555 422222 жана 0551 961861.
Эксперттик коштоо үчүн КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова тартылат.
Кызуу байланышка келип түшкөн кайрылуулардын жыйынтыгы менен анализ жүргүзүлүп, келечекте КРнын улуттук шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында кыскача отчет тартууланат.
Техникалык колдоо Бир Дуйно/WLP тараптан көрсөтүлдү.
Email: birduinokyrgyzstan@gmail.com Whatsapp: 0555 422222 жана 0551 961861