Кайдыгер болбогула! Кыргызстанга, өлкөгө баарынан мурда Мыйзамдуулук жана Акыйкаттык керек!
Июн 16.2021Менден: -Сиз күчтү кайдан аласыз? - деп сурашат. Мен, бул - менин Азимжаныма болгон чексиз сүйүүм, аны профессионал, адам укугун коргоочу катары терең урматтоом, ал алдыга илгерилеткен идеалдарга умтулуум - деп жооп берем. Анын дүйнө салганына дээрлик бир жыл болду, өмүрүнүн акыркы он жылын камакта өткөрдү. Бирок, ал мен үчүн - менин өмүр шеригим, а мен анын - ишенимдүү жубайымын.
Ал экс-бийлик талап кылгандай боштондук сурап жазып, үйгө чыгып, биз менен деле боло алат эле, антсе дагы ал КРнын адам укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшүүчүнүн жолун тандап алды!
Мага жогорку акыйкаттыкка ишенүү жашоого жардам берет. Себеби канчалаган иштер бүтпөй калды. Мен жашаган үйгө байланыштуу кыйынчылыктар уланууда. Адвокаттар жана укук коргоочулар менен биргеликте биз бардык жаңы тоскоолдуктарды жеңип, Азимжандын иши боюнча иштерди улантып жатабыз.
Ооба, мага Азимжанды күндөн күнгө реабилитациялоо укугун коргоо, аны адилетсиз сот акыйкаттыгынын жана кыйноолордун курмандыгы деп таанууга жетишүү үчүн күч керек. Мага сиздердин колдооңуздар жана түшүнүүңүздөр зарыл.
Өткөндөрдү эстеп жатып биздин кантип таанышканыбызды, жаш болгонубузду жана баёо, үмүткө толуп турганыбызды эстейм. Биз көп жылдар бою чогуу жашадык, балалуу болдук, тарбиялап өстүрдүк, неберелерди эркелеттик. Мына ушундай жакындарга болгон камкордукка карк кадыресе турмушубуз дагы узакка чейин созулат деп ойлогонбуз… Биз алдыда кандай оор кыйынчылыктарды баштан кечире турганыбызды билген эмеспиз.
Катарлаш жүрүү: ал темир тор артында, мен эркиндикте, бирок… эркин эмес.
Бүгүн мен оор чынжырга байланган, андан ар бир кадам сайын шырп эткен үн чыгып турган, Азимжанды алыстан гана көрүү мүмкүн болгон көп сандаган сот процесстери жөнүндө айткым келбейт. Анын кыйналганын басаңдатуу үчүн кантип жардам берүү керек экендигин билбегенимде жүрөгүм канап кетчү. Биз адвокаттар менен биргеликте көп сандаган документтерди тапшырдык, Азимжан үчүн шарттарды жеңилдетүү, эркиндикке чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөр менен жүздөгөн кабинеттердин эшигин каккыладык. Ал улам барган сайын күчөгөн оорулардан жабыркап жатты. Мен дагы аны менен бирге жабыр тарттым. Анын оорусун аралыктан сезип турдум жана чын жүрөгүмдөн жардам бергим келди.
Карапайым айылдык аялдын колунан эмне келет эле? Эч нерсеге карабастан ишенимдүү болуу. Үмүтсүздүккө алдырбоо жана алакан жайып отурбоо.
Адвокаттар жана журналисттер менен байланышта болуу. Бул жылдардын баарысында менин өмүрүм Базар-Коргондогу үй менен Бишкектеги колониянын ортосундагы сапарлардан турду.
Мен Азимжандын тирүү экенин билчүмүн, ал бийликтин кара таштай кайдыгерлигинен абдан катуу жабыркады. Мамлекет башчылары жана алардын айланасындагылар алмашып жатты, а менин күйөөм дагы эле темир тор артында адамдык кадыр-баркы кемсинткен шарттарда боло берди.
…Азимжанга дайыма санаа тарткан жана жардам кылууга умтулган кыйноолордун жүздөгөн башка курмандыктарындай эле азырынча күчү жетишип турган. Ал эч качан кайдыгер болгон эмес.
Бүгүн мен кыйноолор жана адилетсиз соттор аркылуу өткөн адамдарга карата акыйкаттуулукка жетишүү канчалык маанилүү экендигин эске салгым келет.
26-июнь күнү эл аралык коомчулук кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүн белгилейт. Ал жабыр тарткан кыйноолорго жана катаал мамилелерге биз да, алардын жакындары жана туугандары дагы учурадык. Мен канчалаган түндөр бою уктабай, ага сарсанаа болдум, оорудум жана жабыркадым. Кыйноолор бул – абсолюттуу жамандык. Бул жамандыкты түп тамырынан жок кылуу үчүн иштөө керек.
Адам канчалаган азаптарга чыдай алат? Адам өмүр бою канчалаган ооруну баштан кечире алат?
Менин жүрөгүм ооруйт, кээде бир жутум таза аба жетпегендей жана күч-кубатым түгөнгөндөй туюлат. Бирок, мен Азимжан жөнүндө ойлоп, тынчтанганга, ойлорумду иретке келтирип, аракет кылганга далалат жасайм.
Акыйкаттык үчүн күрөш жеңил болбойт. Дайыма жаныңда сени колдой турган жана жакшы сөзү, кеңеши менен жардам бере турган, жапакеч адамдар бар. Жогору акыйкаттыкка ишенүүнүн күчү ушунда. Мен жөн гана жашайм, ишенем. Жана сиздерге кайрылам, акыйкатсыздыкка кайдыгер болбогула. Аракеттерде дайыма чечкиндүү, идеалдарыңарга бекем, рухуңар күчтүү болсун!
Баарыбыз дүйнөдөгү кыйноолорго, акыйкатсыздыкка, жоопкерсиздикке каршы бирдиктебиз!
Хадича Аскарова